Трамп запкы көргөндөрдүн муңун укту

Доналд Трамп диний ишеними үчүн куугунтукка кабылган ондогон адамдардын үнүн укту.

АКШ президенти Дональд Трамп 17-июлда Ак үйдө өз өлкөсүндө диний ишеними үчүн куугунтукка кабылган ондогон адамдар менен жолукту.

Жолугушууга Иранда, Ооганстанда, Пакистанда, Түркияда, Кытайда, Иракта, Бирмада жана башка он мамлекетте диний ишеними үчүн кордук көргөндөр келди. Алар өзүнүн жана жакындарынын оор тагдыры туурасында айтып беришкен.

«‎Биз менен жолугушууга ар кайсы өлкөнүн диний салттарын кармангандар отурат. Бирок сиздердин бир окшоштугуңуздар бар: ар бириңиздер ишеним үчүн запкы тарткансыздар. Сиздер куугунтукка, түрмөгө камоого жана кыйноого кабылгансыздар. Мен көбүңөрдү билем жана кээ бириңиздерге оор кырдаалдан чыгууга жардам бергем. Мен сиздер менен сыймыктанам. Биздин өлкө, сиздердин үй-бүлөңүздөр жана өлкөңүздөр да сиздер менен сыймыктанат», - деди жолугушууда АКШ президенти Дональд Трамп.

2017-жылы Мьянмадагы жүз миңдеген рохинжа мусулмандары кошуна Бангладешке жер которууга аргасыз болуп, кыргынга учураган.

Вашингтон бул үчүн Мьянманын армия жетекчилери жоопкер деп эсептейт. Мындан улам АКШ 16-июлда Мьянма армиясынын кол башчысына жана башка жетекчилерине санкция киргизген. АКШ президенти менен болгон жолугушууга Мьянмадан келген рохинжалар да катышты.

Дагы караңыз Кытайдын мусулмандарды аңдыган тиркемеси

Ал эми Кытайдан келген уйгур кыз Илхам жолугушууда атасы Шинжаң аймагындагы «‎кайра тарбиялоочу лагерде» жазасын өтөп жатканын айтып берди.

«Биздин үч миллионго жакын жашоочуларыбыз Кытайдын кайра тарбиялоочу лагерлеринде кармалууда. Менин да атам өмүр бою соттолуп, ал жерде жазасын өтөп жатат. Беш жылдан бери абакта отурат, дагы канча убакыт кармаларын билбейбиз. 2017-жылдан бери ал тууралуу кабар жок. Кимде-ким үй-бүлө мүчөлөрү тууралуу сурап кайрылса, ал дагы үйүнө кайтпай калат», - деп айтып берди Илхам.

Былтыр Бириккен Улуттар Уюму Шинжаңдагы «‎антиэкстремисттик борборлорго» миллионго чукул киши, дагы миллиондой адам «‎саясий тарбиялоочу лагерлерге» мажбурлап камалганын жарыялаган.

Кытай өкмөтү ал жайларды «агартуучу, тарбиялоочу борборлор» деп атап, муну менен шинжаңдыктар коомго аралашууну үйрөнүп, экстремизмге жана террорчулукка каршы күрөш жүрүп жатканын билдирип келет.

Ген Шуанг.

Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин өкүлү Ген Шуан АКШ президентинин бул жолугушуусун "Вашингтон диний маселени башка өлкөлөрдүн ички ишине кийлигишүү үчүн колдонуп жатат" деп сынга алды.

«‎Мен Кытайда диний куугунтук деген нерсе жок экенин айтып коюшум керек. Кытайлыктарда дин тутуу эркиндиги бар. Кошмо Штаттар жолугушууну Кытайдын диний саясатын жамандоо үчүн уюштурду. Бул Кытайдын ички ишине кийлигишүү», - деп билдирди Ген Шуан.

Кытайдын түндүк-батышындагы Шинжаң-Уйгур автоном облусунун калкы 2010-жылы 22 миллионго жакын деп эсептелген. Алардын теңине жакыны уйгурлар. Чөлкөмдү жүз миңдеген казактар, кыргыздар жана башка мусулмандар да байырлашат.

«‎Ислам мамлекетинин» согушкерлеринин барымтасында үч ай болуп, сабалып, зордукталып, колдон-колго сатылган езид азчылыгынын өкүлү Надия Мурад да жолугушууга катышты.

Башынан өткөргөнүн, башкалар көргөн кордукту дүйнөгө айтып берген чечкиндүүлүгү үчүн Мурадга Нобелдин Тынчтык сыйлыгы берилген. Ал жолугушууда езиддердин укуктары корголбой жатканын айтты.

«‎2014-жылы “Ислам мамлекети” террордук тобу бизди басып алганда, алар менин алты бир тууганымды жана апамды өлтүргөн. Алар мени жана 11 жаштагы сиңдимди барымтага алышкан», - деди ал.

Дагы караңыз Надия - согушта кордолгон аялдардын үнү

Надия Мураддан тышкары Трамп менен жолуккандардын арасында Мьянмадан, Вьетнамдан, Түндүк Кореядан, Түркиядан, Кубадан, Эритреядан, Нигериядан жана Судандан келген христиандар, Ооганстандан, Судандан, Пакистандан, Жаңы Зеландиядан келген мусулмандар, Йемен менен Германиядан келген жөөтөр жана башкалар болду.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.