Пакистан АКШга кескин жооп кайтарды

АКШ генералы Жозеф Вотел жана Пакистандын премьер-министри Шахид Хакан Аббаси

Пакистан АКШнын "Исламабад террорчуларга баш паанек берүү менен Ооганстандагы согуштун создуктурулушуна өбөлгө түзүүдө" деген сынын чечкиндүү түрдө четке какты. Улуттук коопсуздук комитети тараткан билдирүүдө "АКШ Ооганстандагы согушта кетирген кемчиликтери үчүн болгон күнөөнү Пакистанга оодарууда" деп айтылган.

Пакистандын бир ай мурда дайындалган, жаңы премьер-министри Шахид Хакан Аббаси жана жогорку даражадагы аскерий жетекчилер курамына кирген Улуттук коопсуздук комитети 24-августта жыйналып, АКШнын Ооганстан боюнча стратегиясына кандай жооп кайтаруу керектигин талкуулашты.

Жыйынтыгында комитет "АКШ ооган урушундагы кемчиликтери үчүн бардык күнөөнү Исламбадга оодарбашы керек" деген билдирүү таратты.

Ошондой эле Пакистан лидерлеринин билдирүүсүндө Ооганстандагы узакка созулган согуштан алар да жабыркап жатканы белгиленип, "качкындардын, курал менен маңзаттын агымы" да мисал келтирилген.

Андан сырткары Пакистан антитеррордук кампанияга жалпысынан 120 миллиард доллар сарптаганы да жазылган.

Бир күн мурда жасаган билдирүүсүндө Пакистандын ички иштер министри Ахсан Икбал “терроризмге каршы күрөштөгү эбегейсиз курмандыктары көз жаздымда калып жатканына” өкүнүч келтирген.

- Террорду түп-тамырынан жок кылуу үчүн дүйнөдөгү бир дагы мамлекет Пакистандай аракет көрүп, көп адамдарынан айрылган жок. Биз Пакистан террорчуларга баш паанек берүүдө деген билдирүүлөрдү четке кагабыз, анткени биз да террордон абдан көп жабыркадык,- деди Икбал.

Расмий Исламабаддын эсебинде, 2001-жылдан бери өлкөдө 17 миң адам курман болгон. Пакистан лидерлери соңку кездери алар террорго каршы жүргүзүп жаткан операциялар коңшу Ооганстандагыга караганда кыйла ийгиликтүү болуп жатканын белгилешип, Кабул менен Вашингтонго өз жардамын да сунушташты.

Ал эми Кошмо Штаттардын Ооганстандагы террорго каршы компанияга Индиянын активдүү катышуусу керек деген сөздөрүнө кескин каршылыгын билдиришти.

- Ооганстандагы тынчтыкты камсыздоо үчүн аймактагы бардык мамлекеттер биригиши керек, анткени террорчулар Пакистандын же башка бир өлкөнүн гана душмандары эмес. Алар баарыбыздын душманыбыз. Биз бир мамлекетке күнөөнү оодаруу менен террорчулукту жеңе албайбыз. Аны жеңүү үчүн кызматташууга барышыбыз керек. Бул боюнча Пакистан эл аралык аренада жана жергиликтүү деңгээлде өз ролун аткарууну уланта берет, - деди өлкөнүн ички иштер министри Ахсан Икбал.

Пакистандын ички иштер министри Ахсан Икбал.

Кошмо Штаттардын президенти Дональд Трамптын 21-августта Исламабаддын дарегине айтылган сынына өкмөттүн жооп кайтаруусуна Пакистандагы оппозициячыл топтор да шыкак берген.

Трамп Ооганстан боюнча АКШнын стратегиясын жарыялап жатып, «Исламабад экстремисттик топторду колдоп жатат, Вашингтон андай аракеттерге мындан ары чыдабайт» деп айткан.

Ал эми мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон эгер бул мамлекеттин бийлиги өз аймагында "башаламандыктын, зордук-зомбулуктун жана террордун агенттерин" жок кылмайынча, Американын НАТОдон тышкары эң негизги союздашы деген макамынан ажырап калышы мүмкүндүгүн» эскерткен.

Айрым эксперттер Вашингтондун Пакистанга басымынын күчөтүлүшү жагымсыз жыйынтыкка алып келиши ыктымал деп кооптонушат.

Вудро Вильсон атындагы борбордун саясат таануучусу Майкл Кугелман бул оор маселеге айланып кетиши мүмкүндүгүн «Америка добушу» радиосуна берген маегинде айтты:

- Пакистан боюнча позициянын катаалдашы Исламабаддын тескерсинче экстремисттик топтор менен байланышын бекемдейт деп кооптонуп турам. Биз абдан оор маселеге туш болдук, - деди ал.

Улуттук Коопсуздук комитетинин жыйыны.

Башка аналитиктер болсо Вашингтон Пакистандын аскерий позициясын өзгөртүү үчүн алгач дипломатиялык жолдорду колдонуп, такыр болбосо аскерий жана каржылык чараларга да барышы мүмкүндүгүн боолгошот. Атургай кээ бир эксперттер Трамп Пакистанды «террорчуларга демөөрчү болуп жаткан» мамлекеттердин тизмесине кошуп салышы мүмкүн деген пикирлерин айтышууда. Азырынча Кошмо Штаттардын бул тизмесинде Иран, Сирия жана Судан бар.

2014-жылы Америка жана НАТО күчтөрүнүн басымдуу бөлүгү Ооганстандан чыгып кеткенден кийин ал жакта калган 8400 америкалык аскер жана НАТОнун 5000дей жоокери негизинен ооган армиясына кеңеш берүү жана машыктыруу милдетин өзүнө алган.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.