Согушкерлер кармалган түрмө

AFP маалымат агенттиги эл-Хасака шаарындагы бул түрмөдө "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун беш миңге жакын согушкери отурганын кабарлайт.

Абакта отургандардын арасында ар кайсы курактагы адамдар бар. Аларды түрмөнүн ичинен чыгарбай кармашат, соттолуучулар күндүн бетин көрбөй отурушат.

Түрмөдө керебеттер жок. Соттолуучулар жерде эле жатышат.

Абакта отургандар темир тордун тышында эмне болуп жатканынан кабарсыз. Соттолуучулар беш жолу намазга жыгылышат.

Түрмөдө отургандардын арасында жарадарлар көп.

Бул жерде отургандардын көбү мекенине кайтып баргысы келет. Бирок Батыш өлкөлөрү кайсы бир учурда "Ислам мамлекети" террордук тобунун катарына кошулуп кеткен жарандарын кайтарууну каалабайт.

Түрмө Сириянын түндүк-чыгышында орун алган. Бир нече жыл мурда "Ислам мамлекети" террордук тобунун согушкерлери Сириядагы жана Ирактагы аймактардын басымдуу бөлүгүн өз көзөмөлүнө алышкан. Эл аралык коалициялык күчтөрдүн аракети менен бул аймактар согушкерлердин колунан чыкты.

Түрмөнүн кызматкерлеринин айтымында, согушкерлер бир нече жолу башаламандык уюштурууга аракет жасашкан.

Түрмөнүн кызматкерлери абакта отургандарды сыртка чыгаруудан коркушат. Кароолчулардын бири бул адамдар "өтө коркунучтуу" болгонун айтты.

AFP агенттигинин маалымдашынча, түрмөдө отургандардын арасында Борбор Азия өлкөлөрүнүн жарандары да бар.

Сириянын түндүк бөлүгүндөгү түрмөлөрдө "Ислам мамлекети" экстремисттик тобунун 12 миңге жакын согушкери кармалууда.