Кол тийбестик: экстердин эртеңи

Мурдагы президенттер Михаил Саакашвили, Валдис Затлерс, Роберт Кочарян.

Эски совет аймагында, Евробиримдик өлкөлөрүндө мурдагы президенттердин укуктук макамы барбы? Алар кылмыш жоопкерчилигинен кутулганбы, социалдык жана башка кандай жеңилдиктерге ээ?

Эски совет аймагынан мурдагы президенттин макамы, кол тийбестиги дал ушул тапта күн тартибине чыккан мамлекет Армения болуп турат. Саясий тиреш кайрадан тутана баштаган бул өлкөнүн 1998-2008-жылдардагы президенти Роберт Кочарянга кылмыш иши ачылып, ал бир нече күн камакта да отуруп чыкты.

Кочарян 2008-жылы президенттик шайлоодон кийин коопсуздук күчтөр менен демонстранттар кагылышкан кезде он адамдын өмүрү кыйылган окуя үчүн айыпталып жатат. Бул факт Арменияда мурдагы президент кол тийбестик макамга ээ эмес дегенди билдиреби?

Биз бул суроону Роберт Кочаряндын адвокаты Арам Орбелянга жолдодук. Анын айтымында, Арменияда мурдагы президент “жеке жана абсолюттук эмес”, бирок “функционалдык” кол тийбестикке ээ:

- Армения республикасынын Конституциясына ылайык, мурдагы президенттердин функционалдык иммунитети бар. Мына ушул аргументти биз учурдагы кылмыш иштин алкагында көтөрүп жатабыз. Мурдагы президенттер тууралуу сөз жүргөндө бул ал кызматта турган кезинде барган бардык аракеттери үчүн эмес, ыйгарым укугунан, башкача айтканда жеке адам эмес, президент катары жасаган аракеттери үчүн гана кол тийбестикке дегенди билдирет. Бул нерсе Армения Конституциясынын 2005-жылкы, 2015-жылкы долбоорунда да жазылган. Андыктан мурдагы президент Роберт Кочарянга козголгон кылмыш иши боюнча Конституциянын мына ушул жобосуна негизделген суроолор чыкты. Апелляциялык баскычтагы сот да Роберт Кочаряндын баш коргоо чарасын караганда мурдагы президенттин функционалдык иммунитетин башкы аргумент катары кабыл алды.

Роберт Кочарян

Адвокат Орбелян “Азаттыктын” кабарчысы менен маегинде Арменияда кызматтагы президенттин ишинин кепилдиктери жана мурдагы президенттин макамы тууралуу атайын комплекстүү мыйзам жоктугун, бул учурлар Конституцияда каралганын, ал эми алардын социалдык жеңилдиктери башка мыйзамдар менен тескеле турганын кошумчалады.

Өлкө Конституциясынын 140-беренесинде “Президент кызмат мөөнөтү учурунда жана андан кийин тергөөгө алынбайт, анын макамы менен шартталган аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартылбайт. Кызмат мөөнөтү аяктагандан кийин гана макамы менен байланышпаган аракеттери үчүн жоопкерчиликке тартылуусу мүмкүн”,- деп көргөзүлгөн.

2015-жылкы конституциялык реформадан кийин азыр Арменияда премьер-министрдин ыйгарым укугу күчтүү, президент парламент тарабынан шайланат.

Грузия

Армениянын коңшусу Грузияда 2004-2013-жылдардагы президент, эл тарабынан эки ирет шайланган Михаил Саакашвилиге да кылмыш иши козголуп, атүгүл кызмат абалынан кыянат пайдаланды деген айып менен сырттан алты жылга кесилген.

Азыр Нидерландда башкалкалап жүргөн Саакашвилинин 2003-жылкы “роза ыңкылабынан” кийинки саясий өнөгү, кийинки оппоненти, грузин парламентинин мурдагы төрайымы Нино Буржанадзенин “Азаттык” радиосуна айтымында, анын өлкөсүндө Конституция жана мыйзам боюнча мурдагы президенттин бийликтен кеткен соң функционалдык да иммунитети жок:

Нино Буржанадзе

- Грузин мыйзамдары боюнча иммунитет эч кимде жок. Иммунитет тигил же бул адам расмий бийлик ыйгарымын тикелей аткарган учурда гана аны башкалардын таасиринен, басым-кысымынан коргоо үчүн берилет. Бирок кылмыш проблемалары далилденген учурда иммунитет мурдагы президентте да жок. Кызматтагы президент үчүн мыйзам аркылуу бекитилген импичмент процедурасы бар, бирок кылмыш жоопкерчилигинен эч ким корголгон эмес.

Грузияда да 2010-жылкы конституциялык реформадан соң 2013-жылдан тарта президентти парламент шайлаган тартип киргизилди. Премьер-министр башкы саясий оюнчуга айланды.

Латвия

Евробиримдиктин парламенттик башкаруудагы жана конституциялык монархия эмес өлкөлөрүндө президент көпчүлүгүндө парламент, айрымдарында эл тараптан да шайланат.

“Азаттыктын” кабарчысы кол тийбестик макамы бар-жогун Латвиянын 2007-2011-жылкы президенти Валдис Затлерстин өзүнөн сурады:

- Жок, менде жок. Иммунитет реалдуу түрдө сен президенттин милдетин аткарып жаткан учурда гана берилет, андан кийин жөнөкөй жарансың. Эгер кандайдыр бир кылмыш ишке барган болсоң, сени соттойт, жоопко мыйзамдын толук талабына ылайык тартышат. Башкача айтканда мыйзам баары үчүн бирдей, бул - укуктук мамлекеттин негизги принциби. Албетте бизде дагы эгер кызматтагы президент кандайдыр бир укук бузууга барса, импичмент процедурасы каралган. Ал эми бийликтен кеткен соң ал башкалар өңдүү эле катардагы жаран.

Мурдагы латыш президенти Валдис Затлерс “Азаттык” менен маегинде мамлекет аны кандай социалдык жеңилдиктер менен камсыздарын да айтып берди:

Валдис Затлерс

- Жеке мага мамлекет президенттик пенсия берет, ал президенттик айлыгымдын 50% барабар. Мындан тышкары катчым бар, өмүрүмдүн аягына чейин деп кызматтык батир, автоунаа, айдоочу бөлүнгөн. Бул мен үчүн. Бизде жакында мыйзамды өзгөрүштү. Ага кандай жаңылыктар кирди? Эми кызматтан алдыда кете турган президенттин пенсиясы айлыгынын 80% түзөт, айдоочусу менен автоунаасы, катчысы болот. Ал эми кызматтык батир бөлүнбөйт, бул жеңилдик кыркылды. Бирок президент кызматтан кеткенден соң анын бир мөөнөтүнө барабар убакытка же төрт жылга күзөт бериле турган болду. Күзөт бийликтен кийинки алгачкы төрт жылда милдеттүү түрдө берилет, андан кийин мамлекеттин бул тейлөөсүн узартуу зарылдыгы бар же жогун өкмөт карап, талкуулап чечет. Мунун баары президент кызматтык ыйгарым укугун ишке ашыруу учурунда өзүнүн келечегинен, карылыгынан кооптонбогудай болушу үчүн жасалды. Албетте, президент кааласа жогорудагы социалдык кепилдиктердин кай биринен баш тартып коё алат, - дейт мурдагы латыш президенти Валдис Затлерс.

Жаңы мыйзамга ылайык, мурдагы президентин эми бекер турак жай менен камсыздабай турган жана эки миллион калктуу Латвияда ички дүң өнүмдүн бир жылдык көлөмү Кыргызстандыкынан төрт эсе чоң, 30 миллиард доллардын тегерегинде.

Кабат-кабат кол тийбестик

Кыргызстанда мыйзамдан экс-президенттердин кол тийбестик макамын алып салуу демилгеси көтөрүлүп жатса, Борбор Азиянын башка өлкөлөрүндө кызматтагы айрым президенттердин келечектеги кол тийбестиги, ыктымал тобокелдиктердин баарын эске алуу менен корголгон.

Маселен, Казакстанда “Казакстан республикасынын Биринчи президенти - Элбашы тууралуу” атайын мыйзам бар. Ага ылайык, Назарбаевге 2010-жылы “улут көсөмү” деген да макам ыйгарылган. “Улут көсөмүнүн” өмүрүнө коркунуч келтирүү - Казакстанда террористтик кылмышка барабар деп саналат.

Казак мыйзамы боюнча кол тийбестик биринчи президенттин, анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн мүлкүнө да жайылтылат.

Тажикстанда да президент Эмомали Рахмон “улут көсөмү” жана өмүр бою кол тийбестик макамына ээ.

"Улут көсөмдөрү" Нурсултан Назарбаев жана Эмомали Рахмон.

2015-жылдын декабрында кабыл алынган, “Тынчтыктын, улуттук биримдиктин негиздөөчүсү - улут көсөмү тууралуу” мыйзам боюнча Эмомали Рахмон “Тажикстандын Жогорку кеңешинин төрагасы, Тажикстандын президенти, Тынчтыктын жана улуттук биримдиктин негиздөөчүсү - улут көсөмүнүн ыйгарым укуктарын аткаруудагы аракеттери үчүн” жоопкерчиликке тартылбайт.

Өзбекстанда болсо экс-президенттин макамы “Өзбекстан республикасынын президентинин ишмердигинин негизги кепилдиктери тууралуу” мыйзамда жазылган. Ал мыйзамдын бир беренесине ылайык, “экс-президент кол тийбестикке жана иммунитетке өмүр бою” ээ болот. Президент катары ыйгарым укуктарын аткаруу менен байланышкан аракеттери үчүн кылмыш же башка жоопкерчиликке тартылбайт.

Президенттерин аябаган Түштүк Корея

Түштүк Корея негизделген 1948-жылдан бери азыр 12-президент иштеп жатат. Өлкөнүн жаңы тарыхындагы 70 жыл ичиндеги экономикалык жана башка жетишкендиктерге карабай, коррупция ар убак саясий жаңжалдардын борбордук маселеси, булагы болуп келет.

11-президент Пак Кын Хе кызматтан импичмент жолу менен кетирилип, быйыл апрелде 24 жылга кесилип, учурда түрмө жазасын өтөөдө.

10-президент Ли Мён Бактын үстүнөн учурда сот жүрүп жатат, ал быйыл март айында камакка алынган.

Пак Кын Хе сотко алынып келинген учур. 25-август, 2017-жыл.

Ал эми 2003–2008-жылдардагы 9- президент Но Му Хёнге бийликте отурган кезинде импичмент жарыялоо аракети көрүлүп, бирок маселе аягына чыкпай, ал кызмат мөөнөтү бүтүп, бийликтен кеткен соң пара алды деген айып менен тергөө иши башталып, кийин өзүн өзү жардан таштап, өмүрүн кыйды деп айтылган.

Ага чейин 1990-жылдардын орто ченинде Түштүк Кореянын кеминде беш президенти коррупция боюнча миллиондогон доллар уурдады деп айыпталып, коомчулуктун талабы менен соттолуп, абакта отуруп, кийин мунапыс менен бошотулушкан.

Бирок мамлекеттен, элден уурдады деген миллиондогон доллар каражаттарды кайра кайтарууга милдеттендиришкен.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.