Олимпиада: Орусиянын сүйүнүчү менен күйүнүчү

Орусиялык бобслейчи Надежда Сергеева

Сүйүнүчтүүсү көптөн күткөн биринчи алтынды утушту. Хоккейчилери финалга чыгып, алтынга ана-мына жеткени турат. Бирок дагы бир спортчусу допинг колдонууга шектелип, оюндардын жабылыш аземинде өз желеги менен чыгышы кыйын болуп турат.

Каннындагы орусиялык күйөрмандардын үйү бүгүн шаңдуу. Муз үстүндөгү көркөм бийден 15 жаштагы Алина Загитова көптөр күткөн алгачкы алтынды утуп, өлкөсүн алдыга сүйрөдү.

Мекендеши Евгения Медведева андан калышкан жок. Мындагы упайлары бирдей болду. Бирок мурдагы программадагы упайын кошкондо Загитова алдыга чыкты.

Алина Загитова

- Алтын медалды акыры алганыбызга кубанычтабыз. Көп лидерлерибиз, алдыга суурула тургандар бул жакка келбей калбадыбы. Ошон үчүн азыркы сезимдер өзгөчө, - деди күйөрмандардын бири Андрей.

Орусиянын хоккей командасы жарым финалда чехтерди 3:0 эсебинде утуп, кеминде күмүш медалды камсыз кылды. Эми алар Олимпиаданын акыркы күнү алтын үчүн ойнойт. Көпчүлүк орусиялыктар үчүн ал күнкү алтын бир тең, жабылыш аземде өз желегин көрүү бир тең болуп турат.

- Аябай сүйүнүп турам. Анткени баарыбыз ушуну күткөнбүз. Тиги окуялардан улам биздин желекти көтөрүп чыгууга тыюу салышпадыбы. Бирок алтын утуп жатканыбыздан кийин Олимпиаданын жабылышында кантсе да спортчуларыбызга Орусиянын желегин көтөрүп чыгууга уруксат беришер. Аны өтө күтүп атабыз, - деди Каннындагы ыктыярчы Лена Чепина.

Бирок 24үндөгү жыйынында Эл аралык Олимпиада комитетинин ага уруксат бериши оорлоп баратат.

Орус хоккейчилери

Бүгүн дагы бир орусиялык бобслейчи Надежда Сергееванын канынан тыюу салынган препарат табылганы кабарланууда. Ал жүрөк ооруга каршы дарынын курамында болгон делет. Бул тууралуу Орусиянын Боблей федерациясынын президенти Александр Зубков билдирди. Ал мурдагы күнү өнөктөшү экөө 12-орунду ээлеген. Спортчу өзү допинг колдонбогонун айтууда. Буга чейин керлингчи Александр Крушельницкийдин канынан мельдоний табылып, сот чечими менен 22-февралда коло медалын кайтарган.

Ушул эле күнү ал жубайы жана керлингдеги өнөктөшү Анастасия Брызгалова экөө Санкт-Петербургга, үйүнө келишти. Крушельницкий журналисттердин бир дагы суроосуна жооп берген жок. 28-февралда маалымат жыйын өткөрүп, бардык суроолорго ошондо жооп берерин билдирди.

Ал да кызытма колдонбогонун, балким тамагына же суусуна бирөөлөр салып коюшу мүмкүндүгүн айтып келет.

Мурдагы кызытма чуусунан улам бүтүндөй Орусия курамасы бул кышкы Олимпиададан четтетилип, допинг тесттен өткөн 169 гана спортчу нейтралдуу желек алдында чыкпады беле.

Өз үйүндө, Сочиде Орусия 11 алтын утуп, биринчи болгон. Азыр бир алтыны 15-тизмеде турат. Пхенчхаңда алдыдагы үч орунда Норвегия, Германия, Канада келатат. Оюндар эки күндөн кийин жыйынтыкталат.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.