Бөлүнгөн Ливияны бириктирүү аргасы

Ливиянын улуттук жарашуу өкмөтүндө премьер-министрдин милдети жүктөлгөн Фаиз Саррадж, АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри, Италиянын тышкы иштер министри Паоло Жентилиони Венадагы жыйындан кийин. 16-май, 2016-жыл.

БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу беш мүчөсү Ливиянын эл аралык коомчулук тааныган өкмөтүнө “Ислам мамлекети” тобу жана башка террордук топтор менен күрөшүүсү үчүн курал берүүнү макулдашты.

Акыркы жылдары баш аламандык өкүм сүрүп жаткан Ливиянын улуттук жарашуу өкмөтүнүн алдында азыр бийлигин бекемдөө жана өлкөнү бириктирүү милдети турат.

Ливиянын эл аралык коомчулук тааныган өкмөтүн курал-жарак менен жабдуу маселеси БУУнун Коопсуздук кеңешине туруктуу мүчө АКШ, Орусия, Кытай, Британия, Франция жана башка он бештей мамлекеттин Венадагы жыйынында макулдашты. Бирок бул үчүн БУУнун Коопсуздук кеңеши буга чейин атайын Ливия үчүн киргизген курал эмбаргосу алынышы керек.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Венадагы жыйындан кийин анда макулдашылган маселелерди “кылдаттык менен тең салмакталган” деп атоо менен төмөнкүлөргө токтолду:

- Ливиянын тынчтыгына жана коопсуздугуна коркунуч келтирүүчү аракеттерге аралашкандар же саясий өткөөл жараяндын ийгиликтүү кетишине тоскоолдук кылып, үзгүлтүккө учуратууну көздөгөндөр БУУнун Коопсуздук кеңешинин түрдүү резолюцияларында көргөзүлгөн санкцияларга кабылат. Ал эми Ливияны бөлүп-жарбастан, бириктирүүнү көздөгөндөргө биздин айтарыбыз ачык. Кошмо Штаттар жана өкүлдөрү бул жерге келген эл аралык коомчулук силердин ар бир кадамыңарды колдоого даяр. Ливиянын жаңы өкмөтү өзүн Триполиде бекемдеш үчүн Улуттар Уюмунун алкагындагы иштер жакшылап жүргүзүлүп, коопсуздук чаралары даярдалышы керек.

Жон Керри Ливиянын жаңы өкмөтү алдында “Ислам мамлекети” тобуна жана башка террордук уюмдарга каршы бирдиктүү жетекчиликтин алдында күрөшүү милдети турганын кошумчалады.

Мындан беш жылча мурда Муаммар Кадаффи бийликтен кулатылгандан бери Ливияда баш аламандык өкүм сүрүүдө.

2014-жылдын орто ченинде согушкерлердин топтору борбор Триполини ээлөө менен өз өкмөтүн курап, мыйзамдуу шайланган парламентти өлкөнүн чыгышына көчүүгө мажбурлаган эле. Башкача айтканда, бири-бирине атаандаш эки өкмөт жаралган.

Борбордук өкмөттүн жоктугу “Ислам мамлекети” жана башка экстремисттик топтордун согушкерлери өлкөнүн ар кайсы аймактарын ээлеп алышына да алып барды. Маселен, Жер ортолук деңиз жээгиндеги Сирт аймагы "Ислам мамлекети" террордук тобунун колуна өтүп кеткен.

Ливиянын жээгинен кармалган мигранттар. Триполи, 16-май, 2016-жыл.

Өлкөдөгү саясий тайпалардын башын кошуу аракетинде Улуттар Уюму былтыр декабрда жетишилген макулдашуулардын негизинде Президенттик кеңеш түзгөн эле. Ал кеңеш он сегиз министрден турган өкмөттү курап, ушул дүйшөмбүдөн тарта ишке киришти.

Бирок кайра эле ички ыйкы-тыйкылыктардан улам Ливиянын эл аралык коомчулук тааныган жана Тобрук шаарында жайгашкан парламенти БУУ колдогон өкмөткө ишеним көргөзө элек.

Улуттук жарашуу өкмөтүндө премьер-министрдин милдети жүктөлгөн Фаиз Сарадж алар эл аралык коомчулуктан күткөн жардамдар тууралуу буларга токтолду:

- Биз жээк кайтаруучуларыбыз мыйзамсыз миграцияны токтотуу үчүн жардам алат деп макулдаштык. Ошондой эле дос өлкөлөрдү Ливияны элдештирүү боюнча демилгелердин баарын биздин Президенттик кеңеш менен координациялоого чакырабыз. Мындай демилгелердин баары ливиялык саясий диалогдун алкагында жүрүшү керек. Бизде террорго жана “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүү жагынан олуттуу маселелер бар. Атайын ыкчам борборлорду уюштурдук жана террорго каршы күрөшүү үчүн эми аларды бирдиктүү борборго айлантууга аракеттенип жатабыз. Биз эл аралык коомчулукту жардам берүүгө чакырабыз. Бирок бул өлкөнүн ички ишине кийлигишүү дегенди билдирбейт. Биз эл аралык жардам дегенде коопсуздук күчтөрүбүзгө керектүү жарак-жабдыктар берилип, адамдарыбыз окутуп-машыктырылуусун эске алып жатабыз.

Премьер-министрдин милдетин аткаруучу Фаиз Сарадждын айтымында, улуттук жарашуу өкмөтү муктаж курал-жарактын тизмесин жактыруу үчүн БУУнун Коопсуздук кеңешине жакынкы күндөрү берет.

Бул аралыкта шейшемби күнү Ливиянын буга чейин атаандаш болуп эки өкмөтү өлкөнүн негизги киреше булагы-мунай өндүрүштү бириктирүүнүн жол-жобосун макулдашканы кабарланды.