Орусияда белгилүү режиссер суракка алынды

"Гоголь-борбору" театрынын алдындагы маданий ишмерлер.

Москвада «Гоголь-борбору» театрындагы ОМОНдун тинтүүлөрү, театрда көркөм жетекчилик кылган Кирилл Серебренниковдун суракка алынышы Орусиянын искусство жана маданият өкүлдөрүн дүрбөлөңгө салды. Серебренниковду ондогон белгилүү актерлор, режиссерлор жана журналисттер коргоп чыкты.

23-майда Москвада таанымал орусиялык режиссер Кирилл Серебренников Тергөө комитетинде суракка алынып, укук коргоо органдары анын үйүндө жана ал жетектеген «Гоголь-борбору» театрында тинтүү жүргүзгөн. Тергөө комитети тинтүүлөр Серебренников 2011-2014-жылдары жетектеген «Седьмая студия» ишканасы "өлкө бюджетинен 200 миллион рубль уурдаган" деген кылмыш ишине байланыштуу болгонун билдирген.

Режиссёр Кирилл Серебренников

Тергөө комитетине суракка бара жаткан Кирилл Серебренников болуп жаткан окуяларды түшүнбөй турганын айткан:

- Бардыгы белгисиз. Мага кандай доо экенин азыр барып көрөбүз. Мен нес болуп турам, эч нерсеге түшүнгөн жокмун.

Күч түзүмдөрүнүн таанымал театр режиссеруна жасаган мамилесин сынга алып, Серебренниковду ондогон маданий ишмерлери коргоп чыгышты. «Гоголь-борбору» театрынын алдына чогулган маданият өкүлдөрүнүн атынан актриса Чулпан Хаматова бийликке жана коомчулукка кайрылуу жасады:

- Биз Кирилл Серебренниковдун кесиптештери жана «Гоголь-борбору» театрынын достору бүгүнкү окуяларга терең өкүнүп турабыз. Кирилл Серебренников – белгилүү орусиялык режиссерлордун бири. Анын эмгектери биздин өлкөдө гана эмес, дүйнө жүзүндө бааланган. Биз аны чынчыл, абийирдүү жана ачык адам катары билебиз. Таланттуу жетекчинин жана театрдын иши күтүүсүз тинтүүдөн улам токтотулуп жатат. Биз кесиптештерге колдоо көрсөтөбүз, тергөө адилеттүү жүрөт, театралдык труппанын жана Серебренниковдун чыгармачылык ишмердүүлүгүн чектебейт деп үмүт кылабыз. Биз кесиптештердин укук коргоо органдарынын масштабдуу тинтүүсүнө карабай спектаклдерди токтотпой, көрсөтө беребиз дегенине суктанабыз. Биз көппүз…

Режиссердун үйүндөгү тинтүүлөрдү жана өзүнүн суракка алынышын айрым маданий жана саясий ишмерлер анын чыгармачылыгына байланыштырган. Мурдатан Серебренниковдун «Отморозки» деген спектаклинин мазмуну полиция тарабынан текшерилген, ошондой эле антипутинчил Pussy Riot ырчылар тобу тууралуу фильмин коомчулукка чыгарууга тыюу салынганы белгилүү.

Былтыр да «Единая Россия» партиясынын депутаты Евгений Федоров, ЛДПР партиясынан Михали Дегтярев жана «Справедливая Россия» партиясынан Алексей Казаков Башкы прокуратурадан театрдын каржы-чарбалык ишин текшерүүнү бир нече жолу талап кылышкан.

Актриса Лия Ахеджакова азыркы кезде Серебренниковго болгон мамилени «бийликтин идеологиясына макул болбогондорго каршы күрөш» деп сүрөттөдү:

- Бул театрда иштегендерди, искусство менен алектенгендерди жана театр сүйүүчүлөрүн мазактагандык. Кирилл Семенович Серебренниковдун үйүндө тинтүү! Ал баягы коррупция менен күрөшкөн кызматкерге окшоп дааратканада же керебет астында миллиарддарды катып жатыптырбы?! Бул болбогон нерсе!

Саясатчы Дмитрий Гудков мындай камоолорго коомчулук чогуу каршы турушу керектигин белгилеп өттү:

- Сен саясатка, театрга аралашпасаң деле башка адамдар менен мындай нерселер болуп жатканда унчукпай койбошуң керек. Бийлик сын айткандарга кандай аракеттерди кылып жатканын көрүп турган ар бир жаран бул жакта болушу зарыл. Унчукпай койбошу керек.

Журналист Александр Архангельский «Азаттыктын» орус кызматына берген интервьюсунда укук органдарынын ишин демонстративдүү акция деп атады:

- Бул зомбулук эмес, бул бүдөмүк, коркунучтуу атмосфераны жаратуу. Кирилл Серебренниковго суроолору болсо, өзүн чакырып сүйлөшүү керек болчу. Анын батиринде жана «Гоголь-борбору» театрында тинтүү жүргүзүү – бул демонстративдүү акция. Менин оюм боюнча юридикалык кадамга дагы туура келбейт.

Акын Лев Рубинштейн болсо бийликтин бул аракетин маданият өкүлдөрүн тизгиндөө катары баалаган:

- Биз искусство тармагына бардык фронттор боюнча басым жасоону көрүп турабыз. Эркин, көз карандысыз искусство менен байланышта болгондор биригип, мүмкүн болушунча коргоп, бири-бирине тилектештик билдириши керек.

Театрдын алды

«Гоголь-борбору» театрынын алдында чогулган жүзгө жакын адам укук коргоо органдарынын атайын бөлүмү келгенден кийин тараган. Азыркы кезде «Седьмая студия» компаниясынын мурдагы директору Юрий Итин менен башкы бухгалтери Нина Масляева камакта. Ал эми сурактан кийин бошотулган Кирилл Серебренников «Чаадский» операсынын дүйнөлүк премьерасына даярдыкты улантуу үчүн ишке чыкканы белгилүү болду.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.