Мьянма: качкындар агымы токтогон жок

Бенгал кысыгы аркылуу коңшу Бангладешке качып келген Мьянмадагы рохинжа мусулмандары.

Түштүк-Чыгыш Азиянын Мьянма өлкөсүнөн коңшу Бангладешке жер которгон качкындардын агымы токтобой жатат. Улуттар уюму болсо Мьянмадагы быйылкы кыянатчылыктарга геноцид катары аныктама берүү боюнча азырынча бир бүтүмгө  келе элек.

Ушул апта башында да Мьянмадан коңшу Бангладештин чек арадагы Кокс базар районуна рохинжа мусулмандарынын дагы миңдегендери ооп келди.

Муну Улуттар уюму тараткан соңку видео тасма да күбөлөндүрүп турат. Анда чек арадагы качкындардын агымы асмандан, дрон аркылуу тартылган.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Мьянма: качкындар агымы токтогон жок

Мындан эки күн мурда болсо БУУнун Качкындар иши боюнча агенттиги Бангладештин бийликтерин чек арада камалып калган 15000дей качкынды тезирээк өткөрүүгө чакырган болчу.

Ал арада Улуттар уюму өзү Мьянмадагы быйылкы окуяларды геноцид деп баалоо боюнча азырынча бир бүтүмгө келе элек.

- Биз али мунун укуктук чектерин карап жатабыз. Мьянмадагы кыянатчылыктар этникалык тазалоонун окуу китептериндеги үлгүлөрүндөй көрүнүп жатат деген бааны буга чейин жогорку комиссар берген. Бирок Адам укуктары боюнча жогорку комиссарлыкта биз азырынча мындай аныктама жасай элекпиз, - деди 18-октябрда Женевадагы жыйында БУУнун Адам укуктары боюнча Жогорку коммиссарлыгынын Азия-Тынч океан чөлкөмү боюнча башчысы Жьоти Сангера.

БУУнун Адам укуктары кеңсесинин өткөн аптадагы жыйынында Мьянманын коопсуздук күчтөрү жана армиясы рохинжа мусулмандары алардын кичи мекени - Ракхайн штатына кайтып барбагыдай саясат жүргүзүп жатканы да белгиленген болчу.

Бул өлкөдө орун алып жаткан кыянатчылыктар үчүн бийликтин аскерий канаты көбүрөөк жоопкер деген ойду 18-октябрда Нью-Йорктогу конференцияда АКШ мамлекеттик катчысы Рек Тиллерсон да айтты:

- Биз чындап эле рохинжа райондорундагы окуялар үчүн Мьянманын аскерий жетекчилиги жоопкер деп санайбыз. Биз үчүн эң башкысы - бул райондон айтылган мыкаачылыктарга дүйнө эч нерсе жасабай, жөн эле күбө болуп турбашы.

Рекс Тиллерсон.

АКШ мамлекеттик катчысы алар Мьянмада террорчул, козголоңчул элементтер бардыгынан кабардарлыгын, бирок аскер бийлик чара көрүүдө этият болушу зарылдыгын, рохинжалар жашаган райондорго эл аралык гуманитардык уюмдар киргизилүүсү керектигин белгиледи.

Мьянма бийликтери үй-жайлардын өрттөлүшүнө, адамдардын өлтүрүлүшүнө алып барган кыянатчылыктардын тутанышы үчүн бул этникалык жана диний азчылыктын ичинен чыккан согушкерлерди айыптаган.

Өлкөнүн жарандык лидери, Нобель Тынчтык сыйлыгынын лауреаты Аун Сан Су Чжи өткөн аптада Ракхайн штатын калыбына келтирүү боюнча комитет түзүлгөнүн жарыялап, эл аралык уюмдарды жардам берүүгө чакырган, коңшу Бангладеш менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын билдирген:

- Биз Бангладештин өкмөтү менен азыр ал жерде жүргөндөрдү кабыл алуусу боюнча сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп жатабыз. Көз карандысыздыгыбыздан бери Бангладеш менен бул маселени эки жолу ийгиликтүү талкуулаганбыз. Ушул ийгиликтүү салтка таянып, азыр үчүнчү ирет сүйлөшүүдөбүз.

Аун Сан Су Чжи.

БУУнун эсебинде, быйыл август айынан бери Бангладешке рохинжа мусулмандарынын 580 миңдейи ооп келди.

Мьянманын 51 миллиондон ашуун калкынын дини боюнча 88% буддисттер, 6% христиандар, 4% мусулмандар, ал эми рохинжа мусулмандары өлкөдөгү 2,5 миллиондой мусулмандын жарымына жакынын түзөт.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.