Чех парламентиндеги «символдук токмок»

Чехия парламенти

Чех парламентинде депутаттардын бири-бирине кол көтөргөн учурун коомчулук кандай кабыл алган?
Чехиядагы «Млада Фронта Днес» улуттук күндөлүк гезиттин саясий баяндамачысы Томаш Урван "Азаттыкка" чех парламентиндеги бир окуяга токтолду:

- 2006-жылы Чех парламентинде күлкүлүү окуя болгон. Албетте, ал силердегидей оор жаракат алуу менен аяктаган эмес. Чехиянын “Жарандык” партиясынан депутат Мирослав Мацек (Miroslav Macek) социалисттер партиясынын өкүлү Дэвид Раатты (David Rath) элдин көзүнчө башка бир салган. Эми бул мындайча айтканда “символикалык токмок” болуп көрүнгөн.

Окуя Чехиянын тиш доктурларынын чоң жыйынында, журналисттердин көзүнчө болгон. Чырдын чыгышына Дэвид Раат Мирослав Мацектин аялынын дарегине бүйүр кызыткан ушак сөздөрдү айтканы себеп болгон. Ал сөздүн төркүнү мындайча экен - Мирослав Мацек аялына бай кыз болгону үчүн гана үйлөнгөн имиш...

Анан Мацек мырза аялынын беделин коргоп, кесиптеш депутатка көпчүлүктүн көзүнчө жазасын бергиси келип, атайын ошол жыйында камыныптыр. Ошентип Мацек максатына жетти.

Ал эми калган парламентарийлер бул окуяны эки кишинин ортосундагы чыр катары эле кабылдап, эч кандай талкуу, ызы-чуу чыгарышкан жок. Окуяны маалымат каражаттарынан көргөн коомчулук болсо мындай тамашага моокуму кана каткырышты.

- Анан токмок жеген Дэвид Раат сотко кайрылып, өз укугун коргодубу?

- Ооба, ал сотко арызданды. Мен айткандай, Раат силердин токмоктолгон депутаттай оор жаракат алган эмес, ал тургай дарыгерге дагы барган эмес. Бирок баары бир сотко кайрылып, Мирослав Мацектен моралдык чыгым үчүн 1 миллион чех кронун (50 миң АКШ доллар) талап кылган.

Сот ишти териштирип, Мирослав Мацек коллегасына кол көтөрүп, укугун тепсегени үчүн 100 миң крон (5 миң АКШ доллар) төлөсүн деген чечим чыгарган.

Анан Мирослав Мацектин партиялаштары, жактоочулары интернеттеги Фейсбук аркылуу атайын «Дружиналык меморандум» деген аталыштагы иш-чараны жайылтып, каражат топтогон.

- Кыргызстанда кесиптешин токмоктоп койгон депутатты колдоп, карапайым адамдар көчөгө чыгып жатышат. Алар «биздин депутатка кылмыш ишин ачып, куугунтуктаганды токтоткула» деген талапты коюуда. Карапайым чехтер Мацек менен Рааттын окуясын кандай кабыл алды?

- Ой, ал окуя карапайым чехтер үчүн жана мен айткандай күлкү эле болду. Жаш балдардай болуп, болбогон сөзгө теригип, депутат депутатты чокуга чапканы күлкү да. Бирок бул окуя 6 жыл мурун болгон. Азыр андай нерсе жок.

Чех параментарийлери негизи өздөрүнүн атын таза сактап, кадыр баркын жоготпой, шайлоочуларынын ишенимин сезип жүрүүгө аракеттенет. Менин оюмча, бул элдин маданий өзгөчөлүгү дагы болсо керек. Чех парламентарийлери жоопкерчилиткен гана коркот деген жетишсиз болуп калат го.

Анан бизде мыйзам катуу сакталат, Эгер кимдир бирөө сотко кайрылса, кылдат териштирилип, анын ким экендигине карабай жазасын алат. Негизинен эле чехтер италиялыктар, же айрым башкалар сыяктуу жеңил-желпи мүнөздө эмес. Саясатчылардын бири-бирин токмоктоп, беделин түшүргөнү чехтер үчүн жат нерсе.