АКШ: Ооганстан шайлоо өнөктүгүнөн сыртта

АКШ аскерлери Логар провинциясында. 25-май, 2012-жыл.

22-октябрда президенттикке талапкерлердин шайлоо алдындагы акыркы, үчүнчү телетаймашы өтүп, ал тышкы саясаттын маселелерине арналары күтүлүүдө. Байкоочулардын баамында, АКШ аскерлери али Ооганстанда турганына жана ооган согушу узакка созулганына карабай, талапкерлер бул маселеге өнөктүк учурунда олуттуу көңүл бурушкан жок. Мунун себеби эмнеде?
Ооган согушу АКШ үчүн буга чейин катышкан согуштардын эң узуну болду. Быйыл америкалык аскерлер бул өлкөгө киргенине 11 жыл толду. Бул мезгилде Кошмо штаттар 2000ден ашуун жоокерин жоготту, казынадан ооган согушуна 580 миллиард долларга жакын акча сарпталды.

Коомдук пикирди иликтөө боюнча “Гэллап” уюмунун башкы редактору Франк Ньюпорттун айтымында, сурамжылоо учурунда америкалыктар өлкө үчүн эң маанилүү маселелерди тизмектөөдө, алардын 1% гана Ооганстанды аташат.

Жарандарды азыр эң биринчи кезекте бейпайга салган маселе – экономика жана жумушсуздук. Саясатчылардын сөздөрү болсо адатта коомдогу маанайга шайкеш чыгат:

-Талапкерлер да сурамжылоону окушат, алардын да коомдук пикирди иликтөөчүлөрү бар. Андыктан алар чечүүчү маселелер кайсылар экенин билишет. Ромни же Обама Ооганстанды талкуулаганын укпаганыбыз, балким, алардын акыл кошчулары бул коом үчүн артыкчылыктуу маселе эместигин айтканына байланыштуу болсо керек.

Президент Барак Обама жана НАТОнун башка лидерлери Ооганстанда аскерий аракеттер 2014-жылдын декабрь айында токтойт деп мындан эки жыл мурда эле аташкан. Бул чечим НАТОнун быйыл майда Чикагодо өткөн саммитинде дагы бир сыйра ырасталган.

Андыктан сурамжылоолор согуштан чарчаган көптөгөн америкалыктардын аң сезиминде Ооганстан боюнча саясат биротоло чечилип калган деген түшүнүк бар.

Ал эми Ооганстанда акыркы кездери НАТО атагандай, “көктөрдүн жашылдарга”, башкача айтканда ооган коопсуздук күчтөрүнүн кийимин кийгендердин чет элдик кесиптештерине кол салуусунун күчөшү калк арасында балким, аскерлердин мерчемдел мөөнөттөт эрте кетиши дурусураак болоттур деген маанайды жаратты.

“Гэллап” уюму жүргүзгөн сурамжылоо да коомдо ушундай пикир бардыгын ачыктаган. Жакында эле абройлуу “Нью-Йорк Таймс” басылмасы аскерлерди чыгарууну тездетүүгө үндөгөн макала жарыялады.

“Бул түшүнүктүү”, - дейт Вашингтондогу Брукингс институтунун талдоочусу Майкл О'Ханлон. Бирок, анын айтымында, америкалыктардын көпчүлүгү АКШ Ооганстанды ал өз коопсуздугу үчүн жоопкерчилик алууга даяр боло электе эле таштоосу керек деп ойлошпойт:

-Өткөн он бир жылдагылар абдан татаал жана жагымсыз болду. Албетте, америкалыктар кандуу аракеттерден чындап чарчады. Алар биз көздөгөн максаттарга жакындагыдай, бир нерсеге жетишкенибизден күмөн санашат. Анткен менен алар биз балким чыгып кетүүгө [Ооганстандан] ашыкпообуз керектигин, эки жылдын ичинде чыгаарыбыз боюнча планыбыз бардыгын билүүгө да жоопкер.

Республикачылардын президенттикке талапкери Митт Ромни өнөктүктүн башында атаандашы Обаны аскерий пландарды душманга алдын ала жарыялап салганы үчүн сындаган.

Бирок жакында ал Обама менен макулдугун, максат 2014-жылдын аягына чейин коопсуздук үчүн жоопкерчиликти оогандардын өзүнө ийгиликтүү өткөрүп берүү керектигин айтты.

Байкоочулар ооган маселеси боюнча эки талапкердин ортосунда олуттуу пикир-келишпестиктин жоктугунан, талкууга түшпөгөнүнүн бир себеби катары аташууда.

Бул өнөктүктө анча мынча сөз жүргөнү менен Ирак жана Ооганстандагы согуштарга катышкан 2,4 миллион аскер ардагери боюнча саясий талкуу боло элек.

АКШ армиясынын кезинде Иракта кызмат өтөгөн капитаны, азыр ирак жана ооган согушунун ардагерлери уюмунда иштеген Том Тарантинонун пикиринде, бул реалдуу проблема:

-Ооганстан боюнча талкуунун деңгээли нөлгө барабар. Мындан да маанилүүсү Ооганстандан үйүнө кайтып жаткан ардагерлер эмне болору боюнча талкуу дэңгээлинин нөлгө жакындыгын көрдүк. Биз буга чейин “кызматыңар үчүн ыраазылык” дегенди көп уктук, бирок конкреттүү нерсени көп уга элекпиз.

Том Тарантино кошумчалангандай, алар АКШнын кийинки башкы командачысы согуштан кайткан ардагерлердин көйгөйлөрүн кантип чечээрин уккусу келет.