Орусия америкалык GPS системасын жабат

Орусиялык автоунаадагы GPS-навигатор. Иваново шаары. 2012-жыл.

Орусия 1-июндан тарта АКШнын GPS глобалдык навигациялык системасынын өз территориясында иштөөсүн токтотот.
Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Рогозиндин 13-майдагы билдирүүсүнөн кийин глобалдык системаны түзүүчүлөрдүн бири, америкалык профессор Брэдфорд Паркинсон мындан орусиялыктар гана жабыркашы мүмкүн экенин айтты. Рогозин ошондой эле АКШга ракеталар үчүн пайдаланылчу РД-180 кыймылдаткычтарын сатуу токтотуларын эскертти.

GPS (Global Position System) же Глобалдык аныктоо системасынын түзүүчүлөрүнүн бири “Орусиянын өз территориясында бул системага караштуу америкалык станциялардын ишин токтотуусу орусиялык гана керектөөчүлөргө таасир этиши ыктымал экенин, ал эми башка пайдалануучулар Москванын кадамынан эч кандай жапа чекпесин билдирди. Анткени Жердин орбитасына чыгарылган жандоочу - спутниктер сигналды эркин бере берет”, - деп түшүндүрдү Стенфорд университетинин профессору Брэдфорд Паркинсон “Эркин Европа/Азаттык” радиосуна берген маегинде. “Ошон үчүн, - деди илимпоз - Орусия өлкөнүн аймагында же башка жерлерди сигналдарды басып, GPS системасынын ишин үзгүлтүккө учурата албайт”.

13-майда Орусиянын вице-премьер-министри Дмитрий Рогозин Москвада өткөн маалымат жыйында 1-июндан тарта өлкөнүн аба мейкиндигиндеги америкалык 11 GPS станциянын иши токтотуларын эскертти жана анын себеби жөнүндө “Акыркы айларда Глобалдык спутниктик аныктоо системасы - ГЛОНАССтын инфраструктурасын АКШда жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдө жылыш болбоду. Биз бул маселени 31-майга чейин чечкенге аракет кылабыз жана 1-июндан тарта Орусиянын территориясында GPS системасынын ишин токтотобуз” – деп билдирди.

Рогозин эгерде ГЛОНАССтын жабдууларын Кошмо Штаттардын аймагында жайгаштыруу маселеси 1-сентябрга чейин оң жагына чечилбесе, АКШнын Глобалдык аныктоо системасы Орусияда биротоло өчүрүлөрүн кошумчалай кетти.

“Нью-Йорк Таймс” гезити 2013-жылы ноябрда жазганга караганда, АКШнын Борбордук чалгындоо кызматы (CIA) жана Коргоо министрлиги ГЛОНАССтын станциялары спутник аркылуу башкарылчу куралдардын бутага таамай тийүү мүмкүнчүлүгүн жакшыртат жана Орусияга Кошмо Штаттардын территориясын көзөмөлдөөгө жардамдашат деп ишенет.

Орусиянын ГЛОНАСС системасы АКШнын GPS системасына окшош. Бул эки системанын орбитадагы станциялары деңиз кемелеринин, учактардын, автомобилдердин жүргөн жерин, ылдамдыгын, убактысын так аныктайт жана тынымсыз көзөмөлдөп турат.

1982-жылы алгач пайдаланууга берилген Орусиянын ГЛОНАСС системасы 24 жандоочу спутниктен турат. Соңку жумаларда ГЛОНАСС бир нече жолу бузулуп, бир ирет 11 саатка жакын иштебей калган. Тынымсыз көзөмөлдөө системасы эмне себептен иштебей калганы жөнүндө Москва эч кандай маалымат берген эмес.

АКШнын GPS системасынын орбитада 32 станциясы бар. Америкалык эксперт Виктория Сэмсондун айтышынча, орусиялык ГЛОНАСС америкалык GPS системасынын деңгээлинде иштөөгө тырышканы менен азырынча ага жетише элек.