Апта: бийлик менен муфтияттын ажырымы

Өлкө президенти Алмазбек Атамбаев менен муфтий Максат ажы Токтомушев жана Абдышүкүр ажы Нарматов.

Узап бараткан жумада, Германия канцлери Кыргызстанга келди. “Кайран элим, кайда баратабыз?” деген кайрылуу коомдо талаш-тартыш жаратты. Франция жаңы теракттан жабыркады. Түркияда аскердик төңкөрүш жасоо аракети болду.

Канцлердин тилектештик сапары

13-июлдун кечинде Германия канцлери Ангела Меркел Кыргызстанга келди. Анын негизги сүйлөшүүлөрү 14-июлда болду. Бул күнү президент Алмазбек Атамбаев менен сүйлөшүү өткөрүп, Ала-Арча мамлекеттик коругунда болууга да үлгүрдү. Германиянын канцлери Жогорку Кеңештин төрагасы жана фракция лидерлери, дин ишмерлери менен да пикир алмашты.

Сапардын жыйынтыгы боюнча эч кандай документ же келишимдерге кол коюлган жок. Жакшы ниеттер жана каалоолор жетиштүү болду.

Ангела Меркелдин сапарынын урматына илинген баннер. Бишкек

Дүйнөлүк экономикалык жана саясий борборлордун бири болгон Европа Биримдигиндеги экономикалык жактан эң күчтүү жана ошого жараша эң таасирлүү өлкөнүн лидеринин Кыргызстанга келиши албетте жакшы белги. Бирок финансы-экономикалык, инвестиция-технологиялык жактан мазмуну байкалбаган сапардын мааниси бар беле деген суроо дагы жок эмес.

Германия канцлеринин Кыргызстанга сапарынын маани-мазмун жана максатына токтолсок, Германия лидеринин адам укуктары жана демократияга чындап маани бериши менен байланыштырууга болот. Ангела Меркелдин ал сапаты жүз миңдеген мигранттарды кабыл алууда көрүнгөн.

Үй-бүлөлүк башкаруу жана бийликти өмүр бою энчилеп алууга каршы чыгып, демократиялык коом кургусу келген Кыргызстанга Европа Биримдигинин лидеринин сапарын мына ошол умтулууну колдоо деп түшүнүүгө болот. Андан сырткары оңтою келип калгандагы сый сапар деп мүнөздөсөк да ашыктык кылбайт. Анткени Ангела Меркел Монголияда элүүдөн ашык мамлекет лидерлери катышкан Европа-Азия саммитине бараткан жолдо Кыргызстанга кире кетти.

Сапардын практикалык жагына келгенде, анда эч кандай документтерге кол коюлбаганга карабай, анын кайрымы болбой койбойт. Европа Биримдиги, анын ичинде Германия эгемендик доорунан бери бюджеттик тартыштык жана финансы-экономикалык кризистен чыга албай келаткан Кыргызстандын ири донорлорунун бири. Ошондуктан Европа Биримдигинде жакыр өлкөлөргө жардам берүү маселесине келгенде Кыргызстандын абалын түшүнгөн жана аны менен жакындан тааныш лидердин оң мамилесине бекем үмүт артууга болот.

Ангела Меркел андан сырткары Германиянын жогорку окуу жайларында кыргызстандык студенттерди көбөйтүүнү жана имамдарды окутууга жардам берүүгө даярдыгын билдирди:

- Биз ислам, тагыраак айтканда, радикалдуу исламдын жайылышы жөнүндө сүйлөштүк. Жергиликтүү имамдарды даярдоого аракет жасалышы керектигинде пикирлеш болдук. Германияда имамдардын окуу борборлору бар. Биз аларды андан ары бекемдейбиз, диний билим берүүгө көңүл бурабыз. Ал жакта балдар эмнени үйрөнүп, эмнеге окутулуп жатканы ачык болушу керек. Тилекке каршы, региондо исламдашуу жайылып баратат.

Алмазбек Атамбаев Ангела Меркел менен сүйлөшүүдө диний радикализм, террочулук күчөшү менен катар маданий-гуманитардык, саясий-экономикалык маселелер ортого салынганын билдирди.

Геосаясий маселеге токтолгон Алмазбек Атамбаев Европа Биримдиги менен Орусиянын орток пикир табуусуна тилегин айтты:

- Мен жакында эле канцлер Меркел айымдын ХДСтин курултайында сүйлөгөн сөзүнүн үзүндүсүн Евроньюстан көрүп калдым. Анда ал Европа Биримдиги менен Орусия акырындап жакындашып, соңунда батышы Лиссабондон чыгышы Владивостокко чейин бирдиктүү экономикалык аймак жаралышы керектигин айтты. Албетте, анын түштүгү Бишкектен болушу керек деп ойлойм.

Алмазбек Атамбаев Орусия менен Европа Биримдиги Украина боюнча орток пикир табышы керектигин кошумчалады.

Кыйчалыш кезең...

Кыргыз коомунда улуттук идентификация, тагыраак айтканда, диний турмушта жашоо боюнча айгышкан күрөш жана талаш-тартыш өкүм сүрүүдө. Өлкө бул жагынан кандайдыр бир айрылыш жолго келип калгандай.

Бир жагынан коомдо жана элде тамыры жайылып бараткан динге негизделген жүрүм-турумду жактагандар өз позициясын бекемдеп, андан ары бүт жүрүм-турумду бери дегенде Сауд Арабиядагыдай көрүнүшкө жеткирүүнү көздөп баратат.

Айт намаз. Өкмөт башчы Сооронбай Жээнбеков (ортодо), Бишкек мэри Албек Ибраимов (солдо), Социалдык коргоо министри Кудайберген Базарбаев (оңдо). 2016-жыл

​Коомдун экинчи жагы светтик турмуш образын сактоону көздөп, ал үчүн позициясын, пикирин эми гана ачык айтууга даай баштады.

Буга чейин президенттен баштап, айыл өкмөтүнө чейин, министрден тарта, төмөнкү кызматкерге чейин мечиттерге агылып, диний жөрөлгөлөргө катышуулары диний трендди күчөтүп, светтик коомду жактагандар четке сүрүлүп калган.

Ал эми диний багыттагылардын экспансиясы уланып, ал кыз-келиндерди кара паранжага чүмкөө, орто кылымдын кебете-кепширине келтирүүгө өтө баштаган. Андан ары халифат жана ИМ тобу экенин президент баш болуп эми эскерте баштады. Бул тенденция ушул жумада Бишкектин көчөлөрүнө илинген көрнөктөрдө даана көрүндү жана көрсөтүлдү.

Оппозиция лидерлеринин бири Адахан Мадумаров ажырым тенденциясы башталганына бир топ болду деди:

Адахан Мадумаров

- Бул бүгүн эле чыга калган маселе эмес. Көп жылдар бою тамчылап отуруп, быйыл чоң маселеге айланганы байкалды. Ислам десе аны жапайы, артта калган дин катары көрсөтүүгө аракет жасагандар бар. Тескерисинче, ислам десе ушундай болушу керек экен деп, жапа тырмак жармашып түшүнгөнү да, түшүнбөгөнү ошол жакты бет уруп калгандар болду. Эки тарабында тең кемчилик бар. Аябагандай чоң кемчиликтер кетти...

Адахан Мадумаров кыргыздын илгертен келаткан улуттук кийимдери динге төп келерин, Мухаммед пайгамбар өзү ар бир жердин ыңгайына жараша кийинүүнү сунуштаганын белгиледи.

Кыргызстандын муфтияты Бишкектин көчөлөрүнө илинген көрнөктү элди бөлүп-жаруу катары баалады. Ал эми мурунку муфтий Чубак ажы Жалилов өз пикиринде, бир жагынан улуттук тил жана кийим боюнча бийликтин өзүн сындап, экинчи жагынан көрнөктү өзгөртүүнү жактады:

Чубак ажы Жалилов

- Улуттук өзгөчөлүктү, улут катары сакталып калууну кагаз бетинде же ооз эки кургак сүйлөмдөр менен саймедиреп айтуу менен ийгиликке жетпейт. Мектептерде, жогорку окуу жайларда, расмий мекемелерде жаш өзгөчөлүгүнө жараша улуттук форманы милдеттүү түрдө киргизүүнү ишке ашыруу берекелүү аракет болмок. Көчөлөргө илинген көрнөктөргө көркөм элечекчен көчөт кыздардын сүрөтүн калтырып, ага кадырлуу эне Каныкей жана Алай ханышасы Курманжан датканын сүрөтүн кошкондо көксөөбүз сууп, жаныбыз жай тапмак.

“Кайран элим, кайда баратабыз?” көрнөгү жана ага карата реакция бийлик менен муфтияттын, дин аалымдарынын ортосундагы тереңдеп бараткан ажырымды көрсөттү.

Маселен, муфтият, дин аалымдары Чубак ажы Жалилов, дин эксперти Кадыр Маликов сындаган көрнөктөрдү бүт республика боюнча илүүнү президент Атамбаев өз аппаратына тапшырганын билдирди:

Гармония үчүн бизге сабаттуу, маданияттуу азаматтар керек. Дин тармагынан түшүнүгү жок адамдар динди башкарам деп келгенде ушунтип ашмалтайын чыгарат.
Адахан Мадумаров

​- Мен президенттик аппарат башчысына ошол баннерлерди илип жаткандарга финансылык жардам көрсөтүлсүн деп буйрук бердим. Андай көрнөктөр республиканын бардык жеринде илинсин. Бул исламдаштыруу эмес. Араб, Пакистан, Бангладеш же дагы башка бир маданиятты кыргыз маданияты менен чаташтырбайлы.

Кыргыз коомунда жүрүп жаткан бул талаш-тартыштар Сирия, Ирактагыдай абалга эмес, дин менен мамлекеттин, дин менен коомчулук ортосунда гармониялуу мамиленин түзүлүшүнө алып келүүгө тийиш.

Оппозиция лидерлеринин бири Адахан Мадумаров андай гармонияга жетүү үчүн кандай чара көрүү керектигин билдирди:

- Гармония үчүн бизге сабаттуу, маданияттуу азаматтар керек. Дин тармагынан түшүнүгү жок адамдар динди башкарам деп келгенде ушунтип ашмалтайын чыгарат. Соңку мезгилдерде депутаттар менен дин адамдарынын кайым айтышуусу жакшы белги эмес. Чубак ажы диний, исламий жактан абдан сабаттуу инсандарыбыздын бири. Абдышүкүр ажы бар, аалымдык жагынан молдо Абдилла ажы, Шакир ажы бар. Мына ошолор менен кеңешүү керек. Анан көчөдөн келгендерге эле сен мени жакшы көрөт экенсиң, мен сени жакшы көрөм деген саясатты жүргүзбөш керек эле.

Көптөгөн эксперттер жумушсуздук, жакырчылык жана адилетсиздик диний экстремизмдин жайылышы үчүн ыңгайлуу кыртыш экенин эскертип келет. Бул жагынан Кыргызстандагы оңолбогон финансы-экономикалык абал, анын айынан жүз миңдеген мекендештер аргасыздан миграцияга агылуусу оптимисттик маанай тартуулабайт.

Франциядагы кезектеги теракт

Узап бараткан жума Франциядагы эсти оодарган теракт менен коштолду. 14-июлда Франциянын Ницца шаарында “Бастилиянын алынышынын” урматына атыла турган салютту көрүү үчүн чогулган элди террорчу жүк ташуучу автоунаа менен тебелеп, андан кеминде 80 ашуун киши өлдү. Алардын арасында балдар көп экени айтылууда. Ондогон адамдар жараат алды. Алардын 50 чактысынын абалы оор экенин президент Франсуа Олланд билдирди.

Франция бийлиги бул терактты жасаган адам 31 жаштагы теги тунистик француз жараны Мухамед Булел экенин билдирди. Анын "Ислам мамлекети" террордук уюмуна тиешеси бар экени кийинчирээк маалым болду.

Франция президенти Франсуа Олланд эмне үчүн бул теракт жасалды деген суроого мындай жооп берди:

- Эмне үчүн Ницца? Анткени ал дүйнөгө белгилүү, эң кооз шаар. Эмне үчүн 14-июль? Анткени - Эркиндик күнү. Ал Франция азап тартуусу үчүн теракт жасады.

Бул терактка байланыштуу Франция үч күндүк аза күтүү жарыялады. Өткөн жылы Париждеги теракттан кийин жарыяланган өзгөчө кырдаал дагы үч айга узартылды. Президент Франсуа Олланд террорчуларга сокку урууга убада берди.

Сирия жана Ирак: мунаса издөө

Дүйнөдө теракттын көбөйүшүнө айгак болгон Ирак жана Сирия жаңжалы боюнча дүйнөдө карама-каршылык сакталып кала берүүдө. 15-июлда АКШнын мамлекеттик катчысы Жон Керри Москвада президент Владимир Путин, тышкы иштер министри Сергей Лавров менен сүйлөшүү өткөрдү. Анда Кошмо Штаттар Орусия менен маалыматтык борбор түзүп, ал жерде эки тараптын аскерий офицерлерин, чалгынчы жана эксперттерин отургузуп, “Ислам мамлекети” жана “Жебхат ал-Нусра” террордук уюмдарына координацияланган сокку урууну сунуштады.

Вашингтон анын ордуна Сирия президенти Башар Асаддын кызматтан кетишин Орусия камсыздап, Сирияда өткөөл өкмөт түзүүнү талап кылары айтылууда.

Биргелешкен маалымат борборун түзүү жана сокку уруу маселеси кызуу талкууда экени кабарланды. Ал эми Сирия президентинин тагдыры боюнча Москва өз позициясын өзгөртпөгөнүн билдирүүдө. Сирия президенти Башар Асад АКШнын телеканалына берген интервьюсунда “орус тарап эч качан андан кызматтан кетүүнү талап кылбаганын, эки тараптын кызматташуусу окшош баалуулуктарга таянарын” билдирген.

Бул арада Түркия Сирия боюнча позициясын өзгөрткөндөй белги берди. Түркиянын өкмөт башчысы Бинали Йылдырым Анкара Ирак жана Сирия менен мамилесин оңдорун билдирди:

Бинали Йылдырым

​- Биз Орусия жана Израил менен мамилебизди жөнгө салдык. Мен ишенем, биз ошондой эле Сирия менен да мамилебизди оңдой алабыз. Терроризмге каршы күрөштө ийгилик болушу үчүн Сирия жана Иракта күчтүү бийлик болуп, туруктуулук орношу керек.

Түрк бийлиги ошол эле учурда Башар Асадды кызматтан кетирүү талабынан баш тартпасын кошумчалаган. Бирок Асадды кулатуу үчүн колдоого алынган куралдуу топтор аягында террорчу топторго кошулуп, ал Түркия эле эмес, жалпы дүйнөгө коркунуч туудуруп жатканын түшүнүп келе жаткандай.

Түркия: ишке ашпаган аскердик төңкөрүш

Түркия Сирия менен Ирактын ишин чечүүгө аракет кылып жаткан кезде бул өлкөнүн президенти Эрдогандын бийлигине нааразы армия башчылары аскерий төңкөрүш уюштурууга аракет кылып, ал жүзөгө ашпай калды.

15-июлда кечинде башталган тополоңдун айынан каза тапкандардын саны 260тан ашып, жараат алгандар саны 1400гө жетти. Өлгөндөрдүн 100дөн ашууну жок кылынган козголоңчулар экенин расмий бийлик кабарлады. Анкарадагы түрк парламентинин имаратына бомба ташталып, талкаланды.

Ишке ашпай калган төңкөрүшкө тиешеси бар делген алты миң адам кармалган.

Түркия, Стамбул

Президент Режеп Тайип Эрдогандын кеңсеси тараткан билдирүүдө, "Демократиялуу шайланган өкмөттү кулатууга армия ичинде, командалык тутумдан тыш турган топ аракет жасады" деп айтылды. Эрдоган өз жактоочуларын көчөдө кала берүүгө чакырды.

Түркиянын премьер-министри Биналы Йылдырым 15-июлдун түнүндөгү окуяларды Түркиянын демократиясы үчүн “кара так” деп атады.

Түркия бийликтери бул төңкөрүш аракети үчүн армия ичиндеги топ менен катар алардын артында турган күч катары акыркы бир нече жылдан бери АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүленди да күнөөлөштү.

Жашы 75ке келип калган, Түркия армиясында, өкмөтүндө бир топ колдоочулары бар деп саналган Гүлен өз билдирүүсүндө бул айыптарды кескин түрдө четке кагып, ал өзү да акыркы 50 жылдагы бир нече аскерий төңкөрүштөн жабыр тартканын айтып чыкты.

Түркиянын тарыхында аскерий төңкөрүш жасоого аракеттер бир нече жолу катталган. Өлкөнүн куралдуу күчтөрүндөгү аскерий жетекчилердин катышуусу менен 1960-жылы, 1980-жылдары бийлик алмашкан. Ал эми 1971-жылы жана 1997-жылы мындай аракеттер өкмөттөрдү отставкага кетүүгө мажбурлаган. Бирок акыркы жылдары аскерий жетекчилердин таасири азайып бараткан. 2007-жылы аскерий төңкөрүш жасоого камынган деген шек менен бир нече аскер жетекчилерине иш козголуп, камакка алынган.