НАТО Ооганстандан аскерлерин чыгаруу планын жактырды

Чикаго саммитинин катышуучулары, 22-май, 2012-жыл

НАТОго мүчө өлкөлөрдүн лидерлери эмки жылдын ортосуна чейин Ооганстандагы коопсуздукту камсыздоо милдетин жергиликтүү армияга өткөрүп берүү планын колдошту. Чикагодогу саммитте ошондой эле согуштук бөлүктөрдү Ооганстандан 2014-жылдын этегине дейре толугу менен чыгаруу долбоору жактырылды.

Саммиттин жабылышында сүйлөгөн сөзүндө АКШ президенти Барак Обама Түндүк альянс контингентин чыгарып кеткенден кийин Ооганстанда жергиликтүү армияны машыктырган бөлүктөр гана калаарын билдирди:

- Эл аралык бейпилдик күчтөрүнүн жыйынында согуштук операциялар Ооган куралдуу күчтөрүнө 2013-жылдын ортосунан жүктөлөт деп макулдаштык. Ошондон тарта бейпилдик күчтөрү өлкөнүн булуң-бурчунда согуштук операциялардан колдоочу ролго өтүшөт. Муну менен Ооганстандагы коопсуздукту камсыздоо милдетин өткөрүү боюнча Лисcабондо макулдашылган максатка карай чоң кадам ташталмакчы.

Обаманын айтымында, НАТО Ооганстандагы урушту жоопкерчиликтүү түрдө аяктоо планын бир добуштан колдойт. Ошол эле маалда Ооганстанда бир топ курч маселелер жөнгө салына электигине басым жасалды. Америкалык президент "Талибанды" “олуттуу душман” деп сыпаттап, ошол эле кезде алдыда олуттуу милдет турганын белгиледи:

- "Ишибизди бүтүрдүк, бардыгы биз каалагандай, кынтыксыз болду, курал-жарактарыбызды жыйынаштырып алып үйлөрүбүзгө кайттык”, - деп айтууга оптималдуу убакыт келет деп айта албайм. Бул - узак, кээ бир учурда Ирактагыдай баш аламан процесс.

Чикаго саммитине бул ирет Пакистан президенти Али Асиф Зардари да чакырылган. Былтыр ноябрда Ооганстан менен чек ара аймагында пилотсуз учактын жаңылыш соккусунан пакистандык 24 чек арачынын өмүрү кыйылгандан кийин Исламабад менен Вашингтондун мамилелери кыйла начарлаган. Пакистан Ооганстанга жүк ташыган НАТОнун унаалары үчүн транзит жолдорун жаап салган.

Дүйшөмбүдө Обама Зардари менен бейрасмий жолугушуу өткөрдү.
Саммиттен кийинки пресс-конференцияда Обама Вашингтон менен Исламабад ооган-пакистан чек арасындагы өткөөлдөрдү ачуу багытында “чаалыкпастан аракет көрүүдө” деди:

- Жүк ташуу маселеси ушул саммитте чечилет деп күн мурунтан пландаган эмеспиз. Аны Чикагого келелекте эле билгенбиз. Бирок маселени жөнгө салуу багытында алдыга жылуудабыз.

Зардари Обамага чейин мамлекеттик катчы Хиллари Клинтон менен сүйлөшүү учурунда АКШны пилотсуз учактарга байланышкан меселени “биротоло чечүүгө” жана 24 жоокердин өлүмү үчүн кечирим суроого үндөгөн. Ак Үй эки тараптан тең ката кеткенин жүйө тартып, каргашалу окуя үчүн кечирим суроодон баш тартууда.

Обама ошондой эле Зардари жана ооган президенти Хамид Карзай менен сүйлөшүү өткөрдү. Үч лидер тең согушка чекит коюу үчүн Ооганстандагы ички күчтөрдүн жарашуусуна салым кошууга дилгирлигин билдиришти.

НАТОго мүчө мамлекеттер андан тышкары ооган армиясы менен полициясына финансылык жардам берип турууну талкуулашты. Вашингтон 2014-жылдан кийин фондго өнөктөштөрдөн 1 жарым миллиард доллар өлчөмүндө жардам чогултууну көздөөдө. Азырынча Британия жана Австралия 100 миллиондон, Италия 120 миллион, Канада 110 миллион жана Түркия 20 миллион доллар убада кылышты. Зардари НАТО шериктеринин жыйынында Пакистан да 20 миллион доллар салым кошоорун билдирди.

НАТО саммитине Кыргызстандын президенти А.Атамбаев чакыруу алганы менен Чикагого тышкы иштер министри Руслан Казакбаев барды.