Залкарды эскерүү, сөз эркиндиги жана электр көйгөйү

“Эл үнү” уктуруубузга бул жолу кайрылган угармандарыбыз улуу жазуучу Чыңгыз Айтматову эскеришти. Өлкөдөгү электр жарыгы көйгөйү, сөз эркиндигинин кысылып баратышы тууралуу кеп кылышты.
Ч.Айтматовду эскерүү

Чыңгыз Айтматовдун 80-жылдыгына карата аны эскерүү үчүн биз менен байланышкан угармандарыбыз болду. 12-декабрда Ч.Айтматовдун көзү тирүү болгондо туура 80 жашка чыкмак.

Алимов Төрөкан, Базар-Коргон районунун жашоочусу: - Мына, кыргыз элинин, жалпы эле түрк элдеринин, ал гана эмес дүйнөлүк адамзаттын чыгаан жазуучуларынын бири Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүн жалпы кыргыз эли зор бийиктик, биримдик менен жакшы белгилеп атышат. Ч.Айтматов адамзаттын аң-сезиминин дагы да өнүгүп, мындан да жогорку деңгээлге жетүүсүнө түрткү берген, адамдардын өздүк өнүгүшүнө зор таасирин тийгизген чыгармаларды жарата алды. Анын чыгармалары мектептердин программаларына кирип, анын ар бир чыгармасындагы ар бир жандуу образдары жаштардын жашоосунда жол көрсөтө турчу шам чырак катары кызмат кыла берет. Ч.Айтматов бизге зор мурас таштап кетти.

Аруна Арабаева, Кытайдын Тышкы иштер министрлигинин дипломатиялык академиясынын студенти: - Мен Кыргызстанда Тышкы иштер министрлигинде иштейм. Кытайга бир жылдык окууга келдим. Кыргызстанда, дегеле башка өлкөлөрдө да азыр биздин улуу жазуучубуз Ч.Айтматовду эскерип атышат. Ал ушул күндөрү 80 жашка чыкмак эле. Биз да бул жакта жазуучубузду эскердик. Ч.Айтматов менин эң жакшы көргөн жазуучум. Кичинемден анын чыгармаларын окуп өстүм. “Жамиля”, “Биринчи мугалим”, “Кызыл жоолук жалжалым”, “Бетме-бет” сыяктуу чыгармаларын кайра-кайра окугам. Анын “Кызыл жоолук жалжалым” чыгармасын абдан жакшы көрөм.

Макелек. Кытайдан: - Кылымдан бери кыргыздын асманынан эки кут түшкөн: бири - "Манас", дагы бирөө - Чыңгыз Айтматов. Кечөө ошол куттун бирөө түшкөн күн. "Кут" деген байыркы тилибизде "жан" болгон, ал "жан" рухубуз. Чыңгыз ошол "Манастын" уландысы. "Манас" адамзаттын ойчулдугуна "намыстуулук" менен "айкөлдүктү" берсе, Чыңгыз инсанаттын "маңкурттук оорусун" тапты. А биз болсо Манас жана Чыңгыз менен ал ооруну айыктырууга болот деген рухта жашай беребиз. Чыңгыздын узак өмүрү эми башталды. Туулган күнү кут болсун!

Мамбеттурду. Кытай эл республикасынын Үрүмчү калаасынан: -Жалпы Кытай кыргыздары Айтматовдун туулган күнүн түрдүү жолдор менен эскерүүдө. Мына бүгүн Үрүмчүдөгү студенттер бир жерде баш кошуп, улуу жазуучуга урмат билдирип жатат. Андан мурун "Шинжаң кыргыз адабияты" бир санын Айтматовго арнады. Анда "Айтматов жана кытай адабияты" аттуу макалалар, эскерүүлөр жарык көргөн болсо, Уйгур тилинде чыга турган "Дүйнө адабияты" журналынын ушул жылдык 4-санында Уйгур, Кыргыз, казак изилдөөчүлөрдүн "Биздин Айтматов", "Айтатов жана уйгур адабияты" аттуу макалалар, улуу жазуучунун сүрөттөрү берилди. Аталган журналды биз Айтматов клубунун башчысы, профессор Абдылдажан Акматалиевге жибердик. Улуу жазуучунун көзү өткөнү менен, анын руху биздин, жалпы кыргыз элинин жүрөгүндө түбөлүк жашай берет!!!

Электр жарыгы көйгөйү

Ош шаарына караштуу Манас-Ата кичи районундагы көп кабаттуу 9 жатакананын 5 миңге жакын жашоочусу бир аптадан бери электр жарыгысыз отурушат. Алар “Эл үнүнө” кайрылышып, бийлик мурунку жашоочулардын карыздарын моюндарына илип жатышканын, жарык күйгүзүлүшүн талап кылышты.

Айнура: - Карызыңар бар, төлөгүлө деп атат. Ал миллиондогон карыздарды ким төлөйт? Эч ким төлөй албайт аларды. Бизге эсептегич аппарат коюп беришпейби андай болсо. Баарыбызга жалпы эсептегич болгондуктан ушундай болуп атат. Мисалы, бир айга бир жатакана 15 миң сомго чейин төгүп атабыз. Ал акчалар кайда кетип атат? Мен өзүм бул жатаканада турганыма бир жыл боло элек. Анан мурда жашаган бирөөнүн карызын төлөбөйм да. Эсептегичи жоктордон пайдаланып, ушунчалык жеп атышат булар.

Кенжегүл: - Жарык өчтү. Караңгыда отуруп калдык ушинтип. Жаш балдарыбыз үшүп, тоңуп атышат. Азыр баары жөтөлүп атышат. Эптеп эшикке от жагып тамак жасап жан багып атабыз.

Ош шаарынын Манас-Ата кичи районундагы 9 жатакананын тургундарынын талабына шаардын вице-мэри Мухиддин Мамасадыков мындайча жооп берди: - Электр энергиясы товар болуп саналат. Муну эл жакшы түшүнбөй жатпайбы. Ошол себептүү Манас-Ата кичи районундагы карызы көп 20 үй-бүлөлүк жатакананын тогузунун жарыгын өчүрүүгө мажбур болдук. Алардын мамлекетке бересеси 13 миллион сомдон ашып кетти. Бул көрсөткүч жыл өткөн сайын көбөйүүдө. Ошончо акчадан кутулуу кыйын дейли. Бирок алар азыр пайдаланган электр жарыгы үчүн да төлөбөй мукуратып атышат. Ушинтип көгөрө беришсе жарыгын жандырбайбыз.

Сөз эркиндиги тууралуу

“Эл үнүнө” Кыргызстандагы сөз эркиндигинин абалы тууралуу да ой-пикирлерин билдирген угармандарыбыз болду.

Кенжекан Сатыбалдиева, Нарын шаар тургуну: - Биз Кыргызстаныбызды көз карандысыз, демократиялуу мамлекет деп эсептейбиз. Бирок жакында эле “Азаттык”, “Би-би-си” радиолорунун обого чыкпай калышы менен, андан мурда гезиттердин жабылышынан улам, өлкөбүз айтылып аткандай демократиялык эмес экендигин көрүп атабыз. Бул эмнени билдирип турат? Бул – бийликке бардыгы көз каранды экендигин, акыйкатты, чындыкты айткан радиолор, гезиттер куугунтукталып атканын билдирип турат.

Асыл Жаманова: - Мен соңку күндөрү “Азаттык” радиосунун обого чыкпай калганын түшүнүп турам. Муну бийлик “өз каталарыбыз, оппоненттерибиздин үнү элге жетпесин” деп эле жаптырып атышат. Мына, УТРКнын башчысы Мелис Эшимканов оппозицияда эле жүрбөдү беле. Ошондо бийликтин кемчиликтерин бетине эле айтып атпады беле. Азыр болсо ал киши эмне болду? Көрүп атасыңар.