Чехия: ажаат ачкан мекендеш

Жумагүл Чоткараева (солдо) балалуу мигрант келин менен иш маалындагы тыныгуу учурунда

Мигранттык уюмдун өкүлү юрист Жумагүл Чоткараева мигранттарга укуктук кеп-кеңеш берет. Кээ бир мигранттар кеч кайрылгандыктан, ылаажысы табылбай калган учурлар көп.
Чехиядагы өкмөттүк эмес "Европалык Контакт" тобунун Плзен шаарындагы координатору кыргызстандык мигранттарга керек болсо баш калаа Прагага чейин келип жолугуп, укуктук кеп-кеңешин берет.



Жумагүл Чоткараева: Мен Чех жумуриятына келгенден бери миграция жаатына көбүрөөк кызыгып, изилдөөлөрдү жүргүзүп, долбоорлорду жазып аракет жасагам. Коомдук, өкмөттүк жана коммерциялык эмес мекемеге жумушка кирип 5 жылдан бери чет элдик мигранттарга жардам көрсөтүп келем. Аларга укуктук, социалдык тармакта кеңеш берип келем.

Ушунча жылдан бери мен жардам берген кишилердин арасында
Мигранттар менен жолугушуу учурунда
кыргыздар да болду. Аларга да колуман келишинче жардам берип, колумдан келбей турган маселе болсо тийиштүү мекемелерге жөнөтүп, жардам берип келем. Чех мамлекетинде мигранттын кандай укугу бар, мыйзамдарда кандай каралган, мыйзам кандай жардам берет, мигрантын милдети кандай, ошолор боюнча түшүндүрүү иштерин жүргүзөм. Ошол эле мезгилде алардын аты-жөнүн айтканга укугум жок.

Жаңыл Жусупжан: Кыргыздар сизге өзгөчө ишеним менен кайрылышса керек. Негизинен кайсыл маселе менен көбүрөөк келишет?

Жумагүл Чоткараева: Бизге кайрылгандар өтө оор акыбалда калганда кайрылышат. Мисалы эки бала визасыз кармалып, өлкөдөн чыгып кетүүгө буйрук чыгат, алар кетпей жүрө берип, кайра кармалат.
Алар мага мигарциялык түрмөдөн чалышты.

Булар деле акча иштеп табалы, ата-энебизди багалы деп келишкен. Менин деле балдарым бар, мен аларды түшүнөм. Ошондуктан, мыйзамды бузганына карабай Эл аралык миграция мекемесине чейин кайрылып, кийин Ички иштер министрлигинде кылмыш ишин козготпой, администртивдик жоопкерчилик менен эле бошотуп, Кыргызстанга кайра кетишине жардам бергем. Кыргыздар деле телефон аркылуу менден кеп-кеңеш алып турушат. Анткени алар башка шаарларда турушат. Өзүлөрүнүн иштери боюнча кеңеш сурап турушат.

Жаңыл Жусупжан: Азыр сиз айткан эки бала мекенине кете албай калганда эмне болмок?
Кесиптештери менен талкуу учурунда
Жумагүл Чоткараева: Эгер алар Кыргызстанга кетпегенде, кылмыш иши козголмок. Сот аларды алты айга, же бир жылга кесип жибериши да мүмкүн эле.

Жаңыл Жусупжан: Мына Орусияга келген кыргыз кыздарынын тагдыры тууралуу көп айтылып жүрөт. Айылдан келген кыздар төрөп балдарын ташташат экен. Мындайлар Чехияда кездешеби?

Жумагүл Чоткараева: Чындыгындай андай учурларды мен эч кездештиргеним жок. Эң эле жаманы Кыргызстандан келген кишилердин көбүндө Чехия тууралуу маалымат жок. Көпчүлүгү мына бул Балтика өлкөлөрүнүн визасы менен келишет дагы анын Чехияда мыйзамсыз калып калышат. Эгер ошолорго туура маалымат берилсе, мыйзамдуу түрдө келип иштеп, же окуп кетишсе болот эле.

Жаңыл Жусупжан: Чехияда Кыргызстандын элчилиги жок эмеспи. Австриядагы элчиликке баруу керек. Бул ишиңизге түйшүк жаратпайбы?

Жумагүл Чоткараева: Түйшүк жаратат, албетте. Себеби жанакы мен айткан эки баланын тагдыры чечилип жатканда мен бул жактын
бийлиги менен сүйлөшүп, жан талашып Кыргызстанга кетип калсын десем, алардын паспортторунун мөөнөтү бүтүп калган экен. Мен Австрияга кыргыз элчилигине чалып, интернеттен кат жазып, жооп алалган жокмун.

Кат жазганда түшүндүрүп айткам. Мен мигранттар боюнча иш алып барам, эки баланын тагдыры тууралуу жазып, тез арада жаңы паспорт жасатып берсеңер деп сурансам жооп беришкен жок. Телефон чалсам, бизде анын кагаздары жок эле, тиги-бу деп убакытты созуп жиберишти.

Мен Кыргызстанга байланышып, жеке тааныштарымы ортого салдым, балдардын ата-энелери да чуркап, тийиштүү кагаздарын, паспортторду тездетишти. Чехтер болсо “Жумагүл, сенин жердешиң болсо эле кетириш керекпи?” деши мүмкүн, же башка өлкөлөрдүн жарандары атаандашышы мүмкүн. “Эмнеге буларды жөнөтүп, бизди соттоп жатасыңар?” деши дагы мүмкүн.

Ар бир күн "алтынга тете" учурда кыргыз элчилиги ыкчам
Кесиптештери менен иш үстүндө
иштеп, биз менен тыгыз кызматташса жакшы болмок эле. Жакында мага бир бала кайрылган анын да паспорт боюнча көйгөйлөрү бар. Ошол маселе боюнча элчиликке электрондук кат жөнөттүм, алиге жооп жок. Улам-улам ар бир кишиге каражат сарптап, телефон чалып байланышканга менде деле мүмкүнчүлүк аз.

Жаңыл Жусупжан: Сиз жардам бере албай өкүнүп калган учурларыңыз болдубу?

Жумагүл Чоткараева: Мага кайрылган кыргызстандыктардын баарына эле колдон келишинче жардам берип жатам. Анан көптөр убакыт өтүп кеткенден кийин кайрылышууда. Башына бир иш түшсө жүрө беришет да, таптакыр айла калбаганда кайрылышат. Ал убакта жардам берүүгө кеч болуп калат. Башында болсо мындай кылгыла, мыйзамда тигиндей каралган деп жол көрсөтмөкмүн. Кеч кайрылганда маселе оорлошот. Алар башкача көрсөтмө берип, туура эмес айтып коюшкан болот.

Андайда оңой болбой калат. Биринчи көрсөтмө бергенде мыйзамда кандай каралган, ошондо туурасын айтыш керек.

Жаңыл Жусупжан: Мигранттардагы негизги кыйынчылык деп эмнени айтаар элеңиз?

Жумагүл Чоткараева: Көпчүлүгү визасы жок келип алышат. Аларга бирөөлөр «Башка өлкө аркылуу барсаңар болот» десе, келип алып бул жерден визаны узартууга аракет жасашат. Башка мамлекет аркылуу келгендер визасын Чехиядан узарта алышпайт. Кыргызстанда Чехиянын элчилиги жок, Казакстанга Астанга барып, виза алып келиши керек. Алар виза жасап беребиз деген фирмаларга акчасын төлөп, алданып калышат.

Бул жерде да мигранттарды алдаган жалган фирмалар көп. Андан тышкары өзүбүздүн эле кыргыз балдар ортого түшүп, акчасын алдап алып коюшат. Акча бергендер болсо же акчасын кайра алалбайт, же тамак-ашына каржаты калбай, кыйын абалга туш болгондор көп. Анан полицияга түшүп калат. Алар депортацияга берет. Депортация болгондон кийин аны алып калууга мүмкүнчүлүк жок.

Франкфуртта активисттер менен жолугушууда
Ошон үчүн мыйзамда каралгандай кылып эле тийиштүү кагаздарды топтоп, визаны мыйзамдуу жасап келишсе, маселе болбойт да. Ошону көпчүлүгү билишпейт. Билсе да, «акча менен жасап алам, акча менен бүтүрүп алам» дегендер көп. Бирок анда акчасы кур бекерге кетет.

Жаңыл Жусупжан: Кыргызстанда акча менен көпчүлүк маселелерди чечип алса болот деген ой калыптанып калган, ошондой көрүп мигранттар келе беришсе керек да?

Жумагүл Чоткараева: Ооба, алар ошентип ойлоп келе беришет. «Чехиядагы фирмага акчасын төлөсөм, мени алдабайт, баарын бүтүрүп берет» дешет.

Жаңыл Жусупжан: Сиз Европадагы байланыш тобу менен катар Плизендеги мигрант аялдар тобунда жетекчи экенсиз. Бул клубдун максаты кандай?
Борбор Азиялык өнөрпоздор тобу менен. Плзен, 2010-ж.

Жумагүл Чоткараева: Миграцияда эң активдүү, же ыкчам интеграция, же башка эл-жерге тез көнүп кете турган - аял экен. Аялдар иштейт, үй бүлөлөрү бар. Үй жайын ойлойт. Эс алууга, өзүн караганга убакыт бөлбөйт. Биз ошону ойлодук. Эркектер бул жака келгенден өзүнүн ордун таба албастан, же жумуш таба албай, кээ бирлери ичип кетишет, аялына, балдарына куугунтук көрсөтө баштайт.

Биз аялдардын тагдырын бир аз жеңилдетиш үчүн, алар чогулуп, сүйлөшүп, көңүлдөрүн ачып, чай ичип, жарпы жазылып кетсин дейбиз. Анан кээ бирде окууларды уюштурабыз. Аялдар келип өз ара пикир алмашып, сергип турушсун деп ушул уюмду уюштурганбыз.

Жаңыл Жусупжан: Бул иштер эми сиздин милдетиңизби же коомдук эле башталыштабы? Мен сизди мигранттардын жыйынында көргөн элем, 30-40 кишиге палоо даярдап, тамак- ашты камсыздап жаттыңыз эле. Бул да сиздин милдетиңизби же коомдук иш беле?

Жумагүл Чоткараева: Биз уюмда кээде ушундай бекер иш чараларды уюштурабыз. Чогуу иштеген кыздар менен өз ара сүйлөшүп, өзүмө кошумча милдетти алып алгам. Тамак-аш жагын мен башкарып берейин дегем. Бул жердеги мигрант аялдарды, эркектерди суранып атып, ошол тамак ашты уюштургам.