Түндүк Корея бийликтери болсо Тынч океанда суутек бомбасын жара турганын эскертүүдө.
АКШ президенти Дональд Трамп 21-сентябрь күнү кол койгон жардыкка ылайык, Пхеньян менен соода жүргүзгөн компанияларга жана жеке адамдарга чектөө киргизет.
Трамп Вашингтондун бул кадамын бизнес ишканалар Түндүк Корея режимин каржылап жатканы кабыл алынгыстыгы менен түшүндүрдү:
- Түндүк Кореянын өзөктүк куралы жана ракеталарды өнүктүрүүсү дүйнөнүн тынчтыгына жана коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурат. Андыктан, бул кылмыштуу режимди башкалардын каржылык жактан колдогону кабыл алынгыс. Биздин жаңы жарлыгыбыз Түндүк Кореянын адамзатка кыргын салуучу куралды жасоо аракеттеринин каржы булактарын кыркат. Жардык биздин Каржы министрлигибизге Түндүк Корея менен товар алмашып, аларга кызмат көрсөткөн же технология берген компанияларды, жеке адамдарды таап, санкция киргизүүсүнө мүмкүндүк берет. Чет элдик банктар ачык - айкын тандоого кабылат: АКШ менен иштешет же Түндүк Кореянын мыйзамды урматтабаган режими менен соодасына көмөктөшөт, бирок аларда анчалык чоң соода болбойт.
Дональд Трамп Нью-Йорктон жасаган билдирүүсү учурунда Кытайдын Улуттук банкы өлкөнүн коммерциялык банктарына Түндүк Корея менен иштешүүнү токтотууга көрсөтмө бергенин кошумчалады.
Санкциялар боюнча жарлыктын алдында президент Трамп 19-сентябрда БУУнун башкы ассамблеясында сүйлөгөн учурунда АКШ өзүн жана союздаштарын коргоо үчүн Түндүк Кореяны “толугу менен жок кылууга” аргасыз болушу мүмкүндүгүн, бирок кырдаал буга жетпейт деп үмүттөнөрүн белгилеген эле.
Пхеньяндагы жолбашчы Ким Чен Ындын өзүн “ракета киши”, ал эми кайра-кайра ракета атууларды “жанкечтилик миссия” деп атаган.
Түндүк Кореянын медиасы 22-сентябрда Трамптын бул сөздөрүнө карата өлкө лидеринин жообун таратты.
Анда Ким Чен Ын Трамп “сөздү иргебей, буга чейин АКШнын бир дагы президентинин оозунан чыкпаган“ кептерди” айтканын эске салып, мунун “куну кымбатка турат” деп эскертет:
- Акылдан айныган америкалык абышканы сөзсүз от менен жоошутам,- деп айтылды Ким Чен Ындын мамлекеттик теледен окулган билдирүүсүндө.
Билдирүүдө АКШга каршы “тарыхта болбогон жогорку деңгээлдеги өтө катаал жооп чара каралары” да көргөзүлгөн.
Улуттар уюмунун Башкы ассамблеясына келген Түндүк Кореянын тышкы иштер министри Ли Ен Хо Нью-Йорктон кабарчылардын ал кандай чара болушу мүмкүн деген суроосуна Тынч океанда бомба жардыруу деп жооп берди:
- Менимче бул суутек бомбасынын болуп көрбөгөндөй масштабда сыналышы,- деди Түндүк Корея министри.
Түндүк Корея cуутек бомбасын акыркы ирет 3-сентябрда сынаган.
БУУнун Кооопсуздук кеңеши мындан улам санкциялардын жаңы айлампасын киргизип, анда Пхеньяндын текстиль экспортуна толук тыюу салып, ага мунай сатууну да чектеген болчу.
Эң жакынкы коңшу - Түштүк Кореянын президенти Мун Чжэ Ин БУУнун Башкы ассамблеясында сүйлөгөн учурунда Сеул Түндүк Кореянын "кыйрашына" кызыкдар эместигин, санкциялар аны сүйлөшүү столуна кайтаруу үчүн зарылдыгын, бирок кризис стабилдүүлүк менен жөнгөрүлүшү керектигине токтолду:
-Биздин аракеттерибиздин баары согуштун алдын алууга, тынчтыкты сактоого багытталган. Чыңалуу күчөбөшү, капыстан чыккан аскерий кагылышуулар тынчтыкты талкалабашы үчүн Түндүк Кореянын өзөктүк маселеси айланасындагы кырдаал стабилдүү башкарылышы керек.
Ал эми Жапония премьер-министри Синзо Абэ 1994-жылдан берки сүйлөшүүлөр Пхеньяндын пайдасына гана ойногонун, ал убакыттан утканын, эми анын өзөктүк программасын токтотуунун жалгыз жолу диалог эмес, кысым көргөзүү, санкциялар экенине көңүл бурду.
Жапониянын пикиринде, БУУнун санкциялары аткарылышы үчүн Түндүк Корея менен дипломатиялык мамилеси бар 160 өлкө аны менен саясий да, экономикалык да карым-катышын токтотушу керек.