AI: өлүм жазасына тартылгандар азайды

2016-жылы дүйнөдө өлүм жазасына тартылгандардын саны бир жыл мурдагы көрсөткүчтөргө салыштырмалуу 37 пайызга кыскарды. Бул тууралуу Эл аралык мунапыс уюмунун (Amnesty Internatiоnal) 10-апрелде жарыяланган соңку баяндамасында айтылат.

2016-жылы өлүм жазасына тартуу негизинен Иран, Пакистан, Сауд Арабия жана Иракта катталганын Amnesty Internatiоnal уюмунун өлүм жазасын иликтөө тобунун кеңешчиси Кияра Санджорджио "Эркин Европа/Азаттык" радиосуна билдирди:

- Эл аралык мунапыс уюму белгилегендей, 2016-жылы өлүм жазасына тартылгандардын саны 37 пайызга кыскарды. Бул негизинен Иран жана Пакистандагы көрсөткүчтөрдүн азайышынан келип чыкты. Ошентсе да жалпы абал соңку жылдардагыдай эле. Иран, Сауд Арабия, Пакистан жана Иракка өлүм жазасына тартылган адамдардын 90% туура келет.

Санжоржио кошумчалагандай, айрым өлкөлөрдө бийликтин өлүм жазасына тартылгандардын санын жашыруу аракеттери тынчсыздандырат. Маселен, Кытайда өлүм жазасына тартылгандардын саны мамлекеттик сыр болуп эсептелгендиктен, эч кандай маалымат алуу мүмкүн эмес.

Эл аралык мунапыс уюму Кытайда өлүм жазасына тартылгандардын расмий санын 2009-жылдан бери жарыялоодон баш тарткан. Укук коргоочулар бул өлкөдө жыл сайын миңдеген адам сот чечими менен өмүрүнөн айрыларын болжошот.

Кытайды кошпогондо 2016-жылдагы өлүм жазасына тартылгандардын 55% Иранда катталган.

Мурдагы жылы бул өлкөдө 977 адам жогорку жазага тартылса, былтыр бул көрсөткүч 42 пайызга төмөндөгөн. 2016-жылы Иранда өлүм жазасына тартылган 567 адамдын көбү маңзатка байланыштуу кылмыштар менен же "Кудайга акаарат келтиргени" үчүн айыпталгандар. Алардын арасында эки өспүрүм жана алты аял бул жазага кабылган. Ошондой эле бул өлкөдө өлүмгө кесилгендердин көбү дарга асылган жана 33 адам өлүм жазасына эл алдында тартылганы уюмдун баяндамасында белгиленет.

Казакстанда былтыр өлүм жазасына өкүм кылынган Руслан Кулекбаев.

Өлүм жазасына тартылгандардын саны боюнча алдыңкы тизмеде турган дагы бир өлкө - Пакистанда өткөн жылы жогорку жаза 87 адамга колдонулган. Бул 2015-жылга салыштырмалуу кыйла төмөн көрсөткүч дегенди билдирет. Анткени мурдагы жылы бул сан 326га жеткен.

- Катаал жазаны жүзөгө ашыруунун көрсөткүчтөрү былтыр Пакистанда кыйла төмөндөдү. Биз байкагандай, бул өлкөдө 2015-жылга салыштырмалуу өлүм жазасына тартуу 73 пайызга азайган. 2014-жылдын аягында болгон Пешавардагы теракттан кийин өлүм жазасына мораторий алынып салынгандан соң бул өлкөдө өлүмгө өкүм кылынгандардын жана катаал жазага тартылгандардын саны өскөнү тынчсыздандырат, - деген Amnesty Internatiоnal уюмунун өкүлү Кияра Санжорджио кошумчалагандай, бул жазага өкүм кылынгандардын көбү эл аралык мыйзамдарга ылайык, олуттуу кылмыштардын катарына кирбеген "Кудайга акаарат келтирүү", "Ислам пайгамбарына шек келтирүү" деген сыяктуу айыптарга кабылган.

Баяндамада Ооганстанда 2016-жылы террорчулукка айыпталган алты адам жогорку жазага тартылганы жазылган.

Ал эми Европа өлкөлөрүнүн ичинен жалгыз гана Беларуста өлүм жазасы колдонулат. Бул өлкөдө былтыр киши өлтүрүүгө айыпталган төрт адам соттун өкүмү менен өмүрү менен кош айтышканын Кияра Санжорджио белгиледи:

- Беларус Европадагы өлүм жазасын колдонгон жалгыз мамлекет бойдон калууда. 2016-жылы бул өлкөдө төрт адам катаал жазага тартылган. Биздин байкашыбызча, Казакстан, Орусия жана Беларуста бийлик өлүм жазасын колдонууну кылмыштуулук менен күрөшүүнүн жана коопсуздукту сактоонун бир ыкмасы катары көрүшөт. Бирок аны менен бул көйгөйлөр чечилип калат деген эч бир далил жок.

Казакстанда 2003-жылы өлүм жазасына мораторий жарыяланганына карабастан, Алматы шаардык соту террордук чабуулду уюштурду деп айыпталган Руслан Кулекбаевди өлүмгө буйруду. 2016-жылдын июль айында уюштурулган куралдуу кол салуудан 10 адам набыт болгон.

Түштүк жана Түндүк Америка мамлекеттеринин ичинен АКШ 2016-жылы өлүм жазасын колдонгон жалгыз мамлекет болуп калды. Баяндамда белгиленгендей, былтыр Кошмо Штаттарда 32 адам өлүм жазасына тартылса, анын 20сынын өкүмү ишке ашкан.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтыруу Фейсбук социалдык тармагы аркылуу жүргүзүлөт. Фейсбук баракчасы жоктор ага катталгандан кийин гана пикир билдире алат. Пикир жазгандардан төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан сөздөрдү жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.