Праганын тарыхый чордонундагы 40-50 кишиге эсептелген концерт залына баш бакканымда, ашыкча кыймыл жасап, добуш чыгарганга да кысынып турдум. Анткени бул жерге жыйналгандар баары бүт дитин ашыра кооздолбогон сырдуу сахнага буруп, ар кайсы тилде аткарылып жаткан чыгармалар, окулган тамсил, музыкага сүңгүп кирип кеткендей туюлду.
Этника-Поэтика Фестивалы барокко стилинде курулган санжыргалуу Михнув ак сарайында өтүп жатыптыр. Борбор Азиянын атынан көчмөндөрдүн турмушун чагылдырган ыр-бийлерди аткаруучу прагалык атактуу «Жагалмай» тобуна али кезек жете элек болгондуктан, мен арткы бөлмөгө кирдим. Ал жерде «Жагалмайдын» жетекчиси жана менин кесиптешим Жаңыл Жусупжан топтун мүчөлөрү Зденек Орделт, Зита Шкорепова, Гүлсара Токтосун, Ноэл О'Браяндар менен тааныштырды.
Зденек перулук шамандардын бийинен сабак берет экен, Зита прагалык музыка таанучу жана жөөт ырларынын аткаруучусу, Гүлсара Токтосун Бишкектеги белгилүү «Акмарал» тобунун мурдагы бийчиси, ал эми Ноэл О'Браян ирландиялык дойрачы. Топтун башка да бүгүн келбеген өзбекстандык мүчөлөрү бар экен, айтор биздин аймактын өнөрүнө кызыккандар ушул Прагада чогулганбы деп калдым.
Кезек жетип, мен күткөн «Жагалмай» да сахнага чыгып, ар түрдүү аспаптарда ойнолгон музыкага Гүлсара Токтосун өзбек бийин бийлегенде эл дүркүрөтө кол чапты. Андан ары Жаңыл Жусупжан «Көйрөң күүнү» колдору көзгө илээшпей ойногону элди айран таң калтырды. Ал эми мага чех кызы Зитанын өзү пианинодо ойноп, «Биз жүргөн айлуу түн кайда» деп таптаза кыргызча ырдап турганы айтууга да дареметиң жетпеген өзгөчөлүү көрүнүштөй сезилди.
Кыргыз сахнасында дээрлик аткарылуудан калган көчмөн аялдарынын ыры «Бекбекейди» чех, кыргыз кыздары чогуу аткарышты. Бир нече чыгармадан соң, концерт «Жагалмай» тобунун Кыргызстанда дээрлик кезикпеген «Шаман бийи» менен жыйынтыкталды.
Бийди өзгөчө кийими, таң калыштуу кыймылы менен зээрине чыгара
Өз маданиятын билүү башка элдин маданиятын сыйлап, үйрөнүүгө тоскоол болбойт
аткарган Гүлсара Токтосунова өз чыгармасындагы кыймыл, көрүнүштөрдү өзүнүн дүйнө-таанымына, ой-чабытына жараша эле бийлеп чыккандыгын концерттен кийин айтып берди. "Бизде кыргыздар өзбекче бийлебейт го" десем, "өз маданиятын билүү башка элдин маданиятын сыйлап, үйрөнүүгө тоскоол болушу керек эмес» дейт.
«Этника-Поэтика» фестивалы Прагада быйыл экинчи жолу өтүп жаткан экен. Аны уюштурган прагалык Жазуучулар клубунун жетекчиси, жазуучу Любомир Брожек башка улуттарга карата жек көрүүчүлүккө (ксенофобия) жана расизмге каршы экендигин жашырбайт. Ал дал ушундай ар кыл улуттун маданиятын көрсөткөн акциялар менен өз ара түшүнүүчүлүктү бекемдөөгө болот деп эсептейт.
Полша, Аргентина, Словакия, Чехиядан келген коноктордун арасында Чехиянын мурдагы азчылыктар министри Жамиля Стехликова да болду. Казактын кызы 3 жарым сааттык концертти алдыңкы катарда кыймылдабай отуруп көргөнүн байкап отурдум. Эл тарап жатканда, Стехликованын «ар элдин ыр-бийи болсо да, «Шаман бий» баарынан мыкты экен» деп айтканын кулагым чагып калды. Мен буга, албетте, толугу менен кошулам!
P.S. «Этника-Поэтика» кечесинен видеотасманы "Азаттыктын" кабарчысы Төрөкул Дооров тарткан. Прага, 2011-жылдын октябр айы