"Туулган жердин топурагы алтын"

20 жаштагы Магдола Алхади үч баланын энеси, Судандагы кыштакка аскерлер чабуул койгондо качып чыккан. Ал үйүнөн чыгып жатканда кыздарына тамак жасап бергенге кичинекей казанды алган, узак жолдо бул идиштин кереги көп тийген.

Самарст менен Нур Сириядагы согушта бир жашар кызынан ажыраган. Алар Болгарияга эки баласы менен кошо үй бүлөлүк портретин ала келишкен.

15 жаштагы Уваис Ооганстандын Парван провинциясында согушкерлердин чабуулу күчөгөндө качып чыккан. Азыр Варшавада жашаган жигит "Энем мага шакек, үй бүлөлүк сүрөтүбүздү берген. Менин эң баалуу буюмдарым", дейт.

Лина 2010-жылы Газадан качып, Египет, Ливия, Иордания аркылуу Румынияга келген. Жалгыз бой аял Румынияда качкын макамын алганга чейин Алия, Лана, Адам менен Ражебди Иорданияда тогуз айга чейин калтырууга мажбур болгон. Ал учурда балдарынын каттарын эң асыл буюмундай сактаган.

Сириялык качкын Мариян менен Ахмед алгач Йеменге качып чыгышкан. Мариян үйүнөн чыгып баратканда бир аз кийим-кече менен өзүнө жаккан моюнорочун ала кеткен. "Мен башымды чүмкөп жүрүшүм керек эле, моюнорочтун түсү дагы мага жагат", дейт Мариян.

Грузиялык Варвара агасы киши колдуу болгонун гезиттен окугандан кийин өз мекенин таштай качууга мажбур болгон. "Эң башкысы балдарымды алдым дагы чыгып кеттим", дейт

Мбела Конгодон 1997-жылы күйөсү саясий куугунтукка кабылганда качууга мажбур болгон. Өзү менен улуттук көйнөгүн ала кеткен. "Бул көйнөк энемдин сөздөрүн эске салат. Африкалык аял көйнөктү кантип кийгенди билүүсү керек деп мага дайым айтып турчу эле", дейт Мбела. Азыр ал Румынияда телеканалда алып баруучу.

Жан Луи 1996-жылы Конгодогу жарандык уруштун айынан өз үйүнөн качканда, үй бүлөлүк сүрөт альбомун кошо ала кеткен. "Мен кетээрим менен агам көз жумду. Сүрөттөр андан калган таберик", дейт.

Сайед талиптерден туткундан бошонгондон кийин Ооганстандан кеткен. Ал өз мекенинен Венгрияга ала келген асыл буюм - энеси берген көздүү шакек. "Шакек энемди эсиме салып турат", дейт Сайед.

Махад Самолиден качып баратканда Куранды ала кеткен. Эми Курандын күчү менен үй бүлөсүн көрөм деген ишеними терең.