Кытайга кыз саткандар кармалды

Пакистандык аял. 25-июль, 2014-жыл. Иллюстрациялык сүрөт.

Соңку эки апта ичинде Пакистанда кыз-келиндерди Кытайга сатууга шек саналган ондогон адамдар полициянын тузагына түштү.

20 жаштагы Наташа - турмуш куруу үчүн Кытайга барганда сойкулук менен алектенүүгө мажбур болгон жүздөгөн пакистандык кыздардын бири.

«Кытай күйөөм мени басмырлап, сабачу. Паспортумду тартып алды. «Кайда качып кетет элең? Сени Пакистандан сатып алгам, менин менчигимсиң. Мага гана караштуусуң» деп айтчу», - деген Наташаны сатып алган «күйөөсү» Кытайдагы провинциялардын бириндеги мейманканада камап, сойкулук менен алектенүүгө мажбур кылган.

Дагы караңыз Азияда кыздарды уурдаган кытай мафиясы

«Бир кишини алып келди, аны менен «күйөөм» арак ичип, мас болушту. Анан экөөлөп мени сабап, зордукташты. Мындай окуя бир нече жолу кайталанды».

Наташанын энеси кызынын Кытайга сатылып кеткенин билгенде, жергиликтүү чиркөөгө жардам сурап кайрылганын «Associated Press» агенттигинин кабарчыларына айтып берген.

Чиркөөгө сыйынуу үчүн келген Фарук Масих эненин муңун уккандан кийин ыктыярчыларды топтоп, Наташаны Кытайдан алып келүүгө аракет көрө баштаган. Кытайдан атайын адам жалдашып, «бир түнгө сатып алам» деген шылтоо менен келинге качууга жардам беришкен.

Бул ыктыярчылар Пакистандын Фейсалабад аймагында атайын операция жүргүзүшүп, никеге байланыштуу жарнама берген. Мунун жыйынтыгы менен Кытайга кыздарды саткан ортомчулар аныкталган.

«Федералдык иликтөө агенттигинен: «Бизде аларды камаш үчүн жетиштүү далилдер жок», - деп айтышты. Биз далилдерди чогултуш үчүн адам аткезчилиги менен алектенгендерди издөөгө көп убакыт короттук. Баары эле айтып жатканы менен далилдей алган фактыларды сунуш кыла алышкан жок, ошол себептүү бизге жасалма нике уюштурууга туура келди», - дейт ыктыярчы Фарук Масих.

Дагы караңыз Күйөөдөн кордук көргөн келин куткарылды

Май айынын башында эл аралык укук коргоочу «Human Rights Watch» уюму пакистандык кыз-келиндердин Кытайга сатылып жатканын билдирип, Исламабадды чара көрүүгө чакырган.

Көп өтпөй Пакистандын бийлиги кыз-келиндерди алдап, Кытайга жыныстык кулчулукка саткан деген шек менен 30дан ашуун адам кармалганын билдирген. Алардын көбү чет өлкөлүк жарандар болгон.

Кытайдан келген шылуундар жергиликтүү ортомчулардын жардамы менен тарса үй-бүлөдөн чыккан кыздарга үйлөнүп, андан соң аларды Кытайга сойкулукка сатышкан. Федералдык иликтөө агенттигинин жетекчисинин орун басары Тарик Чаухандын айтымында, сатылган кыз-келиндердин көбү жакыр үй-бүлөдөн болушкан.

«Associated Press» басылмасынын жазганына караганда, өкмөт Федералдык иликтөө агенттигинен Кытайга кыз-келиндердин сатылышы тууралуу маселенин масштабын өрчүтпөөнү талап кылган.

Муну менен алар тыгыз экономикалык карым-катнашы бар Бээжин менен алакасын бузуп алуудан кооптонушат. Активисттердин айтымында, кыска аралыкта миңдей кыз-келин Кытайга сатылып кеткен.

Быйыл жазында кытай жарандарына турмушка чыккан кыргызстандык кыздар күйөөсүнөн кордук көргөнүн айтып, кризистик борборлорго кайрылгканы маалым болгон.

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.