Беткапчан дүйнө

Беткап кийген эркек Токиодогу Незу ибадатканасынын жыгачтан жасалган дарбазасынын жанынан өтүп бара жатат. 5-март, 2020-жыл. 

 

Ирактагы Күрдистандан Сирияга келген беткапчан жүргүнчүлөр. 1-март, 2020-жыл. 

Беткапчан аял атайын кийим кийип, Сеулдун көчөсүн дезинфекциялап жаткан жоокердин жанынан өтүп бара жатат. Түштүк Кореяда коронавирус жети миңге жакын кишиге жугуп, 70тен ашууну каза тапты. 5-март, 2020-жыл. 
 

Күндөн коргоочу көз айнек кийген киши COVID-19 тууралуу жаңылыкты окуп жатат. 25 жаштагы индиялык программист өзүнөн коронавирус табылгандан кийин тесттин жыйынтыгын күтүүдө. 4-март, 2020-жыл. Бангалор, Индия. 

 

Беткап кийген студент Басрадагы өкмөткө каршы митингге катышууда. Ушу тапта Иракта коронавирус 100дөн ашуун кишиге жукту. 5-март, 2020-жыл. 

 

Ирактык аялдар Багдаддын Тахрир аянтында чай куюп жатышат. Бул аянтта октябрь айынан бери демонстранттардын нааразылыгы өтүп келет. 4-март, 2020-жыл. 
 

COVID-19 вирусунун жайылып кетүү коркунучунан улам медициналык кызматкерлер полицияда кызмат өтөгөн аялдардын дене табын текшерүүдө. Бангкок, Таиланд. 1-март, 2020-жыл. 

 

Маблидеги Valmy заводунда иштеген аял респиратордук беткаптарды бүктөп жатат. Европада коронавирустун жайылышы заводдун жетекчилигин жумушчулардын санын 60 адамга чейин көбөйтүүгө аргасыз кылган. Франция. 

 

Беткап кийген адамдар автобус күтүп турат. Кувейт. 2-март, 2020-жыл. 

 

Беткапчан адамдар. Кувейт. 2-март, 2020-жыл. 

 

Беткап кийген футбол фанаттары. Испанияда акыркы жумада коронавирус менен ооругандардын саны көбөйдү. Мадрид. 
 

Мьянманын аскерлер дайындаган парламентинин өкүлдөрү Нейпьидо шаарында өтчү жыйынга баратышат. Бул өлкөдө аскерлердин саясатка таасири күчтүү. Парламенттин төрттөн бир бөлүгү аларга таандык жана үч чечүүчү министрди дайындай алышат. 4-март, 2020-жыл. 

 

Беткап кийген гонконгдук учкучтар. 5-март, 2020-жыл. 

 

Ирандык дарыгер COVID-19 вирусун жугузуп алган бейтапты дарылап атат. Иранда коронавирусту жугузуп алгандардын саны ушу тапта 11 миңден, өлгөндөрдүн саны 500дөн ашты. 
 

Былтыр декабрь айында Кытайдан чыккан жаңы коронавирус дүйнөнүн кеминде 114 мамлекетине жайылды.