Брюсселдеги жардырууларга байланыштуу Бельгияда үч күндүк аза күтүү жарыяланды. Өлкөнүн чек араларында теракттардан кийин текшерүүлөр калыбына келтирилип, Голландия менен Бельгияны байланыштарган жолдо узун кезектер пайда болгонун Голландиянын жол кайгуул кызматы кабарлады.
Бельгиялык La Libre гезитинин жазганына караганда, "Ислам мамлекети" радикал тобу теракттар үчүн жоопкерчиликти өзүнө алды.
Жергиликтүү басылмалар баш калаадагы Завентем аэропортунун коопсуздук камералары тартып алган видеодон сүрөттөрдү жарыялашты. Полиция бөлүшкөн сүрөттөрдө террорчу деп шектелген кишилерди көрсө болот. Алар жүргүнчүлөргө аралашып, жүк салган арабаларды түртүп баратышат. Эки кишинин тең бир гана колуна кол кап кийип жүргөнүн байкаса болот. Полиция алар жардыргыч заттарды ошол кол каптарга катышкан деп болжолдойт. Алардын жанында бараткан үчүнчү кишини ушу тапта издеп жатышат.
La Dernière Heure гезити Брюссель шаарынын полиция бөлүмү 225 аскерди жардамга чакырганын, Тианж атомдук станциясы жарым жартылай эвакуацияланганын жазат. Ишкананын администрациясында иштеген кызматкерлер көчүрүлдү, бирок реакторлордун ишин камсыздап турган адистер иш ордуларында кала берүүдө. Башка АЭСтерди полиция жана армия күчөтүлгөн режимде кайтарууга киришти.
НАТО Эвердеги баш кеңсесинде коопсуздук коркунучунун деңгээлин көтөрүүнү чечти.
Бүгүн эртең менен жардыруу болгон Малбек станциясынын жанында жайгашкан Европарламент жана Евробиримдиктин кеңселери жабык турат. Имараттарга жана короолорго кирип чыккан адамдар менен машиналар дыкат текшерилүүдө. Еврокомиссиянын кызматкерлерине үйлөрүндө же иш кеңселеринде калууга көрсөтмө берилди. Бельгия парламенти да жабык турат.
Ал тапта Европанын булуң бурчунда коопсуздук чаралары күчөтүлүүдө. Бир катар борбор шаарларда аэропорт, темир жол вокзалдары катуу кайтарууга алынды.
Нью-Йорктогу Кеннеди аэропортуна кошумча күчтөр жайгаштырылып, Тайм Скверде куралчан полициячылар патрулдап жүрөт.
Дүйнө лидерлери Бельгияга көңүл айтуу менен бирге терроризмге каршы күрөштө чечкиндүүлүк көрсөтүүгө чакырууда.
Гаванада сапарда жүргөн АКШ президенти Барак Обама Брюсселдеги окуя дүйнө улутка, раса же динге карабай террорчулукка каршы биригүүгө тийиш дегенди дагы бир жолу далилдеди деп айтты:
- Америка эли Бельгия элинин кайгысын тең бөлүшөт. Бейкүнөө адамдарга каршы багытталган бул чабуулдарды айыптаган бельгиялыктар менен тилектешпиз. Дос жана өнөктөш мамлекеттин кан төгүүнун артында тургандарды таап, сот жообуна тартуу аракетине бар колдообузду көргөзөбүз.
Париж мэриясынын жанында бүгүн кечинде чогулгандар Брюссель теракттарынын курмандыктарын бир мүнөт үнсүз эскеришмекчи. Баш калаадагы Эйфель мунарасынын жарыктары Бельгия желегинин түстөрүн чагылдырып жанып турат.
Түркиянын премьер-министри Ахмет Давутоглу Анкарада өз партиясынын депутаттарына кайрылып жатып, "Бул кол салууну айыптайм. Брюсселде бүгүн эртең менен болгон окуя глобалдуу терроризмдин жүзүн дагы бир жолу көргөздү. Бельгия элине жана өкмөтүнө көңүл айтам. Биздин элдин атынан тилектештик сезими менен бөлүшкүм келет. Өткөн жумада биз Брюсселде (Түркия-Евробиримдик саммитинде) болгонбуз. Бүгүн мен терроризмге – Күрт жумушчу партиясы, Даеш, Элдик боштондук революциялык фронтко (DHKP-C (Revolutionary People's Liberation Party-Front) каршы биргелешип аракет көрүүгө үндөймүн" - деди.
Брюсселдеги жардыруулар
Алгачкы жардыруу бүгүн эртең менен шаардын башкы аэропортунда, кийинкиси көп өтпөй Евробиримдиктин кеңселерине жакын жердеги Малбек метробекетинде болду. Европа лидерлери бул чабуулдарды кескин айыптап, аны кара мүртөз террорчулардын иши деп баалап жатышат.
Бельгиялык маалымат каражаттары федералдык прокуратурага таянып, аэропорттогу жардыруудан 30дан ашуун киши мерт болуп, 200дөй киши жаракат алганын жазып чыгышты. Завентем аэропортундагы жардыруудан көп өтпөй Брюсселдин борбордук бөлүгүндө, Евробиримдиктин кеңселери жайгашкан комплекске жакын жердеги Малбек метробекетинде дагы бир жардыруу болду.
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Зак Мозоун аттуу жүргүнчү Франциянын BFM телеканалына жардыруудан залдын шыбы талкаланып, туш тараптын баары чачыраган канга бойолуп калганын айтты.
Ошол учурда аэропортто болгон Рик аттуу дагы бир жүргүнчү буларды айтат:
- Түтүндү эле көрдүк. Жардыруунун катуу добушунан соң айлананы түтүн каптады. Жарадар кишилерди биз менен, жүргүнчүлөр менен чогуу эвакуациялашты.
Belga маалымат агенттиги чабуул жасагандар жардыруу алдында ок атып, арабча сөздөрдү кыйкырганын билдирди.
Бул окуялардан соң Белгия баш калаасында коомдук транспорт токтоп, бийликтер элди турган жеринен жылбай турууга чакырды.
Европа лидерлери Брюсселдеги бул кандуу чабуулдарды кескин айыптап чыгышты. Европа кеңешинин төрагасы Дональд Туск "бул чабуулдар жек көрүүчүлүк менен зомбулукту ишке ашырган террорчулардын дагы бир ыплас иши" десе, Германия канцлери Ангела Меркель "мындай арамза, кара мүртөз чабуулдар террорчулардын гана колунан келчү иш" деп айтты.
Швециянын премьер-министри Стефан Левен "бул демократиялуу Европага каршы чабуул, террорчулар биздин ачык коомго чабуул жасаганын биз эч качан тааныбайбыз" деди.
Бул жардыруу Парижде былтыр ноябрда 130 адамдын өмүрүн алган террордук чабуулдардын башкы уюштуруучусу катары шектелген Салах Абдеслам Брюсселдеги атыштан кийин кармалгандан төрт күндөн соң болуп отурат.
Бир күн мурда Бельгиянын прокурору Фредерик ван Лев Париж чабуулдарын тергөө жана Абдесламдын кармалышы боюнча буларды айткан эле.
- Салах Абдеслам жана адвокаты айрым маалыматтарды берүүнү чечишти. Ал көрсөтмөлөрү окуянын чоо жайын, бүдөмүк кала берген айрым жагдайларын билүүгө жардам берет деп үмүттөнөбүз. Бирок ким кандай ролду ойногонун так айтуу дале эрте. Колубузда айрым элементтер бар, бирок түшүнүксүз жагдайлар дагы көп.
Брюсселдеги жардыруудан соң Европа өлкөлөрүндөгү бардык аэропорттордо коопсуздук чаралары күчөтүлдү.
Париждеги кол салуулардан кийин Бельгияда коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүнө карабай, баш калаада кандуу теракттар болуп отурат.
Бул эмнеден кабар берет? Коопсуздук күчтөрүнүн иши натыйжасыз болуп жатабы? Эмне себептен Брюсселдин жака белиндеги конуштар радикалдашуунун булагына айланып калган? Ушул жана башка суроолорго бельгиялык журналист Фред Петросян жооп берди.
Фред Петросян: Бельгиянын бийлигин эки нерсе үчүн сындап келатышат. Биринчиден, жихадчылар же Париждеги теракттар үчүн шектүү адамдар аныкталганы менен, аларды төрт ай бою колго түшүрө албай жүрүштү. Мына кечээ гана ошол чабуулдарды уюштургандардын бири делген Салах Абдесламды Брюсселде кармоого жетишишти. Бирок ал иш бир нече айга созулуп кеткен. Бул – Бельгиядагы коопсуздук күчтөрүнүн ишиндеги чабалдыкты көргөзөт.
Экинчиден, жихадчылардын, радикалдашкан мечиттердин саны Брюсселде өтө көп болгондуктан алардын бардыгын бийликтер көзөмөлдөй алышпайт. Статистикага, жихадчылардын чордону болуп эсептелген Мөленбек конушунун жергиликтүү бийликтеринин маалыматтарына караганда, кеминде 20 чакты мечит расмий каттоого алынган эмес.
"Азаттык": Эмне себептен аларды эч ким көзөмөлдөй алган эмес?
Фред Петросян: Божомолдордун бирине ылайык, Мөленбектин мурдагы акими, социалист Филип Моро реалдуулукту жылдар бою көз жаздымда калтырып келген. Айрымдар ал жакта үстөмдүк кылган араб мигранттар дал ошол социалисттерге добуш берчү дешет. Аким конуш ар башка улуттун, диндердин өкүлдөрү жашаган социалдык лабораториянын үлгүсү деп мактанып келген. Мына ошол социалдык лаборатория трагедияга алып келди.
Бирок радикалдашкан жаштар Брюсселдин Мөленбектен да башка конуштарында, Бельгиянын калган шаарларында да толтура. Ал жакта жашаган жаш келгиндер жылдар бою түпкүлүктүү эл менен жуурулушпай, Бельгия коомуна жакшы камтылбай, сыртында калып келишкен. Алардын арасынан кээ бирлер Сирияга барып, кайра оңой эле кайтып келип турушкан. Расмий маалыматтарда 100-150 чакты жихадчы өлкөгө кирген деп айтылганы бар. Демек ошол 100-150 кишини көзөмөлдөй албай жатышат.
"Азаттык": Бирок Париж теракттарына тиешеси бар деп шектелген Абдеслам колго түшүрүлгөндөн кийин ушундай кол салуу болушу мүмкүн деп күтүшкөн эмеспи?
Фред Петросян: Өлкө боюнча азыр коопсуздук коркунучу 4 деген эң жогорку көрсөткүчкө көтөрүлдү. Буга чейин 3-даража болчу. Бул деле өтө жогору. Коопсуздук күчтөрү аэропорт, жаңы жылдык жармаңке, майрам, карнавалдар өңдүү эл көп топтолгон коомдук жайларды күнү-түнү кайтарып келишкен. Бирок мына эми көрүп отургандай, ал чаралар жетишсиз болуп чыкты.
Баса, бир катар гезиттер Абдесламдын кармалышы Бельгияда коопсуздук жакшы камсыздалып жатат дегенди билдирбейт деп жазышкан. Террорчу деп шектелген бир, макул, андан көп кишини кармашсын, бирок бийлик өзү айткандай ондогон жихадчы эркин жүргөндө, радикалдашкан адамдардын башын бириктирген топтор бар кезде, андай кол салуулар ар кайсы жерде болушу мүмкүн.
"Азаттык": Эми кандай чара көрүү зарыл?
Фред Петросян: Айрым булактардын ырастоосунда, Бельгия менен Европанын калган өлкөлөрү ортосунда координация жок деп сындашат. Атүгүл өлкөнүн жамааттары да бул маселеде жакшы кызматташпайт деген сөздөр да жок эмес. Бельгия үч жамаатка – фламанддар, француз жана немис тилдүүлөргө бөлүнгөн. Немис тилдүүлөр 30 миңдин айланасында. Фламанддар 60 процент, француз тилдүүлөр 40 процентти түзөт. Ошол эки жамааттын коопсуздук органдары ортосундагы маалымат алмашуу начар деп жазгандар да бар.
Бийлик аэропорттогу жардырууну жанкечти жасаган деп ырастоодо. Демек ал адам аэропорттун имаратына, жүргүнчүлөр жана тосуп алуучулар күтүп отурган залга ээн эркин эле кире алган. Аскерлер аэропорттун ичинде гана жайгаштырылган. Ушул жагдайларды эске алуу зарыл.