НАТО чыгыш канатын бекемдейт

НАТОнун Баш катчысы Йенс Столтенберг (оңдо) Брюселде өткөн жыйында. 5-февраль, 2015-жыл.

Түндүк альянс Орусиянын ыктымал агрессиясына каршы чара көрүү үчүн чыгыштагы мүчө мамлекеттердин аймагында командалык борборлор түзүлөрүн билдирди.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг Түндүк альянстын чыгыш канатын күчтөндүрүү кадамы Орусиянын агрессиячыл аракеттерине жооп иретинде жасалып жатканын билдирди:

- Орусияны жикчилерди колдоону токтотууга, Минск келишимин урматтоого, ок атышпоонун шарттарын аткартуу үчүн аларга таасир этүүгө чакырабыз, - деди Столтенберг НАТОнун коргоо министрлеринин Брюсселдеги жыйыны алдында.

Министрлер ыкчам аракеттенүүчү күчтөрдүн санын көбөйтүү, алардын кубатын арттыруу жана Чыгыш Европада чакан командалык борборлорду түзүү маселесин талкуулашмакчы. Ал борборлор Орусия тараптан коркунуч туулса, туруштук берүүгө кудуреттүү болууга тийиш.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, Брюссел, 5-февраль 2015

- Жаңы структуранын санын жана курамын чечебиз, анын саналуу күндүн ичинде жайгашуусун камсыздоо керек. НАТОнун азыркы ыкчам аракеттенүүчү күчтөрүн бекемдеп, командалык жана көзөмөл бөлүктөрүн чыгыштагы өнөктөш алты өлкөдө ачуу боюнча чечим кабыл алынмакчы.

Баш катчынын айтымында, бул коргонуу чараларын Орусиянын эл аралык нормаларды бузуусуна, анын ичинде Крымдын аннексиясына жооп катары кабыл алуу керек. Өткөн жылдын март айындагы референдум орусиялык аскерлер жарым аралга киргизилгенден кийин өткөрүлгөн. Киев жана Батыш аны мыйзамсыз деп эсептешет.

Столтенберг НАТО менен Орусиянын “практикалык кызматташуусу” убактылуу токтотулганын белгилеп, 6-8-февралда орус тышкы иштер министри Сергей Лавров менен Мюнхендеги жолугушуусу диалог мүмкүнчүлүктөрүн сактап калуу аракети болмокчу деди.

Киев жана шериктери Москва кошуна өлкөдөгү жикчилдерди курал-жарак менен камсыздап, машыктырууда, аскерий кеңешчилерин жана куралдуу күчтөрүн жөнөтүүдө деп айыптап келишет. Соңку маалыматтарга караганда, жаңжал тутанган өткөн апрелден бери уруш аймагында 5 жарым миңге чукул киши набыт болду.

Ал тапта АКШнын мамлекеттик качысы Жон Керри украин президенти Петро Порошенко менен кездешүү үчүн Киевге барды.

Визиттин алдында Вашингтон гуманитардык жардам иретинде 16,4 миллион доллар сунуш кылат деп айтылган.

Украин армиясынын жоокерлери, 3-февраль, 2015-жыл

Ошондой эле АКШ жикчилдерге каршы күрөшүү үчүн украин армиясына курал-жарак жагынан көмөктөшпөө саясатынан баш тартышы мүмкүн деген маалыматтар тараган.

Буга чейин Вашингтон Украинаны согуштук эмес жабдыктар менен камсыздап келген.

Киев жана Батыш өкмөттөрү Орусия жаңжалды дагы бир нече жыл жөнгө салбай, ушундай жол менен Украинаны алсыздандырууга кызыкдар деп ишенишет. Орус президенти Владимир Путин жикчилдердин Донецк менен Крымды байланыштырган тилкени ээлеп алуу аракеттерин колдошу мүмкүн деген чочулоолор да жок эмес.

3-февралда америкалык сенаторлордун тобу президент Барак Обама менен НАТОну “Орусиянын өсүп бараткан агрессиясынан суверендүү чек араларын коргоо үчүн Украинага тез арада аскерий жардам берүүгө” үндөшкөн.

Бир канча күндөн бери атышуулар болуп жаткан Дебальцево шаары. Шаар украин армиясынын көзөмөлүндо. 4-февраль, 2015-жыл

Бирок европалык айрым лидерлер Украинаны курал-жарак менен камсыздоо Орусия менен кризисти ого бетер курчутушу ыктымал деген чочулоолордон улам, андай кадамга каршы пикирин айтышууда.

3-февралда Порошенко АКШ жана башка өнөктөштөрдөн курал-жарак жакын арада келе башташы мүмкүн деп билдирген.

Чыгыш Украинадагы абал соңку жумаларда курчуп кетти. Шаршембиде козголоңчулардын колундагы Донецк шаарындагы ооруканага ракета тийгенде кеминде беш киши каза тапты.

Куралдуу күчтөрдүн 5-февралда тараткан маалыматына ылайык, алдыңкы 24 сааттын ичинде беш жоокер окко учту.

Кармаш борбордук өкмөттүн көзөмөлүндөгү Дебальцево шаарчасынын айланасында да уланууда.