Жүз миңдегени Европа Биримдигин карай агылды. Кээ бир мамлекеттер качкындарды жайгаштырууга аракеттенсе, башкалары аны катуу көзөмөлдөө демилгесин көтөрдү. Дүйнө элдеринде качкындарга карата мамиле кандай? Amnesty International уюмунун иликтөөсүндө бийликтерге караганда, калкта качкындарды түшүнүү көбүрөөк экени байкалат.
Amnesty International уюмунун сурамжылоосу көрсөткөндөй, бийликтин эмне деп жатканына карабай, дүйнө мамлекеттериндеги адамдар качкындарды кабыл алууга көбүрөөк даяр.
19-майда жарыяланган Качкындарды кабылдоо индекси көрсөткөндөй, сурамжылоого катышкан миңдеген адамдардын 80% качкындарды туура түшүнүп, кабыл алууга даяр экенин билдирген. Сурамжылоого тартылган Европа мамлекеттери ичинен качкындарды кабыл алууну кубаттагандар Британия жана Германияда эң көп, ал эми Орусияда эң аз болуп чыккан.
Качкындарды кабыл алууга дилгирлик аларды үйүнө киргизүүгө даярдыкты билдирбейт. Ошондой болсо да кээ бир өкмөттөрдүн “качкындарды кабыл алууну жарандарыбыз каалабайт” деген билдирүүлөрү менен сурамжылоонун жыйынтыгы эки башка чыгууда.
Сурамжылоо жүргүзүүгө буюртманы Amnesty International уюмунун Лондондогу бөлүмү Европадагы өткөн жылкы мигранттар кризисине байланыштуу берген. Былтыр Европага Сирия, Ооганстан, Ирак жана башка мамлекеттерден бир миллиондон ашуун качкын келген.
Сурамжылоого 27 мамлекеттен 27 миң киши тартылган.
Качкындарды кабыл алган мамлекеттер тизмеси
Качкындарды кабыл алууга дилгирликти Кытай калкы да билдирген. Качкындар эң аз бул өлкөдө сурамжылоого катышкандардын жарымы качкындардын келишин кубаттаган. Үчүнчү орунду Британия ээлеген. Бул өлкөдөн сурамжылоого катышкан жарандардын 29% качкындарды кубаттаган.
Эң көп качкын кабыл алган Германия калкы өз пикиринен тайган эмес. Бул өлкөдө сурамжылоого катышкандардын 56% качкындарды кубаттаган.
Amnesty International уюмунун директорунун орун басары Марек Марчински сурамжылоолор көптөгөн өлкөлөрдүн өкмөттөрү чындыкты бурмалап жатышканын көрсөттү дейт. “Дал азыр саясатчылар үчүн чын оюңарда эмне бар деп калктан сурай турган мезгил келип турганын” Марчински белгилейт:
- Биз качкындарга карата терс мамиле жөнүндө көп эле угуп жатканыбызды билесиздер. Өкмөттөр аны коомчулуктун пикири катары көрсөтүп келет. Бирок сурамжылоо адамдар качкындарды кубаттаганын көрсөтүүдө. Бул таң калычтуу. Алардын бир топтору качкындарды үйүндө да кабыл алууга даярдыгын билдиришкен.
Качкындарды кубаттабагандар Орусияда көп. Бул өлкөдө сурамжылоого катышкандардын 61% качкындарга терс пикирин билдирген.
Amnesty International уюмунун Европа жана Борбор Азия боюнча жетекчисинин орун басары Денис Кривошеев сурамжылоонун Орусияда боюнча жыйынтыгы “бери дегенде айласыздан алакан жаюуну” жаратарын айтып, бирок ксенофобия жана расизм күчөгөн өлкөдө ал таң калычтуу эмес экенин кошумчалады:
- Сурамжылоонун жыйынтыгы эсти оодарарлык дебегенде да көңүл калтырарлык. Бирок өтө эле таң калычтуу эмес. Ал жерде бир нече факторлор бар: ооба, Орусияда мурунку Советтер Союзунан келген көптөгөн мигранттар жашап жүрөт. Бирок аларды Орусияга жат деп айтканга болбойт. Чатак чыккан аймактардан келген качкындарга келгенде мамиле тескери. Туура, мигранттарга тескери пикир жайылган. Бирок башка аймактардан келген качкындарга келгенде каршылык абдан эле күчтүү. Муну сурамжылоонун жыйынтыгы көрсөтүүдө.
Орусияда мигранттарды эң көп кабыл алган өлкөлөр ичинен дүйнөдө 3-орунда турат. Бул өлкөдө 11.5 млн. мигрант бар. Анын ичинде кыргызстандык эмгек мигранттарынын саны 500 миңден 1 миллионго чейин экени айтылып келет.
Орусияга Украина жаңжалына байланыштуу 1 миллиондун тегерегинде качкын барган. Алар текши орус тилдүү болгонуна карабай, аларга карата да пикирлер өзгөрүп жатканы байкалганы айтылат.
23-24-майда Стамбулда Дүйнөлүк гуманитардык саммит өтөт. Amnesty International уюмунун иликтөөсү мына ошол иш-чараны утурлай чыгарылды.
Укук коргоо уюму саммиттин катышуучуларын Бириккен Улуттар Уюмунун сунушун колдоого чакырат. Анда качкындар боюнча жоопкерчиликти тең бөлүшүү жана жардам берүүнү биргелешип жүргүзүү сунушталган. Amnesty International уюму ошондой эле келерки жылдын аягына чейин 1 млн. 200 миң качкынды кабыл алып, жайгаштырууга салым кошууга саммитти чакырат.