Бакы шаарында өткөн “Евровидение-2012” сынагын 28 жаштагы швециялык ырчы Лорин “Эйфория” аттуу ыры менен жеңип алды. Европадагы 42 өлкөнүн добуш берүүсүнүн жыйынтыгында Швециянын теги марокколук ырчысы 372 добуш топтоду.
Экинчи орунда - орусиялык “Бурановские бабушки” тобу, үчүнчү орунда - сербиялык ырчы Желько Йоксимович, төртүнчү орунду конок ээси – азербайжандык Сабина Бабаева алды. Финалда жалпысынан 26 ырчы мелдешти.
http://www.youtube.com/embed/GqYtlpZ-9N4
“Евровидениенин” финалы алдында Бакыда өкмөткө каршы чыккан ондогон демонстранттар кармалган.
Салтка айлангандай, жеңүүчү катары 2013-жылдагы сынакты эми Швеция тосот.