Франция жабылып, Орусияда моргдор толду

Орусиянын Нижний Новгород шаарындагы ооруканада тартылган сүрөт. 28-октябрь, 2020-жыл.

Францияда коронавируска байланыштуу 29-октябрдан тартып экинчи жолу толук карантин киргизилди. Орусиянын айрым аймактарында өлүкканаларга сөөктөр батпай калганы кабарланууда.

Францияда коронавирус күч алганына байланыштуу 29-октябрдан тартып экинчи жолу толук карантин киргизилди. Барлар, ресторандар жана бир катар ишканалар жабылды.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон 28-октябрда билдиргендей, күнүнө 10 миңден көп адамдан бул вирус табылып жатканына байланыштуу саламаттык сактоо системасына күч келүүдө. Жаздагыдай эле бул жолу өлкө тургундарына жүйөлүү себепсиз үйдөн чыгууга болбойт. Болгону азык-түлүк алганы чыкканга, ооруканаларга барууга жана бир саат спорт көнүгүүлөрүн тышта жасоого уруксат берилет. Анткен менен жаздагыга салыштырмалуу айрым жумшартуулар киргизилди. Маселен, мектептер жабылган жок. Бирок санитардык эрежелер катуу көзөмөлдөнөт.

Макрон ошондой эле «экинчи толкунда» адам өлүмү көп болушу мүмкүн экенин эскертти.

Франциянын президенти Эммануэл Макрон менен Германиянын канцлери Ангела Меркел карантин чектөөлөрү тууралуу 28-октябрда жарыялашты.

Француз президентинин бул билдирүүсүнөн бир нече саат мурда Германиянын канцлери Ангела Меркел да өлкөсүндө төрт жумалык карантин киргизилерин жарыялаган. Жаңы чектөөлөргө ылайык Германия жарым-жартылай жабылат.

«Азырынча биздин саламаттык сактоо системабыз бул мүшкүл менен күрөшүүгө алы жетерин айта алабыз. Бирок инфекциянын жайылуу ыргагы ушул бойдон кала берсе, бир нече апта ичинде саламаттык сактоо системасы кыйрап кала турган чекке жетебиз», - деди ал.

Германияда 2-ноябрдан тартып бардык тамактануучу, көңүл ачуучу жана спорт жайлары жабылат. Дүкөндөрдө санитардык эрежелер катаалдашат. Жарандарга муктаждыгы болмоюнча үйдөн чыгууга тыюу салынды. Германияда соңку бир суткада 16 миңден көп адамдан коронавирус аныкталды.

Өлүкканаларга сөөктөр батпай калды

COVID-19га байланыштуу кырдаал Орусияда да оор болуп турат. Бул жолу Алтай, Омск, Кемеров аймактарында илдетке кабылгандар көп болуп, ооруканаларда орун жетпей, ал эми өлүкканаларда сөөктөр батпай калганы тууралуу кабарлар тарап жатат.

Өткөн аптада маалымат каражаттарында Новокузнецк шаарындагы моргдо тартылган деген видео таркаган. Анда ондогон сөөктөр жерде жатканын көрүүгө болот. Ушундай эле видео «Вконтакте» сайтындагы «Кострома» деген баракчага да жайгаштырылды. Анда да чакан бөлмөдө эч кандай эрежелер сакталбастан кара мүшөктөргө салынган адам сөөктөрүн көрүүгө болот.

Дагы караңыз

Укук коргоочулар түрмөдө коронавирус чыкканын эскертти Орус дарыгерлеринин айласы кеттиCOVID-19: Экинчи толкундун эпкини

28-октябрга карата Орусияда бир жарым миллиондой адамдан коронавирус табылган, 27 миң киши бул илдеттен көз жумду. Кырдаал оор болгонун Кремль да мойнуна алды.

Орус президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков: «Маселе чындыгында олуттуу. Эпидемиологиялык соккуга өзгөчө аймактар туш болууда», - деп айтты.

Кошмо Штаттар дагы эле коронавирус катуу жайылган мамлекеттердин сап башында турат. Жон Хопкинс университетинин маалыматына ылайык, октябрь айында эле Америкада миңдей киши көз жуумп, 73 миң адам коронавируска чалдыккан. Экинчи орунда Индия турат. Бул мамлекетте жалпысынан сегиз миллиондой адамдан вирус табылган.

Латын Америкасында да COVID-19 менен ооругандар азая элек. Мексикада пандемия башталгандан бери бул илдеттен каза болгондор 90 миң кишиге чукулдады. Аргентинада бул көрсөткүч 30 миңдин тегерегинде. Дүйнөдө коронавируска чалдыккандардын жалпы саны 44 миллиондон ашты, ал эми бул илдеттен 1,1 миллиондон көп адам көз жумду.