ДССУ коронавирус күчөй турганын эскертти

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө оору жуккан учурлар көбөйдү.

АКШдагы Жон Хопкинс университетинин эсебинде, дүйнө жүзүндө коронавирус 43 миллиондон ашык адамга жукту.

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) быйыл март айында COVID-19ду пандемия деп жарыялагандан бери 1,1 миллион бейтап жан берди. Уюм дүйнө лидерлерин токтоосуз чара көрүүгө чакырды.

Бир катар мамлекеттерде коронавирус жуккан адамдар кескин көбөйгөн маалда ДССУнун башчысы Тедрос Аданом Гебрейсус​ көптөгөн жарандар карантиндин айынан өзүн-өзү чектегенден тажап, «пандемиялык чарчоодо» жүргөнүн белгилеп, бирок сактык чараларына кол шилтеп койбоого чакырды.

Гебрейсус дүйнө лидерлерин эксперттердин айткандарына кулак салып, «COVID-19ду саясатташтырбоого» үндөдү:

Тедрос Аданом Гебрейсус.

«Биз азыр пандемиянын эң оор баскычында турабыз. Алдыдагы бир канча ай өтө оор болот жана айрым мамлекеттер татаал жолго түшөт. Көп мамлекеттерде ооругандар кескин көбөйүп, ооруканалар, абалы оор бейтаптар дарыланган бөлүмдөр октябрь айында эле толуп калды. Биз дүйнө лидерлерин өлүм-житимдин алдын алууга жана саламаттык сактоонун негизги кызматтарын сактоого, мектептер кайра жабылбашы үчүн кечиктирилгис чара көрүүгө чакырабыз».

Дагы караңыз

Чехия коронавирустан улам чектөөлөрдү күчөттү

Гебрейсустун мындай билдирүүсү соңку абалдан улам бир катар Европа өлкөлөрү кайрадан карантин киргизип, АКШда бейтаптар кескин көбөйгөн убакка туш келди.

Чехияда 28-октябрдан тартып түнкү коменданттык саат киргизилет жана кечинде олуттуу себеби жок, бейчеки көчөгө чыгууга тыюу салынат.

Европа Биримдигинин саламаттык сактоо органы бул өлкө аймакта оору жуккан учурлар боюнча эң алдыга чыканын маалымдады.

Роман Примула Прагадагы брифингде. 23-октябрь, 2020-жыл.

Чехиянын саламаттык сактоо министри Роман Примула азыркы карантин чаралары аздык кыларын, коронавируска кабылгандар 268 миңден ашып, 2300дөн көп бейтап көз жумганын белгиледи.

Анын маалыматына караганда, айрыкча соңку бир айда көрсөткүч чоң болду.

Чехияда өкмөт 5-октябрда өзгөчө абал жарыялаган жана мектептер, тамактануучу жайлар жабылган, көпчүлүк жерлерде милдеттүү түрдө беткап тагынуу эрежеси кирген. Азыр тамак-аш, турмуш-тиричиликке керектүү буюм-тайымдар сатылган дүкөндөр менен дарыканалардан башкасынын баары иштебей турат.

Дагы караңыз

COVID-19: Экинчи толкундун эпкини

Бул өлкөдө пандемиянын айынан Рождество алдындагы салтка айланган майрамдык жармаңкелер да болбойт. Мунун алдында Германияда да ушундай чечим кабыл алынган.

Италия менен Испания да кайрадан карантин чараларын киргизди. Франция ушул тапта чектөө чараларын дагы катаалдатуунун жолдорун караштырып жатат.

Париж өңдүү ири шаарларда буга чейин коменданттык саат киргизилген. Испанияда 25-октябрда түнкү коменданттык саат киргизилип, өзгөчө абал жарыялаган.

Францияда коронавируска кабылгандар 1,1 миллион адамга жетти жана мындай көрсөткүч менен дүйнөдөгү бешинчи өлкө болуп калды.

Дагы караңыз Суук вирустун жаңы толкунун алып келди

Жон Хопкинс университетинин эсебинде, АКШда соңку эки аптадан бери күн сайын илдет жугузуп алгандардын саны 10% көп катталып жатат.

Өлкөнүн 47 штатында ооругандар, ал эми 35 штатында вирустан кайтыш болгондор көп катталууда. Бирок АКШда оорудан ажал тапкандар апрель айынын аягындагы эң чоң көрсөтүчкө караганда кыйла азайды.

Ошол эле кезде эксперттер кеч күздө жана кыш айларында абал начар жагына өзгөрүшү ыктымал экенин эскертип жатышат.