Сергек жашоого умтулган элеттик кыз-келиндер

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Баткен облусунун Чек айылынын кыз-келиндери жаңы жылды сергек маанай менен тосушту. Аталган айылда аялдарды спортко кызыктырган фестивал өтүп, иш-чарага жүзгө жакын кыз-келиндер катышты. Уюштуруучулар мындай иш-чаралар элеттик кыз-келиндерди спортко тартып тим болбостон өз укугун билүүгө, аны коргоого үйрөтөт дейт.