"Хамастын" өкүлдөрүнүн айтымында, өкмөт башчынын кеңсеси “толугу менен талкаланды”. Газа тилкесинде кырдаал курчуду.
Жума күнү Египеттин премьер-министри Хишам Канди Газа тилкесине чукул сапарга келип, атышууларды токтотуп, тынчтыкка келүүгө аракеттерди күчөтүүнү убада кылды. Египеттин президентти Мохаммед Мурси Израилдин аракетин “адамзатка каршы агрессия” деп баалаган.
Израил болсо Газа тилкесинде палестиндердин соккусунан өз жарандарын коргоо үчүн бардык зарыл кадамдарды жасаарын эскертти.
“Эч бир өкмөт элинин бештен бир бөлүгүнүн такай ракетанын бомбалоосу менен октун алдында жашоосун карап тура албайт. Израил мындай кырдаалга жол бербейт. Андыктан менин өкмөтүм Израилдин коргоо күчтөрүн Газадагы террордук топторго каршы сокку урууга көрсөтмө берди”, - деп билдирди Израилдин премьер-министри Бенямин Нетаняху.
Бейшембиде Газа тилкесинде чек арадан 25 чакырым жердеги шаарчада 3 жөөт аскер окко учкан.
Шаршембиде Израилдин бомбалоосунан 18 палестиналык анын ичинде балдар набыт болду.
Бейшембинин кечинде палестиналык козголоңчулар Израилдин баш калаасы Тел Авивди көздөй эки ракета учурушту. Ракетанын бири деңизге, экинчиси калаанын түштүгүнө түшүп, адамга зыян келтирген жок.
Израилдин коргоо министри Эхуд Барак армияга кошумча күчтөрдү тартууга буйрук даярдалып жатканын жарыялады. 16 миңдей такоолдогу күч аскерге чакырылышы мүмкүн.
Египеттин президенти Мохаммед Мурси бейшембиде телевидение аркылуу Израилдин агрессиясы “келишпей турган” иш деп баалады.
“Кечээ биз позициябызды ачык билдирдик – Израилден Египеттин элчисин чакыртып алдык. Израилдин элчисин [Каирдеги] Газадагы агрессияга каршы биздин позицияны Тышкы иштер министрлиги аркылуу өз өкмөтүнө жеткирүүгө чакырдык”, - деди президент Мурси Каирде туруп.
Дүйнөлүк лидерлер Газадагы күчөп бараткан кырдаалга көз салууда. Европа Биримдигинин тышкы иштер мекемесин тейлеген Кэтрин Эштон карапайым адамдар өлүп жатканына кабатырлануу билдирип, эч бир "келишкис ишти" тезинен токтотууга чакырды.
Германиянын канцлери Ангела Меркелдин маалымат катчысы зордук-зомбулуктун күчөшүнө “Хамасты” айыптады.
Вашингтондогу пресс-конференцияда Мамдепартаменттин маалымат катчысы Марк Тонер Ай үй Египетти аймактагы өз таасирин пайдаланып, кырдаалды жөндөөгө салым кошууга чакырганын айтты.
“Израил өзүн коргоого толук укугу бар – мен муну так айтып койоюн. Израил өкмөтү билдиргендей, 2012-жылдын башынан бери Газадан Изрaилди көздөй 768ден ашуун ракета атылыптыр. Соңку эки жылда 12 миң ракета атылса, бүгүн эле 100дөн ашууну атылды. Алардын өзүн коргоого укугу бар.”
Улуттар Уюмунун Адам укуктары боюнча Башкы комиссары Нэви Пиллай эки тараптын атышууларын айыптап, чектен чыкпоого чакырды.