Трамп: Пхеньян дүйнөгө коркунуч жаратты

Азия мамлекеттерин кыдырып жүргөн АКШ президенти Дональд Трамп Түндүк Кореянын атомдук программасы дүйнөгө “коркунуч” жаратып жатканын айтты. Жапониянын премьер-министри Синдзо Абэ менен жолугушуудан кийин Трамп эки өлкө Пхеньяндын агрессиясына каршы биргелешип турат деп билдирди.

6-ноябрда Азия сапарынын алкагында Токиодо жапон өкмөт башчысы Синдзо Абе менен сүйлөшүүлөрдөн кийин Трамп Пхеньяндын иш-аракеттерине “стратегиялык сабырдуулук менен мамиле кылуу доору” аяктады деп кайталады.

- Түндүк Корея режими мыйзамсыз курал программасын өнүктүрүүнү, мыйзамсыз ядролук сыноолорун жана баллистикалык ракеталарын ачыктан ачык Жапония аймагынын үстүнөн учурууну улантууда. Мунун бардыгы цивилизациялык дүйнө, эл аралык тынчтык жана стабилдүүлүк үчүн кооптуу, - деп белгилеген Трамп Ким Чен Ындын “кооптуу агрессиясына” туруштук берүүдө Вашингтон менен Токио биргелешип иштешерин” айтты.

Трамп Жапония АКШдан аскерий жабдууларды сатып алып бүткөндөн кийин түндүк кореялык ракеталарды “асмандан атып түшүрөт” деди.

Синдзо Абэ “керек болсо” андайга барарын, бирок ал өңдүү аракеттер Вашингтон менен координацияланарын айтты. Токио Пхеньянга келгенде “бардык варианттар” пайдаланылышы мүмкүн деген Трамптын позициясын колдойт, бул маселеде эки тарап “100 процент” бирге турат деп билдирди^

- 7-ноябрда түндүк кореялык 35 фирма жана жеке адамдардын банк эсептерин убактылуу камоо чечими чыгат. Жапония жана АКШ Түндүк Корея маселесин тезирээк жөнгө салуу багытында тыгыз кызматташа берет.

Трамптын бул сапары Түндүк Корея менен мамилелер курчуп турган учурга туура келүүдө. Пхеньян БУУнун Коопсуздук кеңешинин санкцияларына карабай сентябрда кезектеги баллистикалык ракетасын учурган жана суутек бомбасын сынаган. Быйыл февраль-сентябрь аралыгында ракеталарын кеминде 22 ирет сыноодон өткөргөн.

АКШ президенти буга чейин Түндүк Кореянын дарегине көп сын айтып келгени менен, жардамчылары Корей жарым аралын бөлгөн демилитаризация тилкесине барбайт деп маалымдашты.

Премьер Абэ менен кездешүүгө чейин Трамп АКШ менен Жапониянын өз ара соодасы “адилетсиз, ачык эмес” деп сындаган. АКШ көп жылдардан бери Жапония менен соода таңсыктыгынан жабыркап келет, - деген президент бизнес өкүлдөрү менен жыйында.

- Өзгөчө соода чөйрөсүндө абдан чоң прогресс болууда деп ишенем. Дефицитти азайтып, адилет жана эки тарапка тең бирдей пайда алып келчү соода жүргүзсөк, ортодогу маселе жоюлат деп ойлойм.

12 күндүк Азия турнесинде дал ушул эки маселе – Пхеньяндын атомдук жана ракета программалары менен соода сүйлөшүүлөрдүн көңүл чордонунда болмокчу. Жапониядан тышкары америкалык президент Түштүк Корея, Кытай, Вьетнам жана Филиппинге барат.

Трамп бул сапар учурунда ошондой эле Орусия президенти Владимир Путин менен жолугушуусу күтүлүп жатканын билдирген.

“Биз Путинден Түндүк Корея маселесинде жардам күтөбүз”, - деген Трамп.

Эки лидер Азия-Тынч океан экономикалык кызматташтык уюмунун 10-11-ноябрда Вьетнамда өтүүчү саммитинде жолугушуусу мүмкүн.

Трамп сапарынын соңунда 13-ноябрда Филиппиндин баш калаасында Түштүк Чыгыш Азия ассоциациясынын лидерлеринин жыйынына катышмакчы.

Буга чейин америкалык президенттердин арасынан регионго мындай узун визитти 1991-жылы улуу Жорж Буш жасаган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.