SARS жана СOVID-19дун айырмачылыгы

"Коронавирустун жаңы түрүнүн желдей бат тарашына анын кыйды жүрүм-турумга ээ болгону себеп", - дейт вирусолог, инфекциялык оорулар боюнча дүйнөдөгү алдыңкы серепчилердин бири, профессор Жон Оксфорд.

2003-жылы "курмандыгын бат өлтүрүү" көрсөткүчү жогору деп эсептелген коркунучтуу коронавирус Кытайдын аймагынан чыгып, бир канча өлкөлөргө тараган.

Бул жугуштуу ооруну жуктурган ар бир онунчу адам каза тапкан. Вирус сегиз айдан кийин ооздукталган. Эмне себептен 2020-жылы аныкталган коронавирустун жаңы түрү дүйнөнүн булуң-бурчуна бат тарады? “Азаттык” дүйнөдөгү алдыңкы вирусологдон дал ушул суроого жооп алууга аракет кылды.

Ухань шаарындагы көчөлөрдүн биринде типтүү эмес пневмония (SARS) менен ооруп, эси ооп жыгылган бейтаптын жанында дары кармап турган дарыгер.

Бул сүрөт 2003-жылдын 29-апрелинде тартылган. Ошондо дүйнө 21-кылымдын пандемиясына айлана турчу жугуштуу оорунун жаңы түрү менен бет келген. Ал SARS-Cov-2 – тагыраагы оор жана курч респиратордук синдром деп аталган коронавирустун белгисиз түрү эле. SARS-Cov-2 илдетине чалдыккандардын 10 пайызы жашоо менен кош айтышкан. Инфекцияны жугузуп алган бейтаптардын көпчүлүгү аба жетпей, өпкөсүнө суу толуп каза болгон.

Китайдын түштүгүндөгү Гуанчжоу шаарынын базарында сатылып жаткан африка кундуздары (цивета).

SARS-Cov-2 таажы вирусу 2002-жылдын аягында аныкталган. Жарганат бул вирусту алып жүрүүчү болуп саналат. Коронавирус алгач жарганаттан африка кундузуна (цивита) жугат. Бул жаныбардан ооруну Кытайдын түштүгүндө жашаган адам жугузуп алат. Вирус жаныбар жеген тамак-аштан же анын биологиялык суюктугунан жана анын дем алуу органдарынан чыккан аба аркылуу адамга (мисалы, касапчы колундагы жарасы менен оорулуу жаныбардын терисин сыйрыганда же этин майдалаганда) жугат.

Така мурун жарганат. Типтүү эмес пневмонияны козгогон коронавирустун түрү дал ушул жарганаттын организминде жашайт. Вирус алгач кундузга, андан соң адамга жугат.

Вирустун бир жандыктан экинчи жандыкка жугушу кадыресе көрүнүш. Бирок, 2002-жылдагы коронавирус кишиге биринчи жуккан кезде, адамдын организминде мутацияланып, адамдан адамга бат жуга турган жөндөмгө ээ болгон. Ал пандемия коркунучун жаратат.

Милиция кызматкерлери Бээжин шаарындагы оорукананы сүрөткө тартууга болбоорун ишаарат кылууда. Апрель, 2003-жыл.

Жаңы илдет Кытайда алгач ондогон адамга жугуп, көп өтпөй инфекцияны жуктургандардын саны миңден ашкан. Бирок өлкөнүн коммунистик партиясы ооруну жаап-жашырууга аракеттенген. Дарыгерлерге жаңы илдет тууралуу маалымат таратууга тыюу салынып, жарандардын саякаттоосуна жана шаар аралап жүрүүсүнө чектөө коюлган эмес.

Гонконг шаарындагы "Metropole" мейманканасы. SARS илдети дал ушул мейманканадан дүйнөгө тараган.

2003-жылдын 21-февралында доктор Лю Цзяньлунь Кытайдан Гонконгго үйлөнүү тойго катышуу үчүн келет. Ал Кытайдын Гуандун провинциясында жайылып жаткан "типтүү эмес пневмонияга" чалдыккан бейтаптарды жашыруун дарылап жүргөн. Ал "Metropole" мейманканасынын 9-кабатына жайгашат. Көп өтпөй анын дене табы көтөрүлөт. Доктор Люну жакынкы бейтапканага алып кеткенге чейин жаңы вирус мейманканада жашаган башка туристтерге да жугат. Вирустун башкаларга жугушуна Лю Цзяньлундун коридордо кусуп салганы себеп болот. Доктор Лю 4-мартта каза табат. Ал белгисиз вирустук инфекция менен жашыруун иштегени тууралуу Гонконгдогу дарыгерлерге айтууга үлгүрөт.

SARS илдетин жугузуп, каза тапкан Гонконгдук дарыгерди жоктоп ыйлып жаткан аял. 2003-жылдын май айы. “Metropole” мейманканасынан чыккан вирус Гонконгго желдей тараган.

Бийлик оорунун тарап кетишинин алдын алууга аракет кылганы менен аны ооздуктоого кечигип калат. Анткени "Metropole" мейманканасында вирусту жугузуп алган көпчүлүк туристтер Гонконгдон чыгып, байкабастан вирусту өз мекенине алып барышат.

Канадалык жигит Торонто шаарындагы жугуштуу оорулар клиникасынын жанында турат. Март, 2003-жыл.

"Metropole" мейманканасына токтогон канадалык аял 23-февралда Гонконгдон Канадага кайтып келет. Аны аэропорттон уулу тосуп алат. Үч жума өтпөй апасы да, баласы да каза болот.

Медицина кызматкерлери Ханой шаарынан алыс эмес жердеги оорукананы дезинфекциялап жатат. Вьетнам, апрель, 2003-жыл.

"Metropole" мейманканасынын башка коноктору Вьетнамдын жана Сингапурдун жарандары да мекенине кайткан. Ошентип аталган өлкөлөрдө да типтүү эмес пневмония жайылган. Ооруну ооздуктоо үчүн кескин чаралар кабыл алынат. Илдет 29 өлкөгө жайылып 8098 кишиге жугат. 2003-жылдын июнь айында 774 бейтап көз жумат. Көп өтпөй оору толугу менен ооздукталат.

Лондон университетинин вирусология боюнча профессору, инфекциялык оорулар боюнча дүйнөдөгү алдыңкы серепчилердин бири, профессор Жон Оксфорд.

Профессор Жон Оксфорддун айтымында, 2003-жылы типтүү эмес пневмониянын ооздукталышына ошол кездеги көп жагдайлар себеп болгон. (Салыштырып караганда SARSтан каза тапкандардын саны СOVID-19дан каза тапкандардын 1 пайызына да жетпейт).

- Бул эки вирус бири-биринен айырмаланат, - деди профессор. – Ошол себептен 2003-жылдагы типтүү эмес пневмонияны ооздуктоо оңой болгон. Ал COVID-19 сыяктуу жайылып кеткен жок.

Профессор Оксфорд, айрым мамлекеттер SARS-Cov-2 жайылып кетпеши үчүн түрдүү чараларды киргизип, ооруну бүчүр кезинде эле ооздуктай алганын кошумчалады.

Париждин бош калган көчөлөрү. 1-апрель, 2020-жыл. Азыркы пандемия 120 миңден ашык адамдын өмүрүн жалмады (14-апрелге карата). Дүйнөлүк экономика олчойгон зыян тартты.

Профессор Оксфорддун айтымында COVID-19 илдетин козгогон коронавирустун жаңы түрүнүн мынчалык тез жайылышынын себебин түшүнүү кыйынга турууда.

- Эмне себептен таксанын (иттерди породасы) буттары кыска, ал эми борзы иттеринин (тайганга окшош иттердин породасы) буттары узун? Бул - эволюция. Жаңы коронавирустун жайылышынын башкы себеби оорунун белгилери байкалбай өткөнүндө жана айрым учурларда гана өлүмгө алып келгенинде. Бул вирустун мүнөзү такыр башкача, - дейт профессор.

Памплане шаарындагы базарды дезифекциялап жаткан испан аскерлери. 8-апрель, 2020-жыл.

Кытай илимпоздорунун жакында эле жарыялаган изилдөөлөрү көрсөткөндөй, жаңы вирустун бат жайылышына оорунун алгачкы белгилери байкалганга чейин эле кишиден кишиге жукканы себеп болууда.

Профессор Оксфорд илдеттин башкаларга бат жугушуна, вирусту жуктуруп алганын сезе элек бейтаптардан сырткары вирусту алып жүргөндөр көбүрөөк коркунуч жаратарын айтууда. 2003-жылдагы типтүү эмес пневмония бейтапта оорунун белгилери байкалганда гана башка адамга жугары белгилүү болгон. Бул медицина кызматкерлерине инфекцияга чалдыккан бейтапты өз убагында изоляцияга алуусуна жакшы шарт түзгөн.

COVID-19 менен ооруп жаткан бейтап. Ал Париждеги ооруканалардын биринде өпкөнү жасалма дем алдыруучу аппарат менен дем алууда. 1-апрель, 2020-жыл.

- Коронавирустун жаңы түрүнүн желдей бат тарашына анын кыйды жүрүм-турумга ээ болгону себеп, - дейт профессор Оксфорд. - COVID-19 инфекциясы - курмандыгын бат өлтүрүп, бирок адамдан адамга жугушу жайыраак SARS-Cov-2 салыштырмалуу өтө куу келет. Менин оюмча ал бул мүнөзүн сактап калат.

Макаланын түп нускасын бул жерден окуңуз.

Эскертүү!

«Азаттыктын» материалдарына пикир калтырууда төмөнкү эрежелерди так сактоону өтүнөбүз: кайсы бир саясий партияга, топко үгүттөгөн, же каралаган, бир нече жолу кайталап жиберилген, адамдын беделине шек келтирген, келекелеген, кордогон, коркутуп-үркүткөн, басмырлаган жана жек көрүүнү козуткан пикирлер жарыяланбайт. Эрежени сактабай жазылган пикирлер сайтка чыкпайт. Модератор пикирлерди жарыялоо же андан баш тартуу укугун өзүнө калтырат.​