Азербайжанда бийликтин референдуму өттү

Азербайжандын президенти Илхам Алиев добуш берип жатат.

Азербайжанда Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча референдум болду. Ага ылайык, шайлоочулар Баш мыйзамдын 29-беренесин өзгөртүүгө пикирин билдиришти.

Азербайжанда жергиликтүү убакыт боюнча эртең менен сегизде референдум үчүн бардык аймактарда добушканалар ачылды. Анда Баш мыйзамдын 29-беренесин өзгөртүү каралган. Түштүк Кавказда жайгашкан бул өлкөнүн шайлоочулары өзгөртүүлөргө “ооба” же “жок” деп өз жообун берүүгө тийиш.

Референдум шайлоочулардын 25% катышса эле өттү деп саналат. Ал эми ага коюлган суроолор добуш берүүгө келгендердин жарымы “ооба” десе эле кабыл алынган болуп эсептелет.

Шайлоого Европа кеңешинин парламенттик ассамблеясы байкоо жүргүзүүдө.

Өзгөртүлгөн беренелердин бири президенттин кызмат мөөнөтүн беш жылдан жети жылга чейин узартууга жол ачат. Эгер өзгөртүүлөр кабыл алынса, бийликти атасынан 2003-жылы өткөрүп алган 54 жаштагы Илхам Алиев күтүлгөндөй 2018-жылга чейин эмес, 2020-жылга чейин тактыда отурат.

Дагы бир өзгөртүүгө ылайык, эки вице-президенттин кызматын киргизүү каралган. Вице-президенттерди дайындоо укугу президентке тапшырылат. Эгер президент оорудан же кандайдыр бир башка себептерден улам өз ыйгарым укуктарын аткара албай калса, президенттин милдетин аткаруу премьер-министрге эмес, вице-президентке өтөт.

Референдумдагы өзгөртүүлөрдүн дагы бири президентке мөөнөтүнөн мурда шайлоонун күнүн белгилеп, парламентти таркатууга укук берет. Долбоордо парламентти таратуунун жол-жобосу көрсөтүлгөн. Эгер бир жыл ичинде эл өкүлдөрү өкмөттү курабаса же маанилүү мамлекетттик кызматтарга президент көрсөткөн талапкерлерди жактырышпаса, президент парламентти тарката алат.

Андан тышкары президенттике талапкерлердин төмөнкү жаш курагы тууралуу талапты алып салуу жана парламенттин депутаттыгына талапкерлердин жаш курагын 25тен 18 жашка чейин төмөндөтүү белгиленген.

Азербайжандын бийликтеги аткаминерлери рефендумга коюлган өзгөртүүлөрдү колдоп, бул өлкөнүн туруктуулугу үчүн жасалып жатат деп эсептешет. Алардын бири, парламент депутаты Самад Сеидов:

- Дүйнөдө кандай процесстер болуп жатканын көрүп жатабыз. Мамлекеттин туруктуулугу жана аны эффективдүү башкаруу стратегиялык маанилүү нерсе. Бул көз караштан алганда референдум жана Баш мыйзамга киргизилип жаткан өзгөртүүлөр туруктуу, динамикалуу мамлекеттин өнүгүшүнө алып келет.

Ошол эле маалда оппозиция өкүлдөрү жана башка сынчылар бул өзгөртүүлөр Илхам Алиев жана анын үй-бүлөсүнүн бийлигин бекемдөөгө багыттылганын айтышууда.

Азербайжандагы референдум.

Вице-президенттин кызматы бийликтеги партиянын төрага орун басары, президентин аялы Мехрибан Алиева же алардын 19 жаштагы уулу Гейдар Алиев үчүн негизделүүдө деген божомол бар.

Референдумга чейин бир нече жума оппозициялык топтор “Монархияга жол жок” деген ураан алдында нааразылык акцияларын өткөрүштү.

Миңдеген адамдардын башын кошкон акциялардан соң ондогон активисттер камакка алынды. Алардын арасында Илхам Алиевдин башкы оппоненти саналган “Реал” демократиялык партиясынын лидери Ильгар Мамадов да бар.

Камалгандар ушул күнгө чейин эркиндикке чыга элек. Митингдерди уюштуруучулардын бири, “Элдик фронт” партиясынын төрагасы Али Керимли референдум бир гана адамдын кызыкчылыгын көздөрүн айтып жатты:

- Биз бүгүн бул референдумга бойкот жарыялоо үчүн чогулдук. Бул референдум эмне үчүн керек? Бир гана адам - Илхам Алиевдин кызыкчылыгы үчүн Конситутцияны үчүнчү ирет өзгөртүү үчүн керек. 2002-жылы Баш мыйзам Илхам Алиевди өкмөткө алып келүү үчүн өзгөртүлгөн. 2007-жылы ал кайрадан шайланышы үчүн өзгөртүшкөн. Эми анын, Илхам Алиевдин бийлигин дагы бекемдөө үчүн өзгөртөлгөнү турат.

Азербайжан оппозициясы референдумга каршы бир канча жолу нааразылык акцияларын өткөргөн.

Азербайжандын азыркы Конституциясы 1995-жылдын ноябрь айында кабыл алынган. Андан бери Баш мыйзамга кошумчаларды жана өзгөртүүлөрдүү киргизүү боюнча эки жолу 2002 жана 2009-жылдары референдумдар өткөрүлгөн.

Европа кеңешинин Венеция комиссиясы 20-сентябрда жасаган билдирүүсүндө Конституцияга сунушталган өзгөртүүлөр бейтараптыкты жок кылып, президентке болуп көрбөгөндөй бийлик ыйгарарын айтып, сынга алды.

Комиссия ошондой эле Баш мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча долбоор коомдук талкууга салынбай туруп, Конституциялык сотко жөнөтүлгөнүн айыптады.

Мунайга бай Түштүк Кавказдагы бул өлкө кара майга болгон дүйнөлүк баанын кескин түшүп кетишинен улам соңку жылдары социалдык-экономикалык көйгөйлөргө кабылып келет.