Иракта Синжар шаары бошотулду

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Ирактын Күрт автономиясынын президенти Масуд Барзани түндүктөгү Синжар шаары “Ислам мамлекети” радикал уюмунан кайтарылганын жарыялады. Тоо арасындагы Синжар Сириянын жихадчылардын колундагы аймактары менен Ирактын Мосул шаарын байланыштарган стратегиялык тилкеде орун алган. Былтыр августта согушкерлер аны ээлеп алганда езид азчылыгынын өкүлдөрү тоого качууга аргасыз болушкан.