Орусияда "Telegram" жабыла баштады

Иллюстрациялык сүрөт.

Тиешелүү буйрукту Москва шаарынын райондук соту 13-апрелде берген. Популярдуу мессенжердин жетекчилиги буга чейин Федералдык коопсуздук кызматына (ФСБ) кат алышуунун ачкычтарын берүүдөн баш тарткан.

Байланыш, массалык телекоммуникациялар тармагын тескеген Роскомнадзор 16-апрелдеги билдирүүсүндө интернет провайдерлерге "Telegramга" кирүүнү чектөө зарылдыгын эскертти.

Мекеменин башчысы Александр Жаров "Apple" жана "Google" компанияларына да "Telegramдын" тиркемелерин дүкөндөрдөн алуу талабы коюларын айтты.

Мессенжердин негиздөөчүсү Павел Дуров бөгөт коюуну Конституцияга каршы кадам катары баалады. Мындан Орусиянын улуттук коопсуздугу утулаарын эскертти.

- Эми айрым орусиялык жарандардын жеке маалыматтары "WhatsApp" жана "Facebook" өңдүү платформаларга өтүп, аларды АКШ көзөмөлдөшү мүмкүн, - деп эсептейт Дуров.

"Telegram" "кара тизмеге" 13-апрелде Москванын Таганск райондук соту аны жабуу тууралуу чечим чыгаргандан көп узабай киргизилген.

Павел Дуров.

- Коомчулук буга даяр эле болчу. Чечим жума күнү чыгарын да алдын ала билгенбиз. Маалымат каражаттары, пресса көп жазган. Адамдар моралдык, техникалык жактан даяр болчу. Бөгөттү буйтап өтүүгө жардам берген системаны таап, кантип көчүрүү керектигин билишет, - деди "Telegram" тиркемесин колдонуучуларынын бири Алексей Никушин.

Жаров бөгөттү кыйгап өтүүгө жардам берген каражаттарга каршы өлкө мыйзамына ылайык чара көрүлөрүн эскертти. Ошол эле маалда колдонуучулар көзөмөлгө алынбасын, чаралар байланыш операторлоруна гана тиешелүү болорун белгиледи.

12-апрелде "Amnesty International" эл аралык укук коргоо уюму "Telegramга" бөгөт коюуну Интернетте "өз оюн эркин билдирүүгө каршы орус бийлигинин кезектеги чабуулу" деп сыпаттады.

"Telegram" менен ФСБнин тиреши бир нече айга созулду. Коопсуздук кызматынын кат алышуулардын ачкычын берүү талабын мессенжердин жетекчилиги моюн толгоп аткарбай келген.

Дуров былтыр сентябрда атайын кызматтар "Telegram" терроризмге каршы мыйзамды бузуп жатканын биринчи ирет эскерткенин айткан. Карама-каршылыктуу мыйзам боюнча компаниялар кат алышуунун ачкычын берип турууга милдеттүү.

"Human Rights Watch" 2016-жылы кабыл алынган мыйзамдагы бул жобо коопсуз түрдө жазышып, маалымат алышкан активисттер менен журналисттерди коркунучка кептерин айтып, сындаган.

Жогорку сот 20-мартта "Telegramдын" апелляциясын четке каккандан кийин Роскомнадзор 15 күн ичинде керектүү маалыматтардын бардыгын ФСБге берүүнү буйруган. Компания баш ийбей койгондон кийин мекеме аны сотко берген.

2014-жылы Орусиядан кетип жатып Дуров бийлик аны "ВKонтакте" социалдык түйүнүндөгү үлүшүн сатууга мажбурлаганын айткан.

"Telegram" 2013-жылы ага-ини Дуровдор тарабынан негизделген. Аны азыр дүйнө жүзү боюнча 200 миллиондон көп адам колдонот.

Президент Владимир Путиндин басма сөз катчысы Дмитрий Песков "орусиялыктар бийлик менен жашынмак ойнобошу керек, "Telegramды" жабуу чаралары ишке ашат" деп дүйшөмбү күнү комментарий берди.

Баса, Кремль Песковдун басма сөз жыйындарын уюштуруш үчүн дал ушул мессенжерди кеңири колдонуп келген.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.