Путин: Орусияны атаандаш катары көрүшөт

Өткөн айда кызматтагы жаңы мөөнөткө расмий киришкен президент Владимир Путин бейшембиде 16-ирет түз эфирде орусиялыктардын суроосуна беш саат бою жооп берди. Президент менен түз байланыш маалында экономика, ички жана тышкы саясат, социалдык маселелер, күнүмдүк турмушка байланышкан суроолор берилди.

Сынчылар бул жолку иш-чара алдын ала даярдалып, суроолор электен өткөрүлүп берилгенин белгилешет. Бардыгы болуп Путинге өлкөнүн булуң-бурчунан жана сырттагы орусиялыктардан 2 миллиондой суроо түштү.

Берүүнүн башында эле президент өлкө экономикасы “туура багытта баратканын”, бирок эки жылдык рецессиянын кесепеттери дагы эле кала бергенин белгиледи.

- Экономиканын стабилдешип жана өскөнүн ар бир адам сезбесе да, объективдүү статистика ошону көргөзүп жатат. Бул – реалдуулук, фактыларга таянган чындык.

Ошондой эле өкмөткө чоң өзгөртүү киргизбөө чечимин жактап, министрлерди алмаштыруу убакытты коротууга алып келмек деди. Путин азыркы өкмөттүн курамын “оптималдуу” деп атады. Айрым сынчылар Дмитрий Медведевдин кабинетинин экономикалык реформаларды жүргүзө аларынан күмөн санайт.

Эл аралык маселелерге байланышкан суроолорго жооп бери жатып Путин Кошмо Штаттар жана башка Батыш мамлекеттери санкция киргизүү менен иш жүзүндө Орусиянын кубатынын өсүшүнөн чочулашат деп буга чейинки ойлорун кайталады.

- Орусияны улам-улам айыптоо чектөө, жазалоо чараларын киргизүүгө пайдубал түзүп берет десем болот. Ошол чаралар Орусиянын өнүгүүсүн чектеп коет деп ойлошот. Эмне үчүн ушундай кадамдарга барышат? Себеби Орусияны коркунуч, атаандаш катары көрүшөт, өнүгүп баратканынан чочулашат. Бул абдан жаңылыш саясат деп айтаар элем.

Москва кошуна Украинанын ички иштерине кийлигишүү, Сирия согушундагы ролу, орусиялык экс-тыңчынын Британияда ууландырылышына байланыштуу Батыштын сынына кабылып келет.

Экономикалык санкциялар болсо 2014-жылы Орусия кошуна Украинанын Крым жарым аралын аннексиялап, Донбасстагы жикчилдерге колдоо көргөзө баштаганда киргизилген. Орусия бардык дооматтарды четке кагып келет.

Путин "экс-тыңчы Сергей Скрипалды ууландыруунун артында Орусия турат деген сөздөр чындыкка коошпойт, Москва ал ишти тергөөгө көбүрөөк катышууну каалайт”, - деди.

Бул суроо-жооп сессиясы Орусияда өтчү футбол боюнча Дүйнө чемпионатына бир жума калган учурда өттү. "Улуттук команда ийгиликтүү боло албай жатканы өкүнүчтүү" деген Путин футболчулардын жаңы муунун тарбиялоо керек, дүйнө биринчилигинен кийин жаңы курулган стадиондор базарларга айланып кетпей, балдар ойной тургандай пайдаланууга тийиш деп, жергиликтүү жетекчилерге тапшырма берди.

Орусиянын өкмөт башчысы Дмитрий Медведев менен орус президенти Владимир Путин.

Президент менен түз эфирди мамлекеттик төрт телеканал жана үч радиостанция түз чагылдырды.

Телефон, интернет жана СМС аркылуу түшкөн кайрылуу, суроолор 27-майдан тартып жөнөтүлө баштаган жана берүүнүн аягына чейин кабыл алынары айтылган.

Буга чейинкилерден айырмаланып, бул жолу студияда коноктор отурган жок. Президенттин басма сөз кызматы муну менен региондордо жашаган кишилерге өз суроолорун берип калууга көбүрөөк мүмкүнчүлүк түзүлөрүн билдирди.

Андан тышкары эл кайрылган же даттанган айрым проблемалар боюнча Путин түз эле өкмөт мүчөлөрү, жергиликтүү жетекчилерге кайрылып, маселе кантип чечилип жатканын угуп, тапшырмаларын берип жатты. Мындан улам аларга жумуш ордунда же байланышууга мүмкүнчүлүк бар жерде болуу алдын ала эскертилген.

Салтка айланган түз байланыштан сырткары Путин жылдык пресс-конференцияларды жана жылдык кайрылууларды да өткөрүп жүрөт.

Бирок байкоочулар белгилегендей, дал ушундай түз эфирлер президентке өзүн өлкөдө эмне болуп жатканын жакшы көзөмөлдөгөн, карапайым элдин турмушуна кызыккан, көйгөлөрүн чече алган улут лидери катары көргөзүүгө жакшы мүмкүнчүлүк берет дешет.

Айрым маалыматтарга караганда, чындап эле өткөн жылы бир нече кишинин даттанууларынан кийин кээ бир маселелер чечилген. Бирок сынчылар жалпы жонунан мындай түз байланыштар эл турмушун жакшыртуу эмес, президенттин имиджин көтөрүүнү гана максат кыларын белгилешет.

Март айында Путин 4-жолу дагы алты жылга президенттикке шайланган. Оппозиция өкүлдөрү добуш берүү бурмалоолор менен коштолгонун айтышса, эл аралык байкоочулар шайлоочуларга тандоо мүмкүнчүлүгү берилбегенин белгилешкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.