Сребреницадагы кыргындын БУУдагы талашы

Бириккен улуттар уюму мындан жыйырма жыл мурда Сребреницада болгон кыргынды геноцид деп табуу боюнча резолюцияны карады. Бирок Орусия Сербияга берген убадасы боюнча резолюцияны кабыл алууга вето койду.

1995-жылы июлда Балкан согушу учурунда Босния-Герцеговинадагы Сребреница чөлкөмүндө серб күчтөрү тарабынан 8 миң босниялык мусулман өлтүрүлгөн. Ал Экинчи дүйнөлүк согуштан кийинки Европада болгон эң чоң кылмыш деп табылган. Босния жана Герцеговина 11-июлда Сребреницада болгон кыргындын жыйырма жылдыгын белгилөөгө камынууда.

Сербиянын премьер-министри Александр Вучич 7-июлда Белграддагы маалымат жыйынында 11-июлда Сребреницадагы кандуу булоондун 20 жылдыгына арналган эскерүү иш-чарасына катышарын билдирди.

Ал бул чечимге БУУнун Коопсуздук кеңешине мүчө мамлекеттер - Орусия менен Кытай резолюцияга вето коюу боюнча убада бергенден кийин келген. 1995-жылы июлда 8 миң мусулман эркекти, анын ичинде өспүрүмдөрдү кырган окуяны эске салып Александр Вучич:

- Мен эскерүүгө сыймыктануу менен барам, анткени Сербия кайсы бир адамдар бул кылмышты жасаганын мойнуна алат... Биз муну өз жыргалчылыгыбыз үчүн жасашыбыз керек. Ал адамдардын аттарын билебиз. Биз бул коркунучтуу кылмыштардын баарын айыптайбыз жана алардын ар бирин кылмыш жообуна тартабыз. Бул биз жарашууга даяр экенибизди жана башка элдин курмандыгы үчүн башыбызды ийип урмат кыла аларыбызды көрсөтө турган мүмкүнчүлүк.

Ошол эле кезде Александр Вучич «бул жерде жалпы эл күнөөлүү эмес» деди.

Сребреницада 1995-жылы серб күчтөрү тарабынан 8 миң босниялык мусулман өлтүрүлгөн. Окуянын жыйырма жылдыгына арналган жүрүш. Босния жана Герцеговина. 8-июль, 2015

Ал аталган маалымат жыйынында Орусия менен Кытайга БУУнун Коопсуздук кеңешинде резоюцияга вето коюусу үчүн ыраазычылык билдирди жана ал үчүн бул мамлекеттер эч нерсе талап кылышпаганын кошумчалады.

Буга чейин БУУнун Коопсуздук кеңешиндеги башка мүчөлөр Орусия кыргынды геноцид деп атоого каршы болуп, вето койорун эскерткенин айтышкан болчу. Анткени Орусия талаш жараткан геноцид сөзү Сербияны жана босниялык сербдерди "кемсинтет" деп эсептейт.

Геноцид сөзү буга чейин эл аралык трибуналдарда жана БУУнун жогорку кызмат адамдары тарабынан массалык кыргынды түшүндүрүү үчүн колдонулуп эле келген.

Буга чейин Британия, Орусия, АКШ текст боюнча бирдиктүү пикирге келүүсү үчүн БУУнун коопсуздук кеңешинде бул резолюцияга добуш берүү 8-июлга калтырылган.

Резолюциядагы карама-каршылыктын башаты балкан согушу учурунда Орусия Сербияны жана этникалык сербдерди, батыш мамлекеттери болсо босниялык мусулмандарды жана Хорватияны колдогонунда жатат.

Коопсуздук кеңешиндеги дипломаттардын айтышынча, буга чейин АКШнын БУУдагы элчиси, Босниядагы согуш учурунда журналист болуп иштеген Саманта Пауэр жана Орусиянын БУУдагы элчиси Виталий Чуркин британиялык кесиптеши менен резолюциянын текстин талкуулоо үчүн жолугушту.

Британиянын БУУдагы элчиси Мэтью Рыкрофт Орусиянын резолюция Сербияга каршы багытталган деген мүнөздөмөсүнө каршы:

- Геноцид терминин колдонуу бул саясий билдирүү эмес, юридикалык факт. Сребреницада болгон окуялар Экинчи дүйнөлүк согуштан бери Европада болгон эң чоң кылмыш.

Сребреница боюнча талаш жүрүп жаткан чакта Александр Вучичтин 11-июлда Боснияга ал окуяларды эскерүүгө барышы маанилүү окуя.

Сербиянын мурдагы президенти Борис Тадич 2010-жылы Сребреницадагы кыргынды эскерүүгө барган. Бирок мурдагы улутчул Александр Вучич көптөгөн адамдардын канына забын болгон Улуу Сербия идеологиясына жакын эсептелген адам.

Сербия 2010-жылы Батыш менен жакындашуу максатында Сребреницадагы окуяны оор кылмыш деп атаган жана кыргынды айыптаган. Бирок аны геноцид деп атоого барган эмес.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун 1-июлда Башкы ассамблеянын жыйынында сүйлөп жатып, Сребреницада 1995-жылы серб күчтөрү тарабынан 8 миң босниялык мусулмандын өлтүрүлүшүн геноцид деп атаган эле.

Бул массалык кыргын үчүн жоопкерчилик буга чейин босниялык сербдердин аскерлерине жүктөлгөн жана БУУнун Гаагадагы эл аралык соту аны геноцид деп тааныган.