АКШ Бээжин менен Москванын Африкадагы таасирин сындады

Сенегал өлкөсүнүн ардак күзөттөгү аскерлери. 6-декабрь, 2018-жыл.

Кошмо Штаттар Африка боюнча жаңы стратегиясын аныктап жатат. Ага ылайык, Вашингтон кара континенттин өлкөлөрүн иргебей, жапырт жардам берүү тажрыйбасынан баш тартмакчы.

АКШ ага катар Кытай менен Орусиянын Африкада саясий жана экономикалык таасирин кеңейтүүдө колдонуп жаткан ыкмаларын айыптады. Бээжин жана Москва АКШнын Африка боюнча сынына азырынча жооп кайтара элек.

Кошмо Штаттардын азыркы администрациясынын Африка боюнча жаңы стратегиясынын чоо-жайын 13-декабрда Вашингтондогу атайын жыйында Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи Жон Болтон жарыялады.

- АКШ мындан приоритеттерди аныктабай эле бүткүл континентке жардам берүү тажрыйбасын токтотот. Биз Улуттар Уюмунун ийгиликсиз, натыйжа жана эсеп-чот бербеген тынчтык орнотуу миссияларын мындан ары колдобойбуз. Жаңы стратегияга ылайык, биз АКШнын каражатын чечүүчү өлкөлөргө, конкреттүү стратегиялык максаттарга багыттайбыз. Кошмо Штаттардын бул континентке багытталган жардамынын баары биздин кызыкчылыкты алдыга түртүп, Африка мамлекеттери да өзүн-өзү камсыздоо аракетин көрүүгө жардам берет. Тилекке каршы, америкалык салык төлөөчүлөрдүн миллиарддаган доллар каражаты буга чейин күтүлгөн жыйынтыкты бербеди. Ал терроризм, радикализм менен кыянатчылыктарды токтото алган жок. Ошондой эле стабилдүү жана ачык-айкын башкарууга, экономиканын турмушка жарадамдуулугуна, бүткүл аймактагы өнүгүүнүн жакшыруусуна алып келбеди. Мындан ары Кошмо Штаттар натыйжасы, эсеп-кысабы, реформасы жок жардам деген эски эреже менен келише албайт. Мунун ордуна биз эми жаңы жолго түшөбүз, ал акыр-аягында жыйынтык берерине үмүттөнөбүз, - деди Болтон.

Дагы караңыз Кытай Африкадан миллиарддарын аябайт

​Улуттук коопсуздук боюнча кеңешчи минтип айтып чыкканга чейин АКШнын мамлекеттик катчысынын Африка боюнча жардамчысы Тибор Наги Конгресстеги угууда кара континентте Кытайдын экономикалык, аскерий жана саясий таасири өсүп жатканын эскерткен.

Жон Болтон Бээжин менен Москванын Африкада таасирин арттыруу үчүн колдонгон ыкмаларын айыптады. Ал ыкмаларга “жырткычтык” деген мүнөздөмө да берди:

- Атаандаш ири державалар атап айтканда, Кытай менен Орусия бүткүл Африкага экономикалык жана саясий таасирин ыкчам арттырууда. Кытай пара берүүгө, ачык-айкын эмес келишимдерге көз жуумп, Африка өлкөлөрүн өз капканында кармоо үчүн карызды ченебей берүү ыкмасын да колдонот. Анын инвестициялык ишканалары коррупцияга баткан, АКШнын өнүгүү программаларынын этикалык, экологиялык стандаттарына шайкеш келбейт. Орусияда дагы аймактагы таасирин коррупциялашкан экономикалык мамилелер аркылуу күчөткөнгө умтулууда. Бүткүл континент боюнча саясий жана экономикалык алака-катышын мыйзам үстөмдүгүн, жоопкерчиликтүү жана ачык-айкын башкарууну эске албастан эле жүргүзүп жатат. Улуттар Уюмундагы добуштарды курал жана энергия соодасына алмаштырууну улантып, Африка элинин кызыкчылыгына, тынчтык менен коопсуздукка шек келтирүүдө.

Жон Болтон

Бээжин жана Москва Вашингтондун Африка боюнча айыптоосуна азырынча комментарий бере элек.

Африка-Кытай алакасы

Америкалык расмий өкүлдөр Кытай кара континенттин өлкөлөрүн карызга батырып жатканын буга чейин эле айтып келген.

Бээжин 2013-жылы Африканы “Бир кур, бир алкак” долбооруна кошкон.

Ага катар АКШнын Африкадагы жалгыз туруктуу аскерий базасы турган Жибути өлкөсүндө алгачкы аскерий базасын ачкан.

Жон Хопкинкс университетиндеги “Кытай-Африка изилдөө демилгеси” борбору келтирген маалыматтарга караганда, 2000-2016-жылдардын аралыгында Кытай Африкага 125 миллиард доллар насыя бөлгөн.

Быйыл сентябрда Бээжинде өткөн кезектеги Кытай-Африка саммитинде кара континентке дагы 60 миллиард доллар бөлүү убада кылынган.

Бул акчанын 15 миллиард доллары жардам, үстөгү төмөн насыя, концессиялык кредит, 20 миллиард доллары кредит иретинде, ал эми 10 миллиарды Кытай - Африка өнүгүү коруна, 5 миллиарды Африкадан товар импорттоо боюнча атайын корго бөлүнөрү айтылган.

Кытай-Африка саммитинин ачылыш салтанаты. Бээжин, 3-сентябрь, 2018-жыл.

Мамлекеттик “Синьхуа” агенттиги 3-сентябрда өткөн саммитте Кытайдын президенти Си Цзинпин "Бээжин Африкага инвестицияны эч кандай саясий шарт койбой берет” деп ырастаганын жазган.

Африка континентинде азыр эгемендиги таанылган 54 өлкө бар жана аларда 1,2 миллиард калк жашайт.

БУУнун болжолунда 2050-жылга барып, Африканын элинин саны эки эсеге чейин көбөйүшү мүмкүн. Континенттин табигый байлыктарынын акчалай көлөмү азыр да триллиондогон доллар деп эсептелет.

"Азаттыктын" материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлерди жазууга болбойт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер жарыяланбайт.