Путин-Трамп жолугушуусунан эмне күтүлөт?

АКШ жана Орусия президенттери биринчи ирет жолукканы турат. Жолугушуу бүгүн Германиянын Гамбург шаарында "Чоң жыйырманын" саммити учурунда өтөрү күтүлүүдө. Бирок талдоочулар Москванын былтыркы президенттик шайлоого кийлигишкени боюнча АКШдан айтылган айыптоолор алака-катышты оңдоо аракетин кыйла оорлоштуруп койгонуна көңүл бурушууда.

АКШ президентинин кызматына Дональд Трамп киришкенден бери ал Владимир Путин экөө кеминде эки ирет телефондон сүйлөштү. Ал эми көзмө-көз сүйлөшүү башында бери дегенде Орусия тарап үмүттөнгөндөгүдөн кеч, 6,5 айдан кийин гана өткөнү турат.

Сирия, Украина, Түндүк Корея маселелери, Орусия АКШ шайлоосуна кийлигишти деген ырастоолор, Орусиянын Европаны бөлүү аракеттери, санкциялар жана контрсанкциялар, хакерлик жана киберчабуулдар - Вашингтон менен Москва ортосунда турган маселелердин узун тизмеси.

Бирок АКШ президентинин Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчиси Герберт МакМастердин 29-июнда билдиргенине караганда, Трамп-Путин кездешүүсүнүн “конкреттүү күн тартиби жок, президент эмнени айткысы келсе ошол маселелерди сүйлөшөт”.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо ошол эле күнү "күн тартибинде диалогдун нормалдашуусуна жетишүү турат” деп белгиледи.

Дал келишпеген көз караштар

Анткен менен АКШ-Орусия алакасы расмийлер да моюнга алгандай, азыр эң төмөнкү деңгээлге түшкөнүн эске салган америкалык талдоочулар Трамп-Путин кездешүүсүнөн олуттуу бурулушту күтпөй турушат.

Вашингтондогу Жоржтаун университетинде Евразияны, Орусияны, Чыгыш Европаны иликтөө боюнча борборду башкарган Анжела Стент буларды айтты:

- Шайлоого кийлигишүүдөн улам Орусия менен мамиле албетте азыр Обама администрациясынын мөөнөтү аяктаган учурдан да начар. Сирия же башка жерлер болобу Орусия чындап эле Кошмо Штаттардын кызыкчылыгына зыян келтире алса, кандайдыр бир жыйынтык чыкчу диалогду кантип кайра кура аласыз? Көз караштарыбыз өтө көп маселелер боюнча келишпей жаткан учурда сиз муну кантип жасай аласыз?

Бурулуш күтүлбөйт

Трамп-Путин кездешүүсү АКШда Орусиянын былтыркы президенттик шайлоого кийлигишүүсү, Трамптын ал кездеги шайлоо штабындагы адамдардын Москва менен ыктымал байланыштары боюнча иликтөө дале уланып жаткан шартта өтүүдө.

Кремл АКШ шайлоосуна кийлигишкени тууралуу ырастоолорду четке какса, АКШ чалгын мекемелеринин жамааты Орусия шайлоого хакерлик жол менен президент Путиндин өзүнүн көрсөтмөсүнө ылайык кийлигишкен деген бүтүм чыгарышкан эле.

Владимир Путин

Америкалык талдоочулар мына ушул фактор да Трамптын Орусия менен алака-катышты оңдоо ниетин оорлотконуна көңүл бурушат. Америка Тышкы байланыштар кеңеши аттуу уюмдун Орусия боюнча талдоочусу Стивен Бланк:

- Чынын айтканда мен көп нерсе болот деп күтпөйм. Менимче, Трамптын Орусия боюнча саясатында маневр жасагыдай мүмкүнчүлүктөр аз эле. Бул жаңжалдардан, анын өзүнүн стратегиялык ыраатсыздыгынан улам болду. Мен ал Путинге АКШ шайлоосуна кийлигишкени үчүн олуттуу кун төлөөгө туура келерин, АКШ менен диалогду кааласа аткарылышы керек болгон маселелер бардыгын айтат деп үмүттөнөм. Орусиялыктар болсо Трампты мажбурлагыдай турумда эмес, алар муну түшүнүшөт. Бирок алар Трамп стратегиялык диалогду демилгелешин абдан каалап турушат. Бул алардын пикиринде буга чейинки иштерди легитимдештирүүсү керек. Бирок бул турмушка ашпайт. Себеби Трамп андайды каалаган күндө деле Вашингтондон чоң оппозиция, администрациядан да, Конгресстен да болот.

Сирия, Украина

Орусия менен АКШ кызматташа алуучу маселе балким Сирия болчудай. мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон Трамп-Путин жолугушуусун утурлай Вашингтон Москва менен Сирия боюнча иштешүүгө даяр деп билдирди:

- Биз бул мамилебизди чыңдоо үчүн кайрылышыбыз зарыл маанилүү чөйрөлөрдүн башталышы болот деп үмүттөнөбүз. Бирок биз башталышында элебиз. Мен дал ушул тушта Орусиянын бул кызматташтыкта көздөгөнү эмне экенин так айтуу татаал дейт элем. Менимче, Трамп менен Путин алар биздин алака-катыштын мүнөзүн кандай көрүшөрү боюнча жакшы пикир алыша турган жолугушуунун маанилүү бөлүгү болот.

Рекс Тиллерсон

Рекс Тиллерсон Трамп-Путин кездешүүсүнөн кийин Украинага барганы жатат. Бирок америкалык талдоочулар бул маселеде деле олуттуу бурулуш күткөн жок. Жоржтаун университетинин Орусия боюнча иликтөөчүсү Анжела Стент:

- Украина боюнча кандайдыр бир макулдашуу чыгарына мен чоң күмөн саноо менен карайм. Алар муну талкуулашы гана мүмкүн. Ал эми Америка аудиториясы үчүн маселе ал Орусиянын 2016-жылкы шайлоого кийлигишкенин көтөрөр-көтөрбөшү.

Бул маселе боюнча АКШдагы жаңжалдар Вашингтон-Москва карым-катышын иш жүзүндө тоңдуруп койду дегенге орусиялык талдоочулар да кошулат.

Саясат тануучулардын Валдай клубунун директору Дмитрий Сусловдун “Россия в глобальной политике” журналында жазганына караганда, “мамилени оңдоо жаатында кандай кадам же чектелген кызматташтык болбосун Трамптын администрациясына карата айыптоолордун жаңы толкунун жаратат жана ансыз деле аялуу кырдаалды курчутат”.

“Орусия АКШга карата эч кадам жасай албайт, себеби конструктивдүү демилгелер, конфронтациялык аракеттер да зыяндуу болот”,- дейт орусиялык талдоочу.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.