Трамп - Путин жолугушуусу: шайлоо чуусу козголду

Путин жана Трамп жолуккан учур. Гамбург, 7-июль, 2017-жыл.

АКШ жана Орусия президенттеринин узактан бери күтүлгөн алгачкы расмий сүйлөшүүсү Гамбург шаарында өттү. Анын жүрүшүндө Орусиянын АКШдагы былтыркы президенттик шайлоого кийлигишүүсүнө байланышкан маселе көтөрүлгөн. Мындан сырткары Сирия кризиси жана Украина, Түндүк Корея маселелери талкууланган.

Путин менен Трамптын узактан бери күтүлгөн биринчи эки тараптуу расмий сүйлөшүүсү мерчемделгенден көпкө 2 саат 15 мүнөткө созулду.

Расмий жолугушуунун кабарчылар киргизилген кыска бөлүгүндө АКШ президенти Трамп “биз президент Путин менен түрдүү маселелерди талкуулап келдик, менимче баары жакшы болот, биз азыр да сүйлөшөбүз. Бирок биз Орусия, АКШ үчүн, кызыкдар башка тараптардын баары үчүн да көп позитивдүү нерселер болушун чыдамсыздык менен күтөбүз”, - деген эле.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Трамп менен Путиндин алгачкы жолугушуусу

Путин өз кезегинде Трамп менен таанышканына “кубанычта” экенин, АКШ президенти сыяктуу ал дагы эки тараптуу жолугушуу “оң жыйынтык” алып келерине үмөттөнүп турганын айткан.

Алар буга чейин кеминде эки ирет телефондон гана сүйлөшүшкөн

Шайлоо чуусу

Алардын алгачкы көзмө-көз жолугушуусунда көтөрүлгөн маселелердин айрым өңүттөрүн прессага Мамлекеттик катчы Рекс Тиллерсон менен тышкы иштер министри Сергей Лавров ачыкташты.

Тиллерсондун ырастоосунда, Трамп сүйлөшүүдө Орусиянын АКШдагы былтыркы президенттик шайлоого кийлигишүүсүн “бир нече жолу” көтөрдү:

- Президент (Трамп) Путин менен жолугушууну Америка элинин Орусиянын 2016-жылдагы шайлоого кийлигишүүсүнө байланышкан тынчыздануусун айтуу менен ачты. Алар бул маселени кеңири жана узак пикир алышты. Президент (Трамп) президент Путинден Орусиянын (шайлоого) кийлигишүүсү жөнүндө бир нече ирет сурады. Президент Путин менимче мурдагыдай эле бул кийлигишүүнү төгүндөдү. Эки лидер тең бул АКШ-Орусия алакасын алга жылдыруу мүмкүнчүлүгүбүзгө олуттуу тоскоолдук экенине макул болушту. Менимче, эки президент тең кантип алга жылууга көңүл бурушту. Себеби биз качандыр бир бул маселе боюнча чечимди макулдаша аларыбыз азыр мага анык эмес. Маселе биз азыр эмне жасарыбызда.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо Путиндин шайлоого кийлигишүүнү четке какканын Трамп “кабыл алды” деп ырастады.

Президент Трамп “президент Путинден бул калп экендиги тууралуу так билдирүүлөрдү укту жана аларды кабыл алды”, - деди орус дипломатиясынын башчысы.

Тиллерсон Лавровдун бул сөздөрү туурабы деген суроого жооп берген жок.

Трамп - Путин кездешүүсү АКШнын өзүндө Орусиянын былтыркы президенттик шайлоого кийлигишүүсү, Трамптын ошол кездеги шайлоо штабындагы адамдардын Москва менен ыктымал байланыштары боюнча Конгресстин жана ФБРдин иликтөөлөрү уланып жаткан шартта өттү.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Чоң жыйырманын саммити: Трамп-Путин учурашуусу

Сирия

Ал эми Сирия боюнча эки президенттин алгачкы кездешүүсүндө АКШ менен Орусия Сириянын түштүк-батышында каршылашкан топтордун ок атышуусун токтотуу боюнча макулдашууга жетишкен.

Ага ылайык, Сириянын Иордания менен чектешкен бул чөлкөмүндө ок атышуу 9-июлдан тарта токтоосу керек:

- Менимче, бул АКШ жана Орусия Сирия боюнча кызматташа аларынын алгачкы белгиси. Биздин мурдагы позициябыз уланып жатат. Биз Асаддын режими, же Асаддын үй-бүлөсү үчүн узак мөөнөттүү ролду көрбөйбүз, - деди Мамлекеттик катчы Тиллерсон.

АКШ - Орусия ортосунда Сирия боюнча да чыңалуу бар. Вашинггтон жана Москва “Ислам мамлекети” экстремисттик тобунун согушкерлерин жеңүүнү орток максат деп аташат.

Бирок Москванын президенти Башар Асадды колдогону жана Сирия режиминин жайкын тургундарга каршы химиялык чабуулдар боюнча маалыматтары эки өлкөнүн бул жердеги кызыкчылыктарын кагылыштырып келет.

Түндүк Корея

Трамп - Путин кездешүүсү Түндүк Корея 4-июлда өзү ырастагандай жана АКШ макул болгондой, континент аралык ракетасын биринчи ирет сынагандан кийинки учурга туш келди.

Орусия Пхеньян узак аралыкка учуучу эмес, кыска аралыкка учуучу ракетаны сынаганын айтууда.

Ак үй Москва баллистикалык ракеталарын утур-утур сынап жаткан Түндүк Кореяга каршы каталыраак чараларды колдойбу деп үмүттөнөт.

Анткен менен 6-июль күнү эле Москва БУУнун Коопсуздук кеңешинде Түндүк Корея боюнча АКШ даярдаган резолюция долбооруна каршы чыккан. Документте Түндүк Корея айыпталат.

Мамлекеттик катчы Тиллерсондун айтымында тараптардын Түндүк Корея боюнча туруму эки ача бойдон калды:

- Биз талкууларды улантып, алардан көбүрөөк нерсе жасоону суранабыз. Орусиянын Түндүк Корея менен экономикалык ишмердиги бар. Бирок Орусиянын расмий саясаты биздикиндей эле – Корей жарым аралын өзөктүк куралдан арылтуу. Демек, менимче, бул жерде кайра эле тактика жана ыргак боюнча көз-караштарда ажырым бар.

Тиллерсон өз тарабынан Путин - Трамп кездешүүсүн “абдан конструктивдүү”, эки лидер “тез эле” карым-катыш түзө алды деп мүнөздөдү.

Орус тышкы иштер министри Сергей Лавров болсо сүйлөшүү абдан “конкреттүү” болду деп сыпаттады.

Президент Трамп азырынча алгачкы жолугушуу боюнча комментарий бере элек.

Ал эми президент Путин жапон премьери менен кездешип жатып, АКШ президенти менен узак маектешүүсүндө “көп маселелерди”, анын ичинде “Сирияны, Украинаны”, “терроризмди, киберкоопсуздукту” талкуулаганына токтолгон.