Жума күнү башталган демонстрация ишембиге оогон түнү күчөп, ал арада полиция менен кагылышуу да болуп кетти. Сеймде - парламентте оппозиция башкы трибунаны ээлеп алып, бошотпой турат.
Алардын нааразылыгын башкаруучу “Мыйзам жана Адилеттүүлүк” партиясы же өздөрү кыскартып айткандай, ПиСтин акыркы чечими күчөтүп ийди.
Бийликчил партия өткөн аптада журналисттердин парламенттин ишин чагылдыруусун чектеген. Ага ылайык, жыйын учурунда депутаттарды видеого тартууга болбойт. Мындан башка да тыюулар бар.
Ушул жана бюджетти талкуулоо маселесинен улам оппозиция трибунаны ээлеп, аны бошотпой туруп алган. Бийликчилдер ага кабагым-кашым дебестен, башка залда жыйын куруп, эмки жылдын бюджетин кабыл алып коюшту.
Эми мына ошол жыйында кворум болбоду дешип, анын мыйзамдуулугу суроо жаратууда. Ошентип тараптар тил табыша албай, чатак ырбап баратат. Президент Анжей Дуда жааттар менен сүйлөшүп, өлкөнү парламенттик кризистен чыгарууга аракеттенүүдө.
Бирок оппозициядагы “Новочесна” партиясынын лидери Рышард Петру түйүндү президент эмес, сейм спикери гана чече алат дейт.
- Биз туңгуюкка кептелдик деп чочуп турам. Анткени, президент кандайдыр бир расмий чечим кабыл алалбай жатат. Анын колунан келгени “Мыйзам жана Адилеттик” партиясы, анын лидери Качинский же спикер Кухчиньский менен сүйлөшүү гана. Эки-үч күн мурда мен деле спикер менен маалымат каражаттарына байланыштуу көп ирет сүйлөшөйүн дедим. Бирок ал кепке келүүгө көңүлдөнгөн жок.
Бир жыл мурдагы парламенттик шайлоодо кайрадан жеңип, бийликти ээлеген “Мыйзам жана Адилеттик” азырынча айыптоолорго моюн бербей жатат. Ички иштер министри оппозициянын кадамдарын “анархия”, “бийликти мыйзамсыз басып алуу аракети” деп баалады. Ал эми премьер-министр Беата Шидло оппозиция бийликке жетпей калган үчүн гана чатак чыгарып атат дейт:
- Оппозициянын бул кадамы саясий жаңжалды күчөтүү аракети. Биз көрүп аткандардын өлкөдөгү реалдуу көрүнүшкө тиешеси жок. Тескерисинче, бул бийлигин жоготуп алгандардын алсыздыгын көрсөткөнү. Алар поляктарды ынандырууга кымындай да түшүнүгү жок болгон үчүн ушундай болуп жатат.
Деген менен көчөгө миңдеген адамдар чыккан. Алар башкаруучу партиянын бир жылдан берки ишмердигине нааразы:
- “Мыйзам жана Адилеттик” партиясы Польшадагы демократияны да талкалап жатат. Бул бурулуш учур. Ашынып кетишти. Ушинтип парламентти бүтүн дүйнөнүн көз алдында талкалап атканда каршылык билдирип чыккандан башка жол жок, - деди демонстранттардын бири.
Ал эми парламентке кирген чыккан эшик-дарбазаларды камалап тургандар талаптары аткарылгыча тарабасын айтышууда. Ян Грабиец аттуу жигит:
- Биз прессага жана коомчулукка эркиндик берилип, алар ушул имаратка кирүүгө мүмкүндүк алмайын, демократиялык процесс калыбына келмейин бул жерде кала беребиз. Бул деген демократия храмы да. Эми алар бизден, прессадан, жада калса парламенттеги оппозициядан жашырынып атышат, - дейт.
“Мыйзам жана Адилеттик” партиясы бир катар чөйрөлөрдө радикалдуу өзгөрүүлөрдү киргизди. Анын ичинде сот системасына көзөмөлдү күчөттү. Евробиримдиктеги өнөктөштөрү муну сынга алып, сот системасынын реформасы демократия стандарттарына каршы келерин билдирип келет.
Бул пикир келишпестик акыркы жылдардагы Польшадагы эң ири саясий кризис катары бааланууда.
PS: "Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.