Өткөн жылдын ноябрь айынан бузулуп, курч кайым айтышуудан улам көпкө оңолбостой сезилген орус-түрк мамилеси кайра жанданчудай болууда.
Буга акыркы жумада эки өлкө жетекчилери "дос элек, жарашсак жакшы болмок" деген маанайдагы билдирүүлөрдү таратышы далил. Түрк вице-премьер-министри Нуман Куртулмуш 30-майда мамиле жакын арада калыбына келерин кыйытты. Ушундай ойду андан мурдараак орус президенти Владимир Путин да билдирип, бир шарт койгон:
- Биз ондогон жылдар ичинде түрк-орус мамилесин болуп көрбөгөндөй деңгээлге жеткирүүгө колдон келгендин баарын жасадык. Орус-түрк элинин достук алакасы чынында абдан жогорулаган эле. Аны абдан баалачубуз. Бул эмне үчүн жасалды? Азыркыга чейин акылыма сыйбайт. Биз алар тараптан кандайдыр бир конкреттүү кадамдарды күтүп атабыз. Азырынча андай кадам боло элек.
Путиндин конкреттүү кадам дегени түрк тараптын кечирим суроосун күткөнү. Ал тургай орус Тышкы иштер министри Сергей Лавров жоготуу орду да толтурулушу керектигин эскертүүдө. Мамилени оңдоого ниеттенгени менен Түркия президенти Режеп Тайип Эрдогандын билдирүүлөрү айыбын моюнуна алган кишиникине окшобойт:
- Бизден кандай алгачкы кадамдарды күтүп жатышат? Мени ушул таң калтырат. Ушул нерсени түшүнүү оор болууда. Же биз, Түркия соттогу айыптуунун үстөлүндө отурабызбы? Ошол эле кезде, биз Орусия менен мамилени бузууну каалабай турганыбыз шексиз.
Эрдоган мурдагыдай эле Түркия туура кылганын жүйө келтирет. Ал бир учкучту бетке кармап, эки өлкө ортосундагы мамилени бузуу ойлонтчу маселе дегенинен жазган жок.
Орустардын Су-24 аскер учагын Түркия аба мейкиндигин бузду, эскертүүбүздү укпады деп, өткөн жылдын ноябрында атып түшүргөн. Орусия буга нааразылык билдирип, эки өлкө мамилеси кескин сууган.
Элчилерин чакыртып алган деңгээлге жетпесе да, Орусия бир катар экономикалык санкцияларды киргизип, Түркиядан ташылган товарларды чектеген. Орус туристтери бийликтин аракетинен да, Түркиядагы жардыруу, тирешүүлөрдөн улам да кескин кыскарган. Маданий байланыштары начарлаган.
Түркиялык саясат талдоочу Хакан Гүнеш мамилени калыбына келтирүү экономикалык же башка түрткүгө эмес, Эрдогандын бийлиги тышкы саясатын бүлүндүрүп алып, эми аны оңдоо аракетине байланган дейт:
- Түрк өкмөтү, башкача айтканда, Эрдоган Түркия-Сирия, Түркия-Ирак, Түркия-Орусия, Түркия-Израил мамилесин эле бузбастан, АКШ менен да ымаласын суутуп алды. Эми аны кайра оңдоого далалат кылууда. Бул албетте жакшы. Бирок өтө оор. Көп убакыт керек. Бул орус-түрк мамилесинин эле эмес, түрк тышкы саясатынын жаңыланышы.
Ошол эле учурда Орусия да тышкы саясатта батыш менен мамилесин калыбына келтире элек. Евробиримдик июнда санкцияларды дагы узартууну көздөөдө. Орусия Крымды Украинага кайтарып, Чыгыш Украинадагы жикчилдерди колдогонун токтотмойун санкциялар алынбасы Жапонияда өткөн "Чоң жетинин" саммитинде эскертилди.
Мындай шартта орус-түрк мамилесинин начарлашы, дегеле, тышкы саясаттагы катуулук өлкөгө пайда алып келбесин саясат талдоочулар, акыркы убакта орус аткаминерлери айта баштады.
Жакынкы жыйындардын биринде Орусиянын стратегиялык иликтөөлөр борборунун башчысы Алексей Кудрин президент Путинге геосаясий чыңалууну жандырууну сунуштаганын “Ведомости” басылмасы жазып чыкты.
Сунушту Кудрин өлкөдөгү технологиялык жаңылануулар үчүн чет элдик инвестициялар зарылдыгы менен негиздеген. Болбосо, Орусия технологиялык жактан артта каларын Кудрин эскерткен.