Бээжин Москванын таасирин басаңдатты

Кытайдын лидери Си Цзинпин менен орус президенти Владимир Путин.

Дүйнөлүк басма созгө баяндама (4-11-июнь)

Кытайдын алгач азгырып, анан башкарган саясаты

Циндаодогу Шанхай кызматташтык уюмунун жыйыны тууралуу Батыш басма сөз каражаттары бир нече макала жарыялады.

New York Times гезити ШКУнун жыйыны Кытайдын Борбор Азиядагы таасири артканын көрсөттү деп жазат. "2001-жылы түзүлгөн бул уюмдун баштапкы максаттары чек ара маселелерин чечүү, террорчулук менен күрөшүү" эле. Бирок акыркы учурда Кытай лидери Си Цзинпиндин "Бир кемер - бир жол" долбоорунан улам ШКУнун башкы саясий багыты экономикага бурулду.

Си Цзинпин менен казак президенти Нурсултан Назарбаев

​Колумбия университетинин Харриман институтунун директору Александар Кули Орусия менен Кытай көп кырдуу дүйнөнү чогуу курууга ынтызар болсо да, таасир талаштын чылбырына ээ боло албай убара деген пикирде.

Bloomberg каналы Кытайдын "Бир кемер-бир жол" долбоорунан Орусия, Казакстан, Непал, Польша жана Мьянмадагы соода 35 пайызга чейин көтөрүлөрүн болжоду. "Азия менен Европа ортосундагы соода-сатык 28 пайызга көбөйүшү ыктымал" дейт аталган агенттик.

Washington Post гезитине Австралиянын тышкы иштер министринин мурдагы кеңешчиси, Вашингтондогу Хадсон университетинин окумуштуусу Жон Линин макаласы чыкты. Сингапурдагы Азия коопсуздук саммити талданып, Кытайдын аймактагы чакан өлкөлөрдү "коркутуп, мажбурлап башкаруусу" тууралуу АКШнын коргоо министри Жим Мэттистин кайрылуусуна токтолгон автор: "Акыркы кылымда өтө эле этият жашаган Кытай Орусия, Казакстан, Кыргызстан, Тажикстан менен чек ара маселесин чечүү, байланышты өнүктүрүү келишимдерине кол койду. Кытайдын экономикалык саясатынан улам Орусиянын Борбор Азиядагы таасири басаңдады", - деген.

Кырсыктан пайда көргөн жемкорлор

The Conversation журналына илимпоз Элиза Мейердин "Коррупция табигый кырсыктын кесепетин жойгон жерге да кирип кетти" деген темадагы макаласы чыкты.

"2017-жылы Германиянын изилдөө институту "Ирма" бороонунан жабыр тарткан аймактарды кайра курууну 10 миллиард долларга баалаган. Бирок биздин иликтөөлөр бул суммадан алда канча чоң санды көрсөтүп, кырсык кесепети жоюлбай жатканын, апаат талкалаган аймактарды жаңылоого жемкордук тоскоол болгонун аныктадык.

Маселен былтыр жайында "Ирмадан" жабыр тарткан Синт-Мартен аралына Голландия өкмөтү 641 миллион доллар бөлгөн.

Голландия бийлиги акчаны берип жатканда анын сарпталышын ачык көрсөтүүнү талап кылган. Синт-Мартендин өкмөтү талапты аткарбай, акыры эл аралык тирешүүлөрдүн айынан өкмөт башчысы кызматтан чегинген.

"Мария" бороонунан кийин. Мартиник аралы

Ал эми "Мария" бороонунан жабыр тарткан Пуэрто-Рикодо коррупциянын айынан адам өлүмү көбөйдү.

Себеби, кырсыктан кийин эл аралык уюмдар жүз миллиондогон суммалык жардам бергенине карабай, бул өлкөдө медициналык тейлөө убагында ишке ашкан жок. 4600дөн ашуун киши бороондон кийинки жугуштуу оорулардан каза тапты.

Пуэрто-Риконун энергетика тармагына эл аралык уюмдар 3,8 миллиард доллар өлчөмүндө жардам берсе да, бир жылдан бери 11 миң жаран жарыксыз жашап келет. 2010-жылы Гаитидеги жер титирөөдөн жабыркагандарга 13,5 миллиард эл аралык жардам чогулган. Бирок аны элдин 44 пайызы гана алган. Акчанын көбү кайрымдуулук, бейөкмөт уюмдары аркылуу жемкорлордун капчыгына түшкөн. БУУ 2005-жылдан бери Кариб жээгиндеги чакан өлкөлөрдө коррупцияны жок кылуу нускамаларын берип келет", - деген илимпоз Мейер.

Орусияда жолбун иттер атылып, тилемчилер тыйылды

Дүйнөлүк футбол чемпионаты улам жакындаган сайын Кремлдин советтик доор "жыттанган" иш-аракеттери күчөп жатканын Independent басылмасы жазды.

1980-жылы Олимпиада болордун астында "чет элдиктерден оору жукпасын" деген шылтоо менен Москвадагы мектеп окуучулары жайкы лагерлерге, студенттер талаа иштерине жиберилген.

Олимпиада өтүп жаткан жерден 101 чакырым аралыкка чейин сойкулар, жолбун иттер кире албай калган. Дал ушундай иш-чаралар ФИФАнын Дүйнөлүк футбол чемпионаты астында да жүрүп жатат.

Аймакта жолбун иттер массалык түрдө атылды. Жаныбарларды коргогон уюмдар буга каршы 2 миллион кишинин колу коюлган петицияны Владмир Путинге жибергени менен оң жооп алган эмес.

Айрым окуу жайлардын иши токтоп, студенттерге коомчулукка жат жүрүм-туруму үчүн эскертүүлөр берилген, айрымдарына айып пул да салынды. Екатеринбургга миңдеген аскерлер менен полиция кызматкерлери барып, көчөлөрдү тилемчилер менен жолбун иттерден "тазалашты".

"Челябинск, Казан, Санкт-Петербургда да үй-жайсыздардын, сойкулардын көчөгө чыгуусу убактылуу тыйылды" деп кабарлайт Independent.

14 жаштагы кыздын өлүмү качкындар көйгөйүн көтөрдү

Германиянын Майнц шаарындагы Сузанна аттуу 14 жаштагы кыздын киши колдуу болгону качкындар көйгөйүн кайра көтөргөнүн жазды Bild басылмасы.

Европага келе жаткан качкындар

"Жаш кызды качкын статусу берилбеген адамдын өлтүрүшү Германияда келгиндерге карата полициянын жумшак мамилесин сындоого жол ачты. 2015-жылы үй-бүлөсү менен Жакынкы Чыгыштан немис жергесине качкан Али Башар өспүрүм кызды өлтүргөнгө чейин бир топ кылмыш иштерге шектелген. 2016-жылы апрелде ал көчөдөн аялга тийишип, полициянын колуна түшкөн. Бирок күнөөсү далилденбей бошотулган.

2018-жылы февралда Висбаден шаарында каракчылыкка шектелип, суракка алынган. Качкындар лагерин байырлаган Али Башар 11 жаштагы кызды зордуктоого шектелгендердин катарында эле. Анда немис полициясы Башарга эскертүү гана берген.

29-майда Али Башар 14 жаштагы Сузаннаны зордуктап, өлтүрдү деп шектелсе да, үй-бүлөсүн алып өлкөдөн качып кетти. Бул окуя коомчулукта бийликтин качкындарга жасаган жумшак мамилесине жек көрүүнү жаратты", - деп баяндайт Bild.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.