Москва шаарындагы "Лужники" стадионунда өткөн финалдык таймаш 4:2 эсебинде француздардын пайдасына аяктады.
Оюндун 18-мүнөтүндө Хорватия командасынын оюнчусу Марио Манжукич биринчи голду өз дарбазасына башы менен киргизип алып, атаандашына пайда алып келди. 28-мүнөттө хорватиялык Иван Перишич эсепти теңөөгө жетишти. 38-мүнөттө Антуан Гризман тепкен пенальтиден кийин француздар алдыга чыгышты. 2-таймдан соң Поль Погба (59) жана Килиан Мбаппе (65) гол киргизип франциялыктардын артыкчылыгын бекемдеди. 69-мүнөттө Марио Манжукич Хорватиянын эсебине 2-голду жазды. Франциянын курама командасы туура 20 жыл мурда, 1998-жылы биринчи ирет мундиалды жеңген.
Франциялык Килиан Мбаппе "мыкты жаш оюнчу", хорватиялык Лука Модрич "мыкты оюнчу" аталып "алтын топ" алса, Бельгиянын дарбазачысы Тибио Куртуа "мыкты дарбазачы", англиялык Харри Кейн алты гол киргизип "мыкты чабуулчу" аталып, "алтын бутсы" алды.
Франция 2006-жылы финалда италиялыктарга жеңилген. Хорватиянын командасы биринчи жолу финалда ойноду. Аталган команда 1998-жылы болгон дүйнө чемпионатында коло медал тагынган. Быйылкы чемпионаттын коло байгесин Белгия командасы алды. 14-июлда өткөн оюнда Белгия Англиянын курама командасын 2-0 эсебинде жеңген.
Чемпионаттын жалпы байге фонду 657 миллион долларды түзөт. Бул төрт жыл мурда Бразилияда өткөн мундиалга салыштырганда 181 миллион долларга көп. 1-орунга 38 миллион доллар берилет. 2-орунга 28 миллион доллар тапшырылат. 3-орун 23 млн доллар алат. Байгелер жалпысынан финалдык бөлүккө катышкан 32 команданын ар бирине, ээлеген орундарына жараша тапшырылат.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Сарпталган чыгым жана түшчү киреше
Орусиянын бул чемпионатты өткөрүүгө короткон чыгымы 13 миллиард доллардан ашык деп бааланууда. Орус өкмөтү чемпионатка даярдануудан жана өткөрүүдөн 867 миллиард рубль киреше табаарын бир катар консалтингдик компаниялар эсептеп жатат. Бул орусиянын ички дүң өндүрүмүнүн бир пайызын түзөт.
ФИФА уюму бул турнирден кийин 6.1 млрд. доллар киреше табаарын болжоп жатат. Аталган сумма бул уюмга телевизиондук трансляцияларды сатуудан, демөөрчүлөр менен түзүлгөн келишимден жана компьютердик оюндардын гонорарларынан чогулат.
Сатылган билеттер
Жалпысынан оюндарды көрүү үчүн 2 млн. 400 миңден ашуун билет сатыкка чыгарылган. Анын 46 пайызын орусиялыктар, 54 пайызын чет өлкөлүктөр алган. Билет алган чет өлкөлүктөрдүн арасынан АКШ, Бразилия, Колумбия, Германия, Мексика жана Аргентинанын жарандары сап башында турат. Эң көп билетти америкалыктар алган. Аларга 88 825 билет сатылган. Билет алгандардын жаш курагы боюнча эсептегенде 37 пайызы 25 жаштан 34 жашка чейинкилер.
Чемпионатты коштогон чыр
Орусияда дүйнө чемпионатын өткөрүү бир катар чырлар менен коштолду. Бир катар өлкөлөр жана эл аралык уюмдар Орусияны Украинанын чыгышындагы чатакка тиешеси бар жана Крымды аннексиялап алган деген негизде Орусияны дүйнө чемпионатын өткөрүү укугунан ажыратууну талап кылышкан.
Андан сырткары 2015-жылы ФИФА уюмунун бир катар жетекчилери коррупцияга шектелип кармалып, уюмдун ошол кездеги президенти Зепп Блаттер кызматынан бошотулган. Бул 2018-жана 2022-жылдагы дүйнө чемпионаттарын Орусия менен Катарга берилиши боюнча Швейцариянын прокуратурасы козголгон кылмыш ишинин негизинде ишке ашкан.
Иликтөөдөн кийин 2017-жылы ФИФАнын этика боюнча комитетинин тергөө палатасынын жетекчиси Майкл Гарсия жасаган докладда Орусия футбол турнирин өткөрүүдө күчтүү атаандаштыкта, таза утканын белгилеген.