Пактүрк эл аралык мектептери менен коллеждеринин жүздөн ашуун кызматкерлери, бала-чакасын кошкондо 450дөй адам 20-ноябрга чейин Пакистандан чыгып кетиши керек.
Алардын визаларын узартуу өтүнүчү кабыл алынбагандан кийин Пакистан Ички иштер министрлиги ушундай буйрук берди. Бирок виза мөөнөтү эмне себептен узартылбаганына бийлик түшүндүрмө берген эмес. Бейрасмий маалыматтарда чечим окуу жайлары Түркияда террорист деп табылган Гүленге байланыштуу кабыл алынганы айтылууда:
- Көпчүлүк адамдар Эрдоган Пакистан өкмөтүнөн мектептерди жабууну жана түрк мугалимдеринин визасын узартпоону өтүнгөн деп ойлоп атышат. Анткени бул мектептер Фетхуллах Гүлен тарабынан каржыланат жана жардам алат деп эсептешет. Бирок, Пактүрктүн өкүлдөрү Гүлен менен эч байланышы жок экенин билдиришүүдө.
Алар Пакистандын расмийлери Эрдогандын басымынан улам бул чечимге барды деп ойлошот. Мектептин жетекчилиги өкмөт чечимине каршы сотко кайрылышканы да кабарланып жатат. Андай болсо визаларды узартуу же узартпоо маселесин сот чечет, – дейт “Азаттыктын” Пакистан кызматынын журналисти Башир Ахмад.
Бишкек түрк саммитин кийинкиге жылдырды
Бишкек түрк саммитин кийинкиге жылдырды
Кыргызстан түрк тилдүү мамлекеттердин кызматташтык уюмунун Бишкектеги саммитин өткөрүүнү кийинкиге жылдырды. Анын себептерин расмий Бишкек так түшүндүрө элек.
Жергиликтүү Dawn гезити мугалимдердин депортация чечимине каршы арыздарын Жогорку Сот 17-ноябрда карай турганын жазды. Басылмада мугалимдердин кайрылуусу да жарыяланды:
“Пактүрк эл аралык мектептери жана коллеждери өкмөттүн мугалимдерди жана алардын бүлөлөрүн үч күн ичинде өлкөдөн чыгып кетсин деген чукул чечимине өтө нааразы" деп айтылат кайрылууда.
Түрк мугалимдери жабылып калчу окуу жайларда буга чейин билим алган жаштар кайда барарын ойлоп тынчсызданууда.
Пактүрк мектептери Пакистанда 1995-жылдан тарта иштей баштаган. Анын 28 кампусунда жалпы 10 миңден ашуун жаштар билим алат.
Өкмөттүн чукул кадамы 16-ноябрда, Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын Пакистан сапарын утурлай жарыяланууда.
Эки күндүк сапарында Эрдоган өлкөдөгү жогорку даражадагы аткаминерлер менен жолугуп, парламенттин кош жыйынында сөз сүйлөйт. Ал Анкарадан аттанып жатып Пакистандын гүленчилерге каршы аракетине аябай ыраазы экенин жашырган жок:
- Түркия сыяктуу Пакистан да террористтер менен айныксыз күрөш жүргүзүүдө. Түркия Пакистандын аракетин баштан аяк колдойт.
Анкара буга чейин Гүленге тийиштүү делген диний жана билим мекемелерин жабууну Исламабаддан өтүнүп келген. Августта түрк тышкы иштер министри Мевлют Чавушоглу келгенде Пакистан бийлиги Пактүрктүн ишмердигин иликтөөгө убада берген.
Түркия мындай өтүнүч менен кыргыз бийлигине да кайрылган. Кыргызстан маселе ички иши экенин, зарылчылык болсо чара көрөрүн маалымдаган. Ал эми казак бийлиги бул маселени башкача чечти. Президент Нурсултан Назарбаев иликтеп-чара көрүүнү Эрдоганга убада кылган соң мектептердин аттары өзгөртүлгөн.
Фетхуллах Гүленге дүйнөнүн 160тай өлкөсүндө 2 миңден ашуун агартуу жайларынын байланышы бар экени айтылып келет.
Июль айындагы аскерий төңкөрүш аракетине Түркия АКШда ыктыярдуу бозгундагы диниятчы Фетхуллах Гүленди жана анын тарапташтарын айыптаган. Гүлен киненин баарын четке кагып келет.