НАТО чыгыш флангын чыңдайт, деңизге чыгат

НАТО саммитине чогулган лидерлер. Варшава, 8-июль, 2016-жыл.

НАТОнун ушул дем алыш күндөрү Польшада аяктаган саммитинде эки-үч багыттагы чечимдер кабыл алынды. Түндүк атлантикалык альянс Орусияга карата аны “токтотуу жана бир эле учурда конструктивдүү диалог саясатын” кармана турган болду. Ал эми Ооганстандагы миссия азыркы калыбында улантылмакчы. НАТО боюнча өнөктөштөр “Ислам мамлекети” террордук тобуна, терроризмге жана деңиздеги адам аткезчилигине каршы күрөштө альянстын ролун күчөтүү керек деген бүтүмгө келишти.

АКШ президенти Барак Обама, НАТО баш катчысы Йенс Столтенберг Варшава саммитиндеги сөздөрүндө Түндүк атлантикалык альянс дээрлик 70 жылга жакын тарыхында “бурулуш учурга” туш болгонуна, “коопсуздук, гуманитардык, саясий” чөйрөдөгү көйгөйлөрдүн жыйындысына бир учурда балким буга чейин кабылбаганына көңүл бурушту.

Саммиттин алгачкы иш күнүндө кабыл алынган чечимге ылайык, күтүлгөндөй эле альянстын чыгыш флангы чыңдала турган болду:

- Кошмо Штаттар америкалык аскерлердин батальонун жайгаштыруу менен Польшада жетектөөчү өлкө болот. Улуу Британия Эстонияда, Германия Литвада, Канада Латвияда жетектөөчү ролду ойнойт. Бул НАТОнун кошумча төрт миң аскери ротациялык негизде аймакта турат дегенди билдирет. Мындан сырткары АКШнын бронетанктык бригадасы кошумча төрт миң аскери менен бүткүл Европа боюнча ротацияланып турат. Ошол эле учурда биз түштүк тарапта да, Румыния менен Болгарияда да жаңы чараларды макулдаштык. Муну менен НАТО өнөктөштөрүбүздүн ар бири корголору боюнча ачык-айкын белги берип жатат, - деди АКШ президенти Барак Обама 9-июлда Варшавада сүйлөгөн учурунда.

Обама Украина боюнча Минск келишимдеринде алган милдеттенмесин Орусия аткармайынча бул өлкө менен “адаттагыдай” иш жүрбөйт деп да ырастады. Саммитте Крымдын аннексиясын НАТО өлкөлөрү тааныбай турганы да кайрадан айтылды.

НАТО баш катчысы Йенс Столтенберг белгилегендей, Түндүк атлантикалык альянстын лидерлери Орусияга карата бирдиктүү саясий курсту кармоону макулдашты. Ал "Орусияны токтотуу, ошол эле учурда конструктивдүү диалог жүргүзүү” деген принципке барып такалат.

Орусия боюнча НАТОнун ичиндеги талкууларды жана Варшава саммитиндеги чечимдердин маанисин “Азаттыктын” орус кызматы менен маегинде саясат таануучу жана Москвадагы “Дождь” телеканалынын комментатору Константин фон Эггерт мындайча чечмеледи:

Константин фон Эггерт

- Варшава саммити, албетте, маанилүү. Кандайдыр бир мааниде эки жыл мурда Уэльстеги саммитте белгиленген тенденцияны улантып жатат. Анда Орусиянын жаңы саясатына каршы туруу борбордук маселе катары коюлган. Андыктан, Варшавадагы саммит Уэльстеги саммитте иштелип чыккан принциптерден тайбастыгын ырастады. НАТОнун көңүлүн Чыгышка кайрадан бир топ эле бурдурууда. Союздаштардын өтө чоң болбосо да, кошумча аскер контингентинин жайгаштырылуусу маанилүү символикалык кадам. Варшавада кабыл алынган документтердин маанилүүлүгүнө карабай чынында альянс Орусия боюнча акырына чейин бирдиктүү эмес. Ал жерде эки тенденция көрүнүп турат. Бири - Орусияга карата катаал багытты Кошмо Штаттар, Улуу Британия, Балтика өлкөлөрү, Чыгыш Европанын мурда Варшава келишимине кирген айрым өлкөлөрү карманууда. Экинчиси - Түштүк Европа өлкөлөрү колдогон франко-немис тенденциясы. Алар "келгиле, эшикти биротоло жаппайлы, Москваны түшүнөлү" деп жатышат. Варшава саммитинин чечимдери жалпысынан караганда Москваны көп деле камтамага салбашы керек. Анткени Балтика өлкөлөрүндө, Польшада аскер күчүн символикалык чыңдоо, балким аскерий баланска принципиалдуу эч өзгөрүү алып келбейт.

Орусия НАТОнун чыгыш флангды чыңдоо пландарын буга чейин эле айыптап, өз тарабынан өлкөнүн Батыш бөлүгүндө жооп чара катары кошумча он миң аскер жайгаштырарын ачыктаган.

Эми 13-июлда Брюсселде НАТО-Орусия кеңеши элчилер деңгээлиндеги быйылкы экинчи жыйынына чогула турган болду. 2014-жылы Крымдын аннексиясынан кийин ишмердиги токтоп калган бул кеңеш акыркы эки жылдагы алгачкы жыйыны быйыл апрелде Украина жана башка бир катар маселелер боюнча «олуттуу пикир келишпестиктер» менен аяктаган.

Варшава саммитинде НАТО Ооганстандагы аскерий миссиясын жана ооган коопсуздук күчтөрүн каржылоону улантарын да ырастады. Баш катчы Йенс Столтенберг НАТО лидерлери ооган президенти Ашраф Гани жана өлкөнүн башкы аткаруучусу Абдулла Абдулла менен кездешкен соң буларды айтты:

- Биз «Чечкиндүү колдоо» миссиябызды 2016-жылдан кийин да сактоону макулдаштык. 2017-жылга Ооганстандагы аскерлерибиздин санын аныктоо үчүн алдыдагы айларда кошумча пландоо жүргүзүлөт. Бул жыйындын эң башкы жетишкендиги - биздин бир миллиард доллардык милдеттенмебиз (ооган коопсуздук күчтөрүн каржылоо боюнча), Кошмо Штаттардын милдеттенмеси болсо дээрлик өз орудунда турат. Мен биз ооган коопсуздук күчтөрүн каржылоонун азыркы деңгээлин 2020-жылга чейин кармай алабыз деген ишенимдемин.

«Ассошейтед Пресс» агенттиги келтирген маалыматка караганда, Ооганстандын саны 352 миңди түзгөн аскерлери менен полиция күчтөрүн кармоонун жылдык чыгымы беш миллиард долларга жетет. Мунун жылына 3,5 миллиард долларын төлөөнү АКШ убада кылган, 500 миллион долларын ооган өкмөтү өзү чыгарса, калган бир миллиардын НАТО өлкөлөрү бериши керек.

Ооганстандагы НАТО аскерлеринин саны учурда 12 миңдин тегерегинде. Мунун 9800ү америкалык жоокерлер. Президент Обама саммит алдында жарыялагандай, анын бийлик мөөнөтү бүткөнгө чейин Ооганстанда 8400 америкалык аскер турат.

AWACS учагы

Варшава саммитинде НАТО лидерлери Ирак менен Сирияда "Ислам мамлекети" террордук тобуна каршы күрөшүп жаткан коалицияга тикелей колдоо көргөзүү үчүн AWACS чалгынчы учактарын колдонууну макулдашты. Дипломаттардын айтымында, учактардын бул түрү күзөткө быйыл күз айларынан тарта чыгат деп күтүлүүдө.

Саммитте ошондой эле Жер ортолук деңизинде НАТОнун коопсуздук операциясын баштоо да макулдашылды.

“Деңизге күзөт” деп аталган операция Европаны карай миграциялык агымды күчөткөн адам аткезчилигине жана терроризмге каршы багытталмакчы.

НАТО саммити Варшавада альянска каршы жүздөгөн активисттин нааразылык акциялары менен да коштолду.