WADA орус спортчулардын анализин алып кетти

Иллюстрациялык сүрөт.

18-январда Допингге каршы эл аралык агенттик – WADA Москвадагы лабораторияда сакталган маалыматтарды алып чыгып бүттү.

WADAнын эксперттери Москвадагы лабораторияда сакталып келген орусиялык спортчуларга тиешелүү электрондук маалыматтарды чогултууну аяктады.

Орусиянын допингге каршы улуттук агенттиги – РУСАДАнын аккредитациясын калыбына келтирүү үчүн бул акыркы шарт эле.

Крейг Рииди.

- Таза спорт үчүн чоң кадам ташталды. Биз конкреттүү прогресс үчүн аракеттерибизди улантып жатабыз. Мунун бардыгына Аткаруу комитети 20-сентябрда тиешелүү токтом кабыл албаса жетишпейт элек, - деп билдирди Эл аралык агенттиктин төрагасы Крейг Рииди.

Өткөн күздө WADA Москвадагы лабораторияда топтолгон кызытма боюнча маалыматтарды алууга жол берилсе, орусиялык агенттиктин укуктары шарттуу түрдө калыбына келет деген чечим кабыл алган.

Дал ошол лаборатория 2014-жылы Сочиде өткөн Олимпиадага байланыштуу жаңжалдын чордонунда болуп келген. Атап айтканда, ал жерде сакталган анализдердин үлгүлөрү бурмаланган же алмаштырылган, айрымдары жок кылынган деген шектенүүлөр пайда болуп, лаборатория иликтөө башталгандан кийин убактылуу жабылган.

WADA керектүү маалыматтарды алуу мөөнөтүн былтыркы 31-декабрь деп белгилегени менен эксперттер эки жумадан кийин гана мүмкүнчүлүккө ээ болушту.

Анализдердин үлгүлөрү, башка материалдар мыйзам бузган атлеттерге каршы иш козгоого же күнөөсүздөрдү актоо үчүн маанилүү болмокчу.

WADA эми ошол маалыматтарды анализдеп чыгып, орусиялык агенттик боюнча өз чечимин 22-январда чыгарууга тийиш.

Орусия бийлиги болсо анализдерди кайра текшерүүнү 30-июнга чейин бүтүрүшү керек.

РУСАДАнын аккредитациясы 2015-жылы Эл аралык агенттик жалдаган эксперт Ричард Макларен орусиялык спортчулар допинг эрежелерин бузуп келишкенин, андай аракеттерди мамлекет өзү тескегени тууралуу докладын чыгаргандан кийин алынган.

Андан кийин жарыяланган дагы бир баяндамада кызытма колдонуунун миңден ашуун учуру ачыкка чыканы айтылган. Өзгөчө Сочи Олимпиадасында андай мыйзам бузуулар көп катталган.

Расмий Москва допинг ишине бийликтеги эң жогорку адамдар аралашкан деген айыптоолорду четке кагууда. Бирок допинг колдонгон учурлар болгонун моюнга алган. WADA менен кызматташууга, маалыматтарды тапшырууга даярдыгын билдирген.

Дмитрий Песков.

- Маалыматтарды тапшырууга эбак эле даяр болчу. Айрым бир процедуралык пикир келишпестиктер пайда болгон. Мисалы, ал материалдар кайсы жабдуулар менен, кандай жол менен ташылат деген маселе чыккан. Бул көбүрөөк логистикалык маселелер болчу, - деген Кремлдин маалымат катчысы Дмитрий Песков WADAнын делегациясы 9-январда Орусияга барганда.

Допинг жаңжалдарынан улам Орусия былтыр Пхёнчхаңдагы Кышкы Олимпиададан мамлекет катары четтетилип, жүздөн ашуун спортчусу бейтарап туунун алдында катышкан.

2017-жылдын 3-августунда WADA Орусиянын допингге каршы агенттигинин ишин жандантуу үчүн жол картасын жарыялаган. Документ эки тараптын катышуусунда иштелип чыккан.

WADAнын айыптоосунан кийин орусиялык Спорт министрлигинин бир катар жооптуу өкүлдөрү кызматтан алынган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.​