Британ шайлоосу көпчүлүктүн көңүл борборунда

Эдинбургдагы добуш берүү бекети

Шайлоодо негизги таймаш азыр бийликтеги Консервативдүү партия менен ага тең тайлаш Лейбористтик партиянын ортосунда жүрүүдө.

Улуу Британияда 7-майда парламенттик шайлоо өтүп жатат. Анын жыйынтыгы өлкөнүн Европа Биримдигиндеги мүчөлүгүнөн күмөн туудуруп, Шотландиянын бөлүнүп кетиш мүмкүнчүлүгүн күч алдырары айтылууда.

Британия Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу жана НАТОнун ядролук куралы бар мүчөсү. Демек анын дүйнөлүк жана европалык саясаттагы салмагы да чоң. Ошондуктан бүгүнкү добуш берүүгө көпчүлүк жакындан көз салууда.

Негизги таймаш азыр бийликтеги Консервативдүү партия менен ага тең тайлаш Лейбористтик (жумушчу) партиянын ортосунда болуп жатат.

Консерваторлор партиясынын жетекчиси, Британиянын өкмөт башчысы Давид Камерон алдыңкы күнү өз колдоочуларынын алдында чыгып сүйлөдү:

- Эртең биздин өлкөдө бир муун өсүп чыккандан берки эң ири жана эң маанилүү шайлоо өтөт. Силердин берген добушуңар чечүүчү мааниге ээ болот. Кеп бийликте. Мен өлкөнү башкарууну уланта беремби же лейборист Эд Милибанд деген келип, беш жылдан берки иш текке кетсинби? Бул суроонун жообу силердин добуш бергениңерге жараша болот.

Бул кезде Лейбористтик партиянын лидери Эд Миллибанд Лидс шаарында жүрдү:

- Шайлоо өнөктүгү бүтүп жаткан акыркы сааттарда мен британ элине ушуну айткым келет. Акыркы беш жылда биздин өлкө чириген байлар менен бийлик төбөлдөрүнүн кызыкчылыгында башкарылды. Бирок эртең силердин күн. Эртең силердин сөзүңөр өтөт. Эртең Британиянын кайрадан эмгекчил элдин кызыкчылыгында иштешин чече аласыңар.

Шайлоо бүгвн эртең мененки саат жетиде башталды. Добуш берүүгө борборчул-оңчул консерваторлор менен борборчул-солчул лейбористтерден тышкары бир нече майда партия катышууда.

Эки ири партиянын лидерлери экөө тең 650 орундуу Өкүлдөр палатасында ачык-айкын көпчүлүккө жетебиз деп жатышат. Бирок сурамжылоо майда партияларга колдоо буга чейин болуп көрбөгөндөй кеңири болоорун көрсөтүүдө. Андай болгон күндө жеңүүчү тарап өкмөт түзүүдө чакан партиялар менен иштешүүгө мажбур болот.

Салмагы улам өсүп келе жаткан партиялардын бири Либерал демократтар болуп саналат. Борборчул, социал либералдык турумду карманган бул партия 2010-жылдагы шайлоодо добуштардын 23 пайызы менен 57 мандат алып, төмөнкү палатадагы үчүнчү ири францияны түзүп калган.

Кечээ Шотландияга бараткан жолдо поездде кабарчы менен жолуккан либерал демократтардын лидери Ник Клегг шайлоо өнөктүгү башталганда аларга кол силккендер көп болгонун, бирок шайлоодо чоң жаңылыктар болушу мүмкүн экенин билдирди.

Мындан беш жыл мурдагы шайлоодо партиясы үчүнчү болуп келгенден кийин Ник Клегг коалициялык өкмөттө вице-премьер болуп, дагы бир нече партиялашы министрлик кызматтарга келген.

Бүгүнкү шайлоодо уучу кур болбой тургандыгы болжолдонгондордун дагы бири Улуу Британиянын Көз карандысыздык партиясы. Өлкөнүн Европа Биримдигинен чыгышын көздөгөн бул партия оңчул популисттик туруму менен таанымал. Анын төмөнкү палатада эки, Лорддор палатасында үч эле өкүлү бар. Бирок Европалык парламентте 23 мандатка ээ, Брюсселде башка бир да британиялык партиянын мынчалык өкүлү жок.

Партия башчысы Никел Фарэж шаршембиде анын жалгыз көздөгөнү Улуу Британияны Европа Биримдигинин кучагынан сууруп чыгуу экендигин кайрадан эскертти.

Добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгы бейшембиде кечки 10дордо чыгат, ал эми толук жыйынтык жума күнү түштөн кийин белгилүү болуп калууга тийиш.