Орусия Сирияда тынчтык орнотуу мерчемин сунуштады

Сириянын өкмөттүк аскерлери Алепподо.

Орусия Сириядагы жаатташкан тараптарды тынчтандыруу үчүн сүйлөшүүлөрдө өлкөнүн жаңы Конституциясын иштеп чыгууну сунуштайт.

Жаңы Баш мыйзамдын долбоорунун шарттарына ылайык, буга чейинки бекитилген план боюнча Сирияда мөөнөтүнөн мурун президенттик шайлоо дайындалышы мүмкүн. Бирок бул планга “Сириянын президенти Башар Асад өткөөл учурда кызматын тапшырып туруусу керек” деген талап киргизилген эмес.

Асаддын тагдыры арасат

Сирияда тынчтыкты калыбына келтирүү боюнча сүйлөшүүлөрдө жаңы Конституцияны иштеп чыгуу маселеси көтөрүлөт. Ошондой эле ага ылайык, президенттик шайлоо өткөрүүнүн шарттары талкуулана турганы белгилүү болду. Бирок аталган тынчтык сүйлөшүүлөргө катыша турган Перс булуңундагы жана Батыш Европадагы мамлекеттер “Башар Асад бул саясий жараяндарга аралашпоосу тийиш” деген талап коюшууда. Анткен менен Орусия сунуштап жаткан Сириядагы абалды жөнгө салуу планында Башар Асаддын президенттиктен качан кетери каралган эмес. Болгону анда “конституциялык комиссияны президент жетектебейт” деп гана көрсөтүлгөн.

Көтөрүлүшчүлөрдү террорчулар тизмесине киргизүү амалы

Сириядагы кризисти жөнгө салуу боюнча Орусиянын планында андагы куралдуу топторду террористтик уюмдардын тизмесине киргизүү жагы каралган. Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров бул маселеде тараптар тил табышуу зарылдыгын айтты:

- Биз бул жолугушууда алдыга бир кадам ташталышын каалайбыз. Мүмкүн болсо 30-октябрдагы макулдашуунун шарттарын аткаруу жана ошондогу билдирүүдө айтылган маселе боюнча эки кадам алдыга ташталса да болот. Бул жерде мен биринчиден ал жактагы террористтик уюмдардын тизмесин түзүү боюнча макулдашуу зарылдыгын айтаар элем. Анткени бул же тигил куралдуу топтун алган багыты боюнча эч кимде эч кандай күмөн саноо болбошу керек.

Бириккен Улуттар Уюмунун атайын өкүлү Стаффан де Мистура Сириядагы кризисти жөнгө салуу планы боюнча 14-ноябрда Венада тышкы иштер министрлеринин жолугушуусу өтөрүн билдирди. Анда Сирия өкмөтү менен оппозициялык топтордун бирдиктүү өкүлчүлүгүнүн ортосундагы тынчтык сүйлөшүүлөрдү баштоонун шарттары карала турган болду. Бул документке ылайык, Сириядагы өткөөл учур жана конституциялык реформанын жүрүшү 18 айга созулушу мүмкүн. Тынчтык орнотуу планын ичине камтыган бул документ Сириядагы кырдаалды жөнгө салуу боюнча Венада өтө турган сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы болор алдында таратылды. Буга чейин 30-октябрда сүйлөшүүлөрдүн биринчи айлампасында АКШ, Орусия, Иран баштаган онго чукул мамлекет Сирияда тынчтыкты орнотуу планын макулдашкан болчу. Бирок анда тараптар өткөн үч жыл аралыгында 250 миңдей адамдын өмүрүн жалмаган Башар Асад качан кызматынан кетет деген суроону талкуулоодон алыс болушкан.

Бириккен Улуттар Уюмунун атайын өкүлү Стаффан де Мистура сүйлөшүүлөрдүн экинчи айлампасы Сириянын эли үчүн жыйынтык алып келерине ишеним билдирип, ал жерде зомбулукту азайтуу негизги маселе экенине токтолду. Москва тынчтык сүйлөшүүлөргө катыша турган Сирия оппозициясынын 38 талапкери боюнча Сауд Арабия менен макулдашкан. Бул долбоордо оппозиция өкүлчүлүгүнүн курамында кандай топтор болууга тийиш деген суроо турат. Батыш дипломаттары бул план Башар Асадга каршы мамлекеттерди ынандырбайт жана тынчтыкты орнотууга негиз болуп бере албайт деген пикирде. Анткени батыш дипломаттарынын баамында, Сирияда Башар Асадга каршы көтөрүлүшчү топтордун бардыгын Москва террористтик уюмдардын тизмесине киргизүүнү каалайт.