Францияда токойду өрт каптады

Европанын айрым бөлүктөрүндө, өзгөчө Франциянын түштүгү менен Португалияда кургакчылыктан улам токойлор өрттөнүп жатса, Германиянын борборундагы Хилдесхайм шаары суу каптоо коркунучуна туш болду. Экологдор бул - климаттагы өзгөрүүлөрдүн кесепети дешет.

“Машинеде отуруп, от алоолоп жаткан жерди карагым келген жок. Бирок баары бир өрт оюман кетпей койду”, - дейт 10 жаштагы Ванина. Ата-энеси менен эс алып жүргөн Ванина миңдеген киши менен кошо Франциянын түштүгүндөгү Bormes-les-Mimosas деген туристтик жайдан шаршембиге караган түнү шашылыш көчүрүлгөн.

Кыздын апасы телефондогу сүрөттөрдү көргөзүп, "асман кыпкызылга боёлуп, туш-туштан жалын жалбырттап турду" деп айтып берди.

Туристтик сезон кызып турган Француз Ривьерасында токойлор өрттөнүп, акыркы күндөрдө он миңдеген киши эвакуацияланды. Кэмпингдерде бир топ чатыр, каравандар өрттөндү. Марсел жана Ницца шаарларынын ортосундагы тилкеде, Прованс аймагында жана Корсикада дүйшөмбү күндөн бери өрт гектарлаган аянтка жайылып кетти.

Корсика аралындагы өрт, Франция

Корсикада жүздөгөн турак жайлардын тургундарына убактылуу башка жерлерде баш пааналоого туура келди. Дүйшөмбүдөн бери миңдеген өрт өчүрүүчүлөр тилсиз жоо менен күрөшүп жатат. Кеминде 12 киши жабыркаганы, 15 полициячы ооруканага кайрылганы кабарланууда.

Франция бийлиги өрттү өчүрүүгө жардам сурап, Европа Биримдигине кайрылды.

Жер Ортолук деңизин бойлогон тилке Европадагы өрттөнүү коркунучу жогору беш аймактын ичине кирет.

1973-2008-жылдар аралыгында ал жакта жылына орто эсеп менен 24 миңдей гектар аянт өрттөнөт. Бул биринчи кезекте жергиликтүү климат менен түшүндүрүлөт. Жайында көп учурда ысык шамал оттун тез жайылышына себепкер болот.

Өрт, Португалия

Португалиядагы кырдаал да өтө кооптуу болууда. Жума башында Каштелу-Бранку жана Сантарен чөлкөмдөрүндө өрт тутанып, ылдам жайылып отуруп, 10 чакты кыштактын жашоочуларын көчүрүүгө туура келди. Жаратылыш кырсыгы менен күрөшкө бир жарым миң өрт өчүрүүчү тартылды. Сантарендеги Макао айлынын мэри абалды өтө оор деп сүрөттөдү.

Португалияда жыл башынан бери 75 миңден ашуун гектар жер өрттөнүп кетти. Буга чейинки 10 жылда мынча көп өрт катталган эмес эле. Айрым учурларда өрт атайылап коюлганы аныкталып, 70ке жакын киши күнөөлөнүп жатат.

Ысык аба ырайы бул күндөрү Италияда да өкүм сүрүп жатат. Кургакчылык коркунучунан улам айрым жерлерде фонтандар өчүрүлдү. Рим папасы Франциск Ватикандагы 100дөй фонтандагы суу бекеринен агып жатат деп аларды өчүрүүгө буйрук берди. Кургакчылык Италиянын айыл чарбасына 2,3 миллиард доллардай чыгым алып келет деп болжолдонууда.

Ал эми Германиянын Ганновер шаарына жакын жердеги Хилдесхайм шаарында, тескерисинче, нөшөрлөгөн жаан дарыялардагы суунун деңгээлинин көтөрүлүшүнө алып келди.

- Шаарды аралап аккан Иннерсте дарыясынын суусу жаан-чачындан улам кирип, мурда болуп көрбөгөн деңгээлге көтөрүлдү. Жергиликтүү өрт өчүрүүчүлөрдөн тышкары жардамга башка күчтөр да келди. Дарыянын ташып, үйлөрдү капташынын алдын алуу үчүн жээкти кум толтурулган мүшөктөр менен тосуп жатышат, - деди Хилдесхаймдын өрт өчүрүүчүлөр департаментинин өкүлү Улаф Ребман.

Эколог-адистер болсо Европадагы мындай көрүнүштөр климаттагы глобалдуу өзгөрүүлөрдүн түздөн түз кесепети дешет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.