Трамп Орусиянын "дестабилдештирүүчү аракетин" сындады

Трамп Варшавада кайрылуу жасап атат

АКШ президенти Дональд Трамп Орусияны Украина жана башка жерлерде дестабилдештирген аракеттерин, ырайымсыз режимдерди, анын ичинде Сирия жана Иранды колдоону токтотууга үндөдү. Бул тууралуу америкалык лидер Польшадагы сапары учурунда айтты. Трамп ошондой эле Вашингтон НАТО боюнча өнөктөштөрүн толук колдойт деп ишендирди. АКШ президенти Польшада Борбордук жана Чыгыш Европа лидерлери менен Үч деңиз демилгеси деп аталган саммитке катышты.

6-июлда Трамп Варшавадагы тарыхый Красински аянтынан Польша элине кайрылуу жасады. Аянтка жергиликтүү саясатчылар, Экинчи Дүйнөлүк согуштун ардагерлери, антисоветтик көтөрүлүштүн катышуучулары жана жөнөкөй жарандар чогулду.

Президент өз кайрылуусун "Америка Польшаны жакшы көрөт" деген сөзү менен баштап, президенттик шайлоодо польшалык диаспора демократтарга эмес, ага добуш бергенин белгилеп, мындай колдоо үчүн ыраазычылык айта кетти.

Андан кийин Трамп Орусияны Украина жана башка жерлерде дестабилдештирүү аракеттерин, ырайымсыз режимдерди, анын ичинде Сирия жана Иранды колдоону токтотууга үндөдү.

Москва “жалпы душмандарга каршы күрөшкөн жана цивилизацияны коргогон жоопкерчиликтүү өлкөлөргө кошулууга тийиш” деди.

Трамп НАТО боюнча шериктерди АКШнын артынан Батышты “радикал исламчыл террорчулардан” жана террорчуларга берилип жаткан “идеологиялык колдоонун бардык формаларынан” коргоого чакырды.

Кошмо Штаттар сөз жүзүндө эмес, иши менен да НАТО келишиминин бешинчи беренесин пир тутарын көргөзүп келген, - деди президент. Ал беренеде альянстын бир өлкөсүнө чабуул болсо бардык мүчөлөргө жасалган чабуул деп эсептелери айтылган.

- Америкалык аскерлердин Биринчи Дүйнөлүк согушка катыша баштаганынан 100 жылдан кийин Кошмо Штаттар менен Европанын трансатлантикалык байланыштары мурункудай эле күчтүү, а балким, көптөгөн багыттарда мурдагыдан да бекем. Бул континентке буга чейин коммунизмдин караанына туруштук берүүгө туура келсе, бүгүн Батыштын коопсуздугуна жана жашоо баалуулуктарына коркунуч туулуп жатат. Эмнелер болуп жатканын өзүңөр көрүп атасыңар. Биз ал проблемаларга туруштук беребиз жана жеңебиз. Бирок коркунучтар бар.

Трамп НАТОнун бардык мүчөлөрү уюм алдындагы финансылык милдеттенмелерин аткарууга тийиш деп, Польша бул жагынан үлгү ала турган блоктогу бир ууч өлкөлөргө кирерин белгиледи.

Америкалык лидер ошондой эле Варшаваны Вашингтондун узактан берки өнөктөшү катары сүрөттөп, Польша “эркиндикке умтулган жана биздин цивилизацияны эрдик менен коргоону эңсегендерге жакшы мисал болуп бере алат” деп кубаттады.

Жергиликтүү телеканалдар көрсөткөн түз эфирдеги кайрылууга чейин 6-июлда польшалык президент Анджей Дуда менен кездешүүдөн кийин Трамп АКШ “Борбордук Европада тынчтык менен коопсуздукту сактоого дилгир” жана “Орусиянын аракеттерине жана дестабилдештирүүчү жоруктарына жооп кайтаруу үчүн Польша менен иштешип жатат” деп айткан.

Трамптын Орусия тууралуу сөздөрү Кремлдин көңүл сыртында калган жок. Президент Владимир Путиндин маалымат катчысы Москва мындай аныктамага макул эместигин айтып, эки өлкө ортосунда өз ара түшүнүүнүн жоктугу өкүнүчтүү деп билдирди.

Орусиянын Крымды мыйзамсыз аннексиялап алышы, Украинанын чыгышындагы жикчилерди колдоосу, АКШ жана Евробиримдиктеги айрым өлкөлөрдөгү шайлоодо коомдук пикирди бурмалоо аракеттери коңшу Польшанын бир топ камтамасын пайда кылды.

Айтмакчы Анджей Дуда менен кездешүүдөн кийинки пресс-конференцияда Трамп Орусия былтыркы президенттик шайлоого кийлигишкен деген оюн айтты:

- Ооба, мен макулмун, Орусия деп ойлоймун, а балким башка адамдар же башка өлкөлөр деп ойлоймун. Андай билдирүүдө эч кандай проблема жок. Эч ким так билбейт.

Борбордук жана Чыгыш Европа лидерлери менен саммитте Трамп Орусиянын энергетика булактарынан көз карандылыктан арылууга аракет көрүп жаткан чакта “Америка алардын олуттуу өнөктөшү” болоруна ишендирди жана АКШдан суюлтулган газ алууга чакырды.

"Үч Деңиз демилгеси" деп аталган саммит былтыр Польша жана Хорватия баштаган биргелшкен долбоор. Жогорку деңгээлдеги жыйын Адриатика, Балтика жана Кара деңиздин боюндагы өлкөлөрдүн соода, инфраструктура, энергетика тармагындагы кызматташтыгын жана саясий байланыштарын өрчүтүүнү көздөйт.

Демилгеге Венгрия, Чехия, Словакия, Румыния, Болгария, Литва, Эстония, Латвия, Словения жана Австрия кошулган.

Варшавадан кийин Трамп "Чоң жыйырманын" саммитине катышуу үчүн Германиянын Гамбург шаарына аттанды. Ал жерде америкалык жана орусиялык президенттердин алгачкы жолугушуусу өтмөкчү.

Трамп менен Владимир Путин биринчи кезекте Сирия маселесин талкуулайт деп күтүлүүдө.

Коопсуздукту камсыздоого шаарга 20 миңдей полициячы жайгаштырылды. Алдынкы күнү тартип коргоочулар менен нааразылык билдирип чыккан демонстранттар кагылыша кеткен.

Видео англис тилинде

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.